Бизде бир жарым жылдын ичинде эбегейсиз инфляция болду, муну баары эле түшүнүп турат. Калктын жашоо деңгээли аябай эле төмөндөп кетти. Себеби биз көптөгөн азык -түлүктөрдү чет өлкөлөрдөн сатып алабыз. Ал эми доллардын курсу болсо Кыргыз Өкмөтүнө баш ийбеген жагдайлардан улам өсүп кетти. Мындан улам, бизде катталган 715 миң пенсионерге колдоо көрсөтүү социалдык саясаттын маанилүү элементине айланды. Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Президент бул көйгөйдү - Өкмөт биздин пенсионерлер жашоо минимумунан төмөн каражат алышаарын түшүнгөнү абдан маанилүү экенин ачык айтты. Ооба, акча каражаты дайыма эле жетишпейт. Дал ушул жерде саясий эрк көрсөтүлүп, келерки жылы пенсияларды индексациялоого же жогорулатуу үчүн 815 миллион сомдон ашык акча каралмакчы. Муну дагы чечмелей турган болсок, 4700 сом алгандарга 200 сомдон кем болбогон, ал эми андан көбүрөөк алгандарга болсо 500 сом кошумча берилет.

Албетте, бул калктын жашоо деңгээлин аябай жогорулатып жибербейт. Бирок бул кошумча жардам региондордо бир нече килограмм унга, бир нече нанга тете. Бул эми негизинен мамлекет көрсөтө турган жардамдын бири. Бирок бул жерде Президенттин мындай каражатты табууга болгон каалоосун, эркин так көрүүгө болот. Анын үстүнө, өткөн жылдын аягында республикалык бюджет финансылык жактан кыйроо алдында тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Чындыгында эле бюджетте акча жок болчу. Жылдын орто ченинде гана абалды оңдоого мүмкүн болду, жылдын тогузунчу айында республикалык бюджет үчүн бир топ каражат табылды. Ошентип пенсионерлер аздыр-көптүр колдоого алынып отурат. Менимче, бул реалдуу түрдөгү маанилүү кадам.

Экинчиси – бул биздеги социалдык төлөмдөр. Өлкө дө 106 миң жаран социалдык жөлөкпул алат. Чындыгында анын көлөмү көп жылдан бери көтөрүлө элек. Азыр анын өлчөмү 2 миң сомдон башталат. ВИЧке чалдыккан балдарга жана ДЦП илдети бар балдар 4 миң сомдон берилет. Майып балдар дагы 4000 сомдон алышат. Бул эми бир жагынан алганда абдан эле аз каражат экени түшүнүктүү. 2010-жылдан бери бир гана жолу индексация болуптур. Аталган балдар - олуттуу түрдө дарыланууга муктаж болгон социалдык аялуу топ. Эми алардын жөлөкпулдары 50%га, кийинки жылдан баштап 100%га көтөрүлүп, жакшы болду. Ооба, бул үчүн миллиарддаган сом талап кылынат. Мындай балдарды баккандардын жөлөк пулдарын эске алуу менен жыл сайын жалпысынан алганда 4,5 миллиард сомдун тегерегинде каражат талап кылынат. Бул дагы түздөн-түз республикалык бюджеттен кетүүчү олуттуу каражат.

Бул жерде эч кандай саясий мотив жок экени түшүнүктүү. Себеби бул адамдар добуш беришпейт. Чынын айтсам, алар митингдерге чыгышат, бул калктын корголбогон катмары да. Аларга болгону мамлекеттин олуттуу колдоосу эле керек. Эми алар 4-8 миң ала баштаса, абдан жакшы болот. Жок дегенде тамак-ашына жетет, ата-энелери аларды багып же кандайдыр бир дары-дармегине, дарылануусуна жеткире алышат. Муну эми олуттуу тарыхый кадам деп деле айтууга болбойт, бирок бул олуттуу көбөйтүү, маанилүү кадам. Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу жасалган олуттуу кадам деп эсептесе болот.