Салыктардын жыйналуусу жаман эмес, план ашыгы менен аткарылууда. 2021-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен 55,5 млрд. салык чогултулганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

План 2 млрд. 832,4 млн. сомго кѳп жыйналды. Ѳткѳн жылга салыштырганда салыктарды жыйноо 15 млрд. 94,6 млн.  сомго, же 37,3 %га ѳскѳн. Ѳлкѳнүн бюджетине 44 млрд. 819,2 млн. сом салыктык жыйнамдар  түшүрүлсѳ, жергиликтүү бюджеттерге – 10 млрд. 727,6 млн. сом түшүрүлгѳн.

Булак: “Майдан. kg” гезити