15-июлда КР Министрлер кабинети демилгелеген “Кыргызстандын 2021-2025-жылга карата орто мөөнөттүү тариф саясаты жөнүндө” долбооруна коомдук талкуу аяктады. 14-июлда энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев  “Азаттыкка” берген маегинде 13-июлда президент Садыр Жапаровго жолугуп, жаңы тариф саясатын талкуулашканын билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы электр энергияга болгон учурдагы тарифти – 1 кВт саатка 77 тыйын, айына керектөө 700 кВттан ашкан учурда 2 сом 16 тыйынды калтырууну сунуштаган. Тоолуу жана алыскы аймактардын тургундары болсо баштагыдай 1 кВт саат электр энергиясы үчүн 77 тыйындан төлөй беришет, аларга 700 кВт сааттык чек болбойт. Министр президенттин чечимине толук макул болгонун жана колдоого алганын белгиледи.

Энергетика жааты боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиевдин пикиринде, бул мамлекет башчысы үчүн оңойго турган жок.

“Мамлекеттин жетекчилеринин алдында саясий, каржылык жана социалдык орчундуу маселелер турат. Бул “жогорулатуу мүмкүн эмес арзандатуу” деген сөздөрдүн кайсы жерине үтүр коюлат деп баш катыргандай эле кеп. Албетте, президент учурда өлкөдө орун алган оор каржылык-социалдык кырдаалды кылдат иликтеди жана туура баа берди. Санитардык-эпидемиологиялык абал да кескин начарлады, коронавирус инфекциясын жуктургандар көбөйдү, элди эмдөөдөн өткөрүү маселе жаратууда, энергетикалык кризистин айынан тиричилик жана өндүрүш керектөөчүлөрдү кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү азайды, биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөргө, күйүүчү майга, малга тоютка болгон баа көтөрүлдү. Мындай учурда электр жана жылуулук энергиясына тарифти көтөрүү үчүн алгач пенсия-жөлөкпулдарга индексация жүргүзүп, жумушчулардын жана кызматкерлердин айлык акысын жылдык инфляциянын эсебинде көбөйтүү керек эле. Ошондуктан, ансыз да эл туш тарабынан кыйынчылыкка батып турган маалда тарифтик саясатты туруктуу бойдон калтыруу эң туура чечим болду”, - деди Умбеталиев.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги  иштеп чыккан “2021-2025-жылдарга электр энергиясынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясаты” долбоорунда алгач  калк үчүн бааны ушул жылы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан 109,5 тыйынга чейин көтөрүү каралган. Бирок президенттин чечиминен кийин ага өзгөртүү киргизилди. Ошондо калк үчүн:

1. Тариф 1 кВт саатка 0,77 сом бойдон калат. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөө үчүн 2,16 сомду түзөт.

2. Бийик тоолордо жана алыскы аймактарда жашаган тургундар үчүн электр энергиясын колдонуу ченеми белгиленбейт. Турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнүн ушул категориясы үчүн тариф жыл аягына чейин 0,77 сомду түзөт.

Насостук станциялар үчүн:  Калкты ичүүчү суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылган, ошондой эле канализация тутумунун муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу насостук станциялар үчүн электр энергиясына тарифи - 1,09 сом  (салыктарды эске албаганда) белгилөө сунушталды.

Электр транспорту, интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер, ошондой эле диний уюмдар үчүн 1,68 сом  тарифти белгилөө сунушталууда (салыктарды эске албаганда).

Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн 2,52 сом (салыктарды эсепке албаганда) деп белгилөө сунушталууда. Майнинг субъектилери (криптовалюта), алтын казуучу ишканалар, темирди электротермикалык иштетүү үчүн куюучу жана эритүүчү цехтер жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү ишканалар үчүн 5,04 сомду (салыктарды эсепке албаганда) түзөт.

Цемент заводдору үчүн: Цемент продукциясын өндүрүү боюнча өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын тарифи 3,28 сомду түзөт (салыктарды эсепке албаганда).

Энергетика министри коомдук талкуудан кийин жана министрликтер, мекемелер менен макулдашуудан кийин Министрлер кабинети токтом чыгарганын, ал ушул жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирээрин айтты.

Расул Умбеталиевдин айтымында, тарифти көбөйтүүдөгү башкы максат энергетикалык ишканалардын кирешесине айлантууга кошумча каражат табуу болгон. Бирок эксперт тарифтерди көбөйтүү менен кирешени жогорулатуу мүмкүн эместигин белгиледи.

“Бааны көтөрө салып эле энергокомпанияларды чыгашага гана иштеген акыбалдан чыгарып кетебиз деп ойлобош керек. Тарифтердин милдеттүү прогрессивдүү шкаласына өтүү зарыл. Анда калк үчүн электрэнергияны өтө көп колдонгондо ага жараша бааны да өзгөртүп туруу кажет. Мисалы, бир айдагы керектөөдөгү  700 кВт саат  үчүн 1 кВт саатка 77 тыйын, 700 кВт сааттан ашканда 2 сом 16 тыйын,  2 миңден 5 миң кВт саатка чейин 3 сом, 5 миң кВт сааттан 10 миң кВт саатка чейин 5 сом, ал эми 10 кВт сааттан ашса 10 сом. Алтын өндүргөн компанияларга жогорулатылган 5,0 коэффициентин, майнинг компанияларга 7,0 коэффициентин, ичимдик чыгарган заводдорго 3,0 коэффициентин кошуу кажет.  Мына ушундай тариф саясатында энергокомпаниялар жыл сайын кошумча 7 миллиард сомдон ашуун киреше алып турушат. Ал каражаттар чет өлкөлүк насыяларды жапканга жумшалмак жана мамлекеттин казынасына жеңилдик болуп, энергокомпаниялар кризистик акыбалдан чыгышат болчу”, - деди көз карандысыз эксперт.

Электр энергияга тариф келечекте кандай өзгөрөөрү убакыттын иши, бирок ушундай учурда баштагы баанын сакталышы калк үчүн жакшы кабар болду.