- Улуттук Банктын көз карандысыздыгы - бул улуттук экономиканын туруктуулугунун башкы кепилдеги. Өкмөт тарабынан Улуттук Банктын резервдерине кол салуунун кесепети кандай оор боло турганын башкалар түшүнбөсө дагы Акылбек Жапаров жакшы түшүнөт го деп ойлойм. Бул жерде "азыр ала туралы, анан кайра толтуруп койобуз"- дегендей "кыргызчылык" таптакыр жарабайт. Улуттук Банкка тиешелүү маселелер элге салып, кыйкырык-сүрөөн менен чечиле турган маселелер эмес. Улуттук Банктын тегерегинде акыркы күндөрдө таркатылып жаткан өйдө-төмөн маалыматтар өтө кооптуу, утурумдук кызыкчылыктар үчүн бүтүндөй каржы-экономикалык түзүм садага чабылып кетеби деген кооптонуу жаралып жатат...