Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун жумушчу көмүскө экономикада иштеген, бул дүйнөдөгү бардык жумушчулардын 62 пайызын түзөт. Кирешеси төмөн өлкөлөрдө расмий эмес жумушка орношуу  калкты  жумуш менен камсыздоонун 90 пайызын, орто кирешелүү өлкөлөрдө – 67 пайыз жана кирешеси жогору өлкөлөрдө – 18 пайызды түзөт. Мындай маалыматты Эл аралык Эмгек Уюму таратты.

Кыргызстанга да бул көйгөй бейтааныш эмес, көмүскө экономиканын кесепети далай ирет айтылып жана жазылып келатканы менен бейформал иштеген ишканалардын катары азайган жок. Аны кантип жоюу керек? Ушул суроонун тегерегинде тийиштүү кызматтар баш катыраары анык. Эл аралык Эмгек уюму Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн көмүскөдөгү экономиканы жүзөгө чыгаруунун ыкмасы боюнча сурамжылоо жүргүзүп, атайын иликтөөсүн даярдаган. Мына, ошол иликтөөдөн Кыргызстан колдоно алчу программаларды карап чыктык.

Анда айтылгандай, формалдуу эмес экономикада иштеген ишканалардын санын кыскартууга  түз жана кыйыр таасир этүүчү ыкмалар бар.  Анын бирин кесе тандоонун кажети жок, анткени  түз жана кыйыр саясаттын бири жакшы, бири жаман эмес, экөөн тең колдонуу натыйжалуу болоору анык.

Мисалы, өкмөт макроэкономикалык жана социалдык чөйрөдөгү формалдуу эмес экономиканын таралышына салык кызматтары, эмгек инспекциялары сыяктуу органдар аркылуу мамлекеттик деңгээлде таасир эте алат. Мындан тышкары, элге формалдуулуктун артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ошол эле учурда жаңы ачылган ишканалардын жетекчилерине  жумушчуларга жана кардарларга жеңилдетилген мунапыс жана салык чегерүүлөрдү киргизүү менен формалдуу экономикада иштөөгө стимул берүү зарыл. Эрежелерди сактабагандарга санкция киргизип, көмүскө экономикада иштегендердин табуу боюнча иштер жүргүзүлүшү кажет.

Көптөгөн өлкөлөр формалдуу эмес экономика менен күрөшүп жатып, кайра өздөрү жабыркап  калышат. Анын бир себеби - «колго түшкөндөрдү» катуу жазалоо. Мындай ыкма экономиканы көмүскөдөн алып чыгууга түрткү болбойт, жашыруун иштеген ишкананын ишмердүүлүгүн убактылуу токтошуна өбөлгө гана болот.

Мисалы, Греция формалдуу эмес экономиканы көмүскөдөн чыгаруу  үчүн жазалоо системасын иштеп чыккан. Ага ылайык, жумуш берүүчү ар бир «көмүскө» кызматкер үчүн 10.5 миң евро өлчөмундө айып пул төлөп калган. Эгерде иш берүүчү мындай кызматкерди 10 күндүн ичинде расмий кызматкер катары жалдаса, анда айыптын өлчөмү төмөндөйт. Ал үчүн эгерде кызматкерди 3 айга жумушка алса – 7 миң евро, 6 айга жумушка алса – 5 миң евро, 2 айга жумушка алса – 3 миң евро.

 Жыйынтыгы кандай болду деп ойлойсуз? Бул мыйзам кабыл алынганга чейин аныкталган көмүскө жумушчулардын 32 пайызы гана формалуу жумушчуларга айланышкан. Башкача айтканда жумуш берүүчүлөр аларды расмий каттоого алышкан. Бирок үчтөн экиси жарым ставка, үчтөн бири гана толук ставкада иштээри көрсөтүлгөн.

Ал эми мыйзам кабыл алынгандан кийин аныкталган формалуу эмес жумушчулардын 45 пайызы кийинки алты айдын ичинде расмий ишке алынган. Белгилей кетүүчү нерсе, Греция бийлиги мындай айып салууну бир гана көмүскө иштеген  бизнести жазалоо үчүн эмес, жарандардын эмгегин формалдуулукка айлантуу үчүн да киргизген.

Саясий чектөө көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн азайтышы мүмкүн, бирок аны формалдаштырып, кирешелүү кылуу үчүн башка дагы кубаттоочу ыкмаларды колдонуу зарыл. Бизнестин мамлекетке болгон ишенимин бекемдөө жана расмий эмес экономикага мамилени өзгөртүү демилгелери колго алынышы шарт.

 Ошондой эле, Эл аралык Эмгек уюму көмүскө экономикага бөгөт коюу чараларынын бири катары өкмөттү модернизациялоону, башкача айтканда кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимин арттырып, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууну сунуштайт. Аны менен катар коррупцияны азайтуу менен да жакшы жыйынтыкка жетүүгө болоорун белгилейт.

Андан сырткары киши башына ИДПнын өсүшү да бейформал жумушчулардын катарынын суюлушуна алып келет. Узак жана дени сак жашоо, маалыматтуулуктун жогорку деңгээли, социалдык прогрессте адамдын негизги муктаждыктары, укуктар жана билим берүү сыяктуу аспектилерин жакшыртуу, салык ставкаларын жогорулатуу (азайтуу эмес), мамлекеттик чыгымдардын жана өзгөчө социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнө каражатты бөлүүнү көбөйтүү жана жакырчылыктын деңгээлин масштабын азайтуу да жакшы жыйынтыктарын берет.