- Кыргызстан суунун башында жайгашкан өлкө болуп туруп энергетикалык кризиске учуроосунун себеби эмнеде?

 – 2017-жылы суунун көлөмү жетиштүү деңгээлде эле болчу. Токтогул суу сактагычынын өзүнүн көп жылдык иштетүү регламенти бар. Мезгил кургакчыл болобу, жаанчыл болобу, эгерде регламент менен туура иштетсе, анда суунун көлөмү өзүбүздөн ашып, экспортко чыгарууга да жетмек. Туура эмес эксплуатация кылышкандан бул маселе келип чыкты. Бул өткөн жылы эле чыга калган көйгөй эмес,  көп жылдык катанын жыйынтыгы.

90-жылдардын аягында электр энергияны приватташтыруу деген программага өтүп алып, натыйжада, ал башаламан башкаруу системасына алып келди. Энергетика жаатын жети  компанияга бөлүп жиберип, башына «Улуттук энергохолдингди» коюп, тариф менен лицензия берчү агенттикти бекитип салышты. Алар суунун көлөмүнө жооп беришпейт. Алардын суу менен иши да жок, тарифти белгилешет, ортомчу компанияларга, майнинг-фирмаларга лицензия беришет. Натыйжада, керектөөчүлөр көбөйүп, электрэнергия көп кете баштады. Анысы аз келгенсип, 2017-2018-жылы Өзбекстанга арзан баада 1 сом 60 тыйындан электр энергиясын аябай көп сатып жиберишкен. Ошондо 3 сомдон ашык баада сатыш керек болчу, болбосо Каржы министрлигинен насыя ала коюп, кышка даярдык көрүш керек эле. Система башаламан болуп, жоопкерчилик деги болгон эмес. Регламентти эч ким карабаган. Лицензиялар туш келди берилип, керектөө көбөйгөндө ГЭСке күч келген.

Ошондо, суунун азайышынын себеби климаттын өзгөрүшүндө эмеспи?

– Кубаттуулуктун формуласы бар, ал суунун бийиктигинен көз каранды. Суу ылдый болсо кубаттуулук да аз болот. Алар регламентти карабай иштей беришип, суунун көлөмүн түшүрүп алышкан. Азыр болсо керектөөнү жабабыз деп аны болушунча иштетип жатышат. Бул жерде кургакчылыктын эч кандай тиешеси жок.

Суунун көлөмүн түшүрүп жиберүү – бул мамлекеттин коопсуздугуна тиешелүү маселе. Эмне үчүн 1 сом 60 тыйындан экспорттодук? Ким лицензияларды берди? Ушунун баарын көзөмөлдөш керек болчу. Бул коммерциялык жумуш эмес, мамлекеттин улуттук коопсуздугуна түздөн түз тиешеси бар маселе. 30 жылдан бери система ылдый жактан башкарылып калган.  27-августта энергетика боюнча Коопсуздук кеңеши болот деп жатышат. Коопсуздук кеңешинин секретариаты кайра эле энергетикага кайрылышат. Коопсуздук кеңешин октябрда өткөрүш керек, анткени, 1-октябрда кышка даярдык башталат, ошондо суунун көлөмү билинет.

– Кыш мезгилине чейин абалды оңдоп кетүү мүмкүнбү?

– Суунун көлөмүн 2017-жылдан баштап түшүрүшкөн. Азыр кубаттуулукту чыгаруу үчүн көп суу кетип жатат. Мурда 1 кВт/с 1 куб кетсе, учурда ал көрсөткүч 3-3.5 кубга жетти. Бишкек электр станциясынын кубаттуулугун көтөрүү зарыл. Коңшу өлкөлөр менен кол коюлган электр энергиясынын көлөмүн алыш керек да сууну толтуруу керек. Токтогул ГЭСиндеги сууну толтуруш үчүн электр энергиясын карыз алууга мажбурбуз. Эгерде «өлүк көлөмгө» түшүп кетсе, анда станциянын ишин токтотууга туура келет, антпесе авария болот.