ЕАЭБдин курамындагы ѳлкѳлѳрдѳгү расмий түрдѳ катталган жумушсуздардын саны 2021-жылдын июнь айынын аягына карата 1,6 млн. адамды түздү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия таратты.

Жумушсуздар жалпы жумушчу күчүнүн 1,7 %ын түзгѳн. Ѳткѳн жылы бул кѳрсѳткүч 3,4 %ы түзгѳн эле. Кыргызстанда кѳрсѳткүч азыраак жогорулаган. 2020-жылдын июнь айынын жыйынтыгы менен 78,6 миң адам жумушсуз деп катталган. Бул жылы кѳрсѳткүч 80,5 миң адамга жеткен. Тилекке каршы, бул ЕАЭБдеги эң жогорку кѳрсѳткүч болуп эсептелет. Кѳрүнүп тургандай, ѳлкѳбүздѳ жумушсуздардын саны кѳбѳйүүдѳ. Кыргыз ѳкмѳтү кѳрсѳткүч мындан да начарлабоосу үчүн тийешелүү, чукул чараларды кѳрүүсү керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити