Муну президент Садыр Жапаров айтты. Евразия экономикалык биримдигинин ѳкмѳт башчылары менен болгон жолугушууда ѳлкѳ башчысы: “Биз пандемияга чейинки экономикалык абалга 2023-жылы жетүүнү пландап атабыз”,- деди.
Президенттин айтымында, 2021-жылы ИДПнын реалдуу ѳсүшү 3,8 %ды түзүп, ѳсүш экономикалык активдүүлүккѳ жараша болуп жүрүп олтурат. Ал эми 2022-2023-жылдары ИДПнын ѳсүүсү 4,4 %дын тегерегинде болушу күтүлѳт.
Ѳлкѳ башчы белгилегендей, ошондой эле коронавирус менен ооругандардын саны азайып, саясий стабилдүүлүк камсыз кылынуу менен бирге тышкы соода алакадагы абал да жакшырышы керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити