- Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин жаңы варианты чыгарылды. Анда ишкерлер чөйрөсүнө оң таасирин тийгизе турган нормалар барбы?

- Жаңы редакциясын кайтаруу керек деп ойлойм. Бизде ишкерлер тергөө аракеттерине жана башка мыйзам бузууларга көп даттанышат. Бирок бизнес мамлекеттен колдоону сезе элек. Ал эми жаңы Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекс боюнча Башкы прокуратура даттанууларды карап, чечүүнүн ордуна, аны башкарууну колго алганын көрдүк. Жаңы кодексти иштеп чыгуу зарылчылдыгы жок болчу. Президенттин жарлыктарында бул нерсе болбогон. Конституцияга бир катар тийиштүү жагдайларды кошумчалаш керек эле, бирок жаңы Кылмыш -процессуалдык кодексти түзүү зарыл эмес болчу. Азыр ага ылайык убак эмес.

Бизнес өзгөртүүлөргө реакция кылууга жетишпей калып жатат. Азыр мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынат. Эми эмне болоорун элестетип көрүңүздөр? Үч айда жаңы Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексин иштеп чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу керек. Андай болушу мүмкүн эмес да. Шашылганды коюп, баарыбыз чогуу талкуулап, керектүү өзгөртүүлөрдү киргизсек жакшы болбойт беле.

- Кыргызстандагы ишкерчиликтин жалпы картинасын кандай сүрөттөйсүз? Эмнеге чакан жана ири ишкерчилик гана өнүгүүдө?

- Биздин өлкөдө контрабанда жана контрафакт менен алектенбей, чынчыл ишкер болуунун өзү пайдасыз. Мындай ишкерлерге дайыма ар кандай текшерүүлөр келип турат. Кайсы бир иш үчүн көп уруксат кагаздарын жана макулдуктарды алууга туура келет. Алар бардык мамлекеттик кызматтардын лупасынын алдында турушат. Ошол эле убакта формалдуу эмес иштеген ишкерлерге мындай чекеге чыккан чыйкандай болгон текшерүүлөр болбойт.

Тилекке каршы, Кыргызстанда ишкерлерде өсүүгө стимул жок. Себеби дагы жогоруда айтылгандар эле. Чакан, өз алдынча иштеген, жеке ишкер патент системасы менен иштеп жатканда ага көңүл буруу да азыраак болот. Ишкер качан өсүп баштаганда, талаптар да ошончолук көбөйөт. Компания мындай чөйрөдө жашап кете албай калат. 

Ошондуктан, бизде өз алдынча алектенген, жеке ишкерлердин калың катмары бар. Ири компаниялардын да катмары бар. Ал эми орто катмардагы ишкерчилик дээрлик жок. Орто компаниялар калктын санына карата Европага салыштырмалуу 50 эсе аз. Муну өзгөртүү керек. А ал үчүн саясий эрктин болушу кажет.

- Коррупцияга каршы күрөштүн ишкерчилик коомчулугуна канчалык таасири тийди деп ойлойсуз? Терс таасиринен сактоо үчүн кандай чараларды көрүү керек дейсиз?

 - Учурда бизнестин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуучу жана анын укугун бузуучу ар кандай жагдайларды чектөө зарыл. Мисалы, жазгыга салыштырмалуу азыр мыйзамсыз аракеттерге карата ишкерлерден түшкөн арыздар азайды. Бирок бул азырынча кырдаалдын түп-тамырынан өзгөрө баштаганын билдирбейт. Финпол иликтеген иштер Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын аткарган милдеттерин ММКлардагы маалыматтарга караганда башка бөлүм аткарат экен. Кырдаал кайсы жагына өзгөрөөрүн байкаштырыш керек. Биз негизи апрелде Экономика жана каржы министрлигинин жыйынында ишкерлерге карата жаңы сотко чейинки өндүрүш иштерин ачууга толук кандуу мораторий жарыялоону жана учурда жүрүп жаткан иликтөөлөрдү эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге, ички саясий процесстер аяктаганга чейин токтото турууну сунуштаганбыз. Биз экономиканын тоскоолдуксуз иштөөсүнө жок дегенде мүмкүнчүлүк берүү керек деп ойлойбуз. Укук коргоо кызматтарынан башка да калктын ден соолугун жана коопсуздугун толук камсыздай алчу текшерүүчү органдар бар эмеспи.

- Жакында ишкерлер мамлекеттик жактан колдоого алынаарын белгилеген, ишкерчиликти негизсиз текшерүү жана басымдардан коргоого арналган жарлык кабыл алынды. Бул ишкерлердеги ишенимди жаратуудабы?

- Мамлекет бизнеске карата жазалоочу мамиледен жаратуучу мамилеге өтөт деп ишенебиз. Кабыл алынган жарлыкты ишкерлер чөйрөсү кубануу менен кабыл алды, эми анын ишке ашышына үмүт артып турушат. Жарлыкта каралган чаралар бизнести негизсиз текшерүүлөрдөн жана басымдардан максималдуу коргоого алууга багытталган.

Чаралар жетиштүү, конкреттүү, алардын көбүн Эл аралык ишкерлер кеңеши буга чейин өкмөт, ыйгарым укуктуу кызматтар менен талкуулап, бир пикирге келген. Чындыгында кылмыш жана кылмыш-процессуалдык мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек, сотко чейинки өндүрүштү жетиштүү негизсиз баштоону токтотуу кажет, эгер бул жарандык укуктук мамилелерге байланыштуу болсо, анда мунун эч кандай зарылчылдыгы жок. Бул нерсе бизнес кылмыш куугунтугу үчүн колдонулбоого тийиш.

Бизнес коомчулугу мамлекет ишкерлерге карата жаратуучулук мамиле жасай баштаарына үмүт артырууда. Ошондо гана бизнесмендерди, экономиканы колдоо боюнча биргелешкен чараларды көрүп, кырдаалды турукташтырууга ылайыкталган антикризисттик аракеттерди ишке ашырууга болот.

Чындыгында Кыргызстандын каржы жаатындагы, өнөр жайдагы, айыл чарбасындагы, креативдүү экономикадагы, тейлөө көрсөтүү жана туризм тармагындагы потенциалы чоң. Коопсуздукту камсыздоо менен, андан ары экономикалык реформаларды жасап, биз Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүүнө реалдуу кадамдарды таштай алабыз.

- Жакында Жогорку Кеңеште жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу боюнча иликтеген депутаттык комиссия түзүлөөрү айтылды. Бул тоо кен тармагындагы инвесторлор кандай кабыл алышты?

- Кабатырлануу бар. Мында кеп Жалал-Абад облусундагы Vertex Gold Company компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө жана “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугу боюнча иликтөөчү комиссиянын түзүлүшү тууралуу болуп жатат. Тоо кенчилер өздөрүнүн кабатырлануусун премьер-министрге айтышты. Алар мындай демилгелер өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратышаарын, иштин токтоп калышына дейре жеткириши мүмкүндүгүн айтышты.

“Кумтөргө” байланышкан кырдаал республикадагы инвесторлордун көзүнө өлкөдөгү инвестициялык климаттын бир индикатору катары көрүнүүдө. Инвесторлор ошондой эле жаңы шарттарга барууга даяр эмес. Ошондуктан, Эл аралык ишкерлер кеңешине жеткен маалыматтар боюнча, айрым инвесторлор сүйлөшүүлөрдөн өткөндөн кийин ишти токтотуп коюшту.

Кыргызстан чет өлкөлүк компанияларга каршы чыгып жатат деген пикирдин жаралышы жакынкы жылдарда өлкөдөн инвестициянын чыгып кетишин камсыздайт. Бул демек, тоо кен тармагында жаңы ири инвестицияны ишке ашыруу күмөн болуп калат.

Мамлекет инвестицияны жана ишкерлерди колдоого алаарын жарыялаганы менен укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишкерлерге ыксыз кысымдар уланууда, негизсиз текшерүүлөр болууда.

- Салыктын көптүгү да инвесторлорду ойлондурган маселелерге айландыбы?

- Салык жүгү кен иштетүүчүлөргө салмагын барган сайын көбөйтүп жатат. 2020-жылы алтын иштетүүчү ишканалардын кирешесине салык 7 пайызга көбөйтүлдү. Лицензиялардын сакталышы үчүн жыйымдын чендерин жогорулатуу боюнча долбоор каралууда, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын киргизүү талкууланууда. 2020-жылы тоо кен ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык жана салыктык эмес котормолорун 18,2 миллиард сомду түздү.

Тоо-кен тармагы түз чет өлкөлүк инвестициянын жалпы көлөмүнүн 41 пайызын түзөт.

Октябрь окуяларынан кийин айрым аймактарга жакын жайгашкан тоо кен объектилери тоо кен компанияларынын ишмердүүлүгүнүн зыяны тууралуу айтылган такталбаган маалыматтардын чабуулунда калышты. Бул чынчыл компаниялардын репутациясына доо кетирет жана көп жылдык үзүрлүү иштеринин жыйынтыгын жокко чыгарат. Ошондуктан, мамлекеттик органдар аймактарга маалыматтык жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алышы керек.

Кен иштетүүчүлөр мыйзамдагы брюрократиянын айынан белгиленген убакта инвестиция салып жана ишти улантып жетише алышпайт. Маселенин баары ошол мыйзамды аткарууда, ошондой эле мамкызматтардын жетекчилеринин тез-тезден алмашуусунда болуп жатат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити