2021-жылдын июнь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын банк системаларындагы мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен насыялардын суммасы 4 млрд. 686,9 млн. сомду түздү. Мындай маалыматты ѳлкѳнүн Улуттук Банкы билдирди.

Жылдын башы менен кѳрсѳткүч 871,2 млн. сомго кѳтѳрүлсѳ, 2020-жылдын июнь айына салыштырганда 714 млн. сомго, же 18 %га кѳптүк кылат. Ѳлкѳдѳгү коммерциялык банктардын жалпы насыя портфелинин кѳлѳмү 173,5 млрд. сомду түзѳт.

Кѳрүнүп тургандай, коммерциялык банктардын насыялык тѳлѳмдѳрүн жүргүзүүдѳ  кечиктирүүлѳр болуп атат. Анын себептери эмнеде экени боюнча Улуттук Банк  так  маалымат берген жок.

Маалымат үчүн айта кетсек, Улуттук Банктын классификациясы боюнча мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен насыялар деп 30 күндѳн ашык убакыттан бери тѳлѳмдѳрү жүргүзүлбѳй жаткан насыялар эсептелет.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити