Министрлер кабинети сунуштап жаткан токтом долбоорунда суммасы 4785 сомго жетпеген пенсияга 200 сом, ал эми 4785 сомдон көп пенсияга 500 сом өлчөмүндө кошулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Кыргызстанда пенсиянын орточо суммасы 6248 сом, ал эми орточо айлык акы 18 940 сом.

Жашоо минимумунун өлчөмү былтыр 4785 сом деп эсептелген.

Социалдык фонддун эсебине ылайык, Кыргызстандагы пенсионерлердин 48% же 343 миң 800 пенсионердин ай сайын алган акчасы жашоо минимумунан төмөн. Өлкөдө 715,5 пенсионер бар.

Элгезит