Россияда жашап, иштеп жүрүшкѳн эмгек мигранттарынын ѳлкѳбүздүн экономикалык-социалдык абалына кошуп жаткан салымы эбегейсиз. Жылына миллиондогон долларларды которуп, бул жактагы жакындарынын түйшүктѳрүн жеңилдетип келишет. Бул ѳңүттѳн алганда, миграция маселесинде Кыргызстандын Россияга кѳз карандылыгы бар. Ошол эле мезгилде мигранттарга Россия ѳкмѳтү да кѳз каранды экендигин унутпайлы. Алсак, учурда Россиянын курулуш тармагына 1,5-2 млн.  жумушчулар жетишпей жатканын Россия ѳкмѳтүнүн вице-премьери Марат Хуснуллин билдирди. Ушуга байланыштуу мигранттардын Россияга кирүү процедураларын жеңилдетүү каралууда.

“Бул маселени тезинен чечпесек болбойт. Жумушчулар катастрофалык деңгээлде жетишпей жатат. Жакынкы айларда курулуш тармагына жумушчуларды сырттан киргизүү процедуралары жеңилдейт”,- деди вице-премьер.

Кѳрүнүп тургандай, мигранттарга ѳлкѳбүздүн экономикасы эле эмес, Россиянын экономикасы да кѳз каранды. Россиянын экономикасын жылдырып аткандар мигранттар экени талашсыз. Мигранттарсыз Россиянын эконономикалык турмушу кыйын абалга кептелет ѳңдүү.

Булак: “Майдан. kg” гезити