Бишкек-Ош жолундагы Сосновка жана Кара-Кѳл постторунан ѳткѳн ар бир айдоочудан 45 сомдон алына тургандыгы баарыбызга маалым. Андан чогулган каражат Тѳѳ-Ашуудагы  туннелди ремонттоп турууга максаттуу түрдѳ жумшалып, башка максаттарга сарпталбашы зарыл.

Мына ушул посттордон быйылкы жылдын 20-августуна карата 69 млн. сом жыйналыптыр. Муну Транспорт министрлигинен билдиришти. Ошондой эле министрлик тѳлѳмдү Бишкек-Ош жолунун дирекциясы жыйнай турганын маалымдады.

Бизди кызыктырганы, жыйналган сумма эмнеге аз? Мындай суроо коюп атканыбыздын жѳнү бар. Аталган посттордон жыйналган сумма тээ Бакиевдин кезинде жылына 100 млн. сомдон ашчу. Андан бери авто унаалардын, Бишкек-Ош авто унаа жолунда каттагандардан саны кыйла кѳбѳйдү. Бирок тѳлѳмдѳрдүн суммасы ѳзгѳргѳнү байкалбайт. Бул эмнеден кабар берет? Жыйналган акчалардын баары республикалык бюджетке которулбай, оң, сол капчыктарга түшүп жаткан жокпу? Минтип ойлоого да толук негиз бар. Ушул жылдын жазында ѳкмѳт башчы У.Марипов айттырбай Сосновка постун текшерүү үчүн  барганда, ѳткѳрүлгѳн авто унаалардын баары журналга катталбай тургандыгы анык болгон. Кѳрүнүп тургандай, мында коррупциялык чоң маселе бар. Аталган посттордон жыйналган тѳлѳм акчалар кимдир бирѳѳлѳрдүн капчыктарын кампайтып, ѳлкѳ бюджетине зыян келтирүүдѳ. УКМК баштаган атайын органдар аталган посттордун ишмердиктерин жакшылап текшерүүгѳ алып койсо, ашыкча болмок эмес.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити