"Кыргызнефтегаз" Ачык акционердик коому 2021-жылдын жарым жылдыгында же тагыраагы 6 айынын жыйынтыгында 950 миллион сомдук баланстык киреше топтой алды. Бул эмнени айтат? Бул деген  өткөн жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу 3 эсе көп киреше алынды дегенди билдирет.  Айтылып жаткан киреше сумма курулай же болжолдуу маалымат эмес. Такталган, расмий отчет.

Арийне, учурунда өлкөнүн өнүгүшү үчүн жан үрөгөндөрдү жаман аттуу кылыш үчүн айрымдар бул тармакты да жалган маалыматтарга шөкөттөп чыгышпады беле. Эсиӊиздерде болсо, "Кыргызнефтегаз" Ачык акционердик коомун Ташиевдин баласы Таймурас ээлеп алып, болгонун сол чөнтөккө солоп жатат", "басып алышты", "талкалап жатышат"-деген далилсиз, жүйөөсүз божомол-дөдөмөлдөрдү коомчулукка тараткандар болгон. Бирок чындык деген ушинтип көзгө сайып көргөзүп коет. Эч ким басып албай эле, эч ким кийлигишпей эле 1 миллиард сомго жакын каражатты киреше катары алып чыгып коюшту го. Иштесе болот экен да.

Демек, курулай кептерге, ушактарга, жалган каралоолорго эмес, фактыларга ишенели, далилдерге таяналы....