Бийлик, бери кара!

Тоо-кен тармагы дүйнөлүк экономиканын негизги түркүгү экенин эл аралык эксперттер баса белгилешет. Бул тармакка Кыргызстан дагы басым жасап, көп жылдан бери бир нече тоо-кен өндүрүш компаниялары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Акыркы учурда, “Кумтөр” кенине байланышкан чыр дүйнө коомчулугунда кыргыз жергесинин инвесторлорго жасаган катаал мамилесиндей кабыл алынууда. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстанда мыйзам чегинде иш алып барып, өлкө экономикасына салым кошкон жана анысы мамлекет тарабынан татыктуу бааланган тоо-кен ишканалары бар.

Мыйзам чегинде иш алып барып келе жаткан үлгүлүү инвесторлордон уучубуз куру эмес, мисалы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда жайгашкан “Бозумчак” алтын кенин иштетип жаткан  “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясы. Бул ишкана тоо арасында жайгашып, жумушсуздук желкесинен баскан аймакка үмүт шооласындай болгонун жергиликтүүлөр айтып отурушат. Компания ишке киргенден бери бир нече жүздөгөн тургундар туруктуу иш менен камсыз болушту. Мамлекетке төлөнгөн салык менен катар айыл өкмөтүнүн балансына каражат түшүп, ал акча элдин жашоо-шарттын жакшыртууга жумшалууда. Ушул сыяктуу үлгүлүү инвесторлорго “Кумтөр” менен болгон  чыр көлөкө түшүрбөшү керек.

Кыргызстанда тоо-кен тармагы мезгил-мезгили менен чабуулга учурап турат. Бийликтин алмашышы, саясий акыбалдын туруксуздугу биринчи кезекте кен иштетүүчү компанияларга зыянын тийгизип келди. Аны менен катар өзүбүздүн экономикага. Анткени, өлкөдөгү эң көп салык төлөгөн компаниялар так ошол тоо-кен тармагында иш алып барышат. Аларды ишке киргизүүнүн башкы себеби да ушунда болгон - ошол аймактын инфраструктурасын оңдоо жана жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыздоо. Белгилей кетсек, ар бир тоо-кен ишканалары кайсы аймакта жайгашса, ошол аймактын тургундарын жумушка алуу милдеттендирилгендиктен, жалпы штаттын 70 пайыздайын жергиликтүүлөр түзөт.

Тоо-кен тармагы тууралуу кеп болгондо, коомчулукта түшүнбөстүк менен алардын ишмердүүлүгүнө каршылык көрсөтүп, экологияны талкалоо кызуу жүрүп жаткандай кабыл алышат. Бул көрүнүш “Кумтөргө” байланыштуу болгону менен башка ишканалар дагы алардын кылганын кайталап жатат деп ойлоо туура эмес. Бул жаатка тийиштүү мыйзамда экологияны сактоо, зыян тийгизбөө тууралуу чаралар каралган. Бир топ ишканалар ошол эрежелерди так карманып, жаратылышка терс таасирин тийгизбөөгө аракеттенишет.

Жогоруда айткандай, тоо-кен тармагы бир гана Кыргызстандын эмес, дүйнө экономикасынын башкы булагына айланган учур. Биз бул агымга жакында эле кошулсак, дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрү чейрек кылым илгери эле кен казуу жаатына жол ачуу менен жакшы жашоого жетишсе болоорун түшүнүшкөн. Мисалы, Кытай, Бразилия, Россия жана Индия өлкөлөрү. Аны менен катар бардык өлкөлөрдүн үлүшү, айрыкча Кытайдыкы дүйнөлүк өндүрүштө олуттуу өсүүдө. Булардан сырткары дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөрдө тоо-кен өндүрүшүнүн улуттук экономикадагы ролу өскөн. Ал турмак АКШда да 0,1 пайыздан 0,3 пайызга жогорулады. Россиянын экономикасы деле  тоо-кен тармагынан жетиштүү деңгээлде көз каранды экендиги жашыруун эмес.

Европада тоо-кен тармагынын бир топ ылдыйлаганына карабай, айрым пайдалуу кендерди олуттуу масштабда өндүрүү уланууда. Аларда жез жана темир рудасы жыл сайын 775 миң тоннадан 30 миллион тоннага чейин казылып алынат. Түндүк Европа аймагындагы өлкөлөр жүз жыл аралыгында тоо-кен тармагына таянышкан, а бүгүнкү күндө Европанын тоо-кен тармагына үстөмдүк кылышат.  

Мына ушул көрсөткөчтөрдү эске алганда, дүйнө экономикасынын жүрөгү тоо-кен тармагында экенин боолголоого болот. Кыргызстан да ушул тармакка басым жасоо менен азыркы экономикалык кыйынчылыктан жол табаары шексиз. Бирок коомчулуктагы түшүнбөстүк, инвесторлорго жетиштүү шарттын жоктугу, ар бир саясий окуядан кийин бул жааттагы ишканалардын ишмердүүлүгү убактылуу токтоп калышы тоскоолдук жаратууда. Кээ бирлер эгер кайсы бир компанияда мамлекеттик үлүш болбосо, анда андан өлкө экономикасына пайда келбейт деп жаңылыштык пикирди жаратышат. Бирок, тоо-кен тармагынын салык котормолорун карап көргөндө, казына алардын эсебинен кармалып турганы түшүнүктүү болот. Салык өзүнчө салым, ал эми жергиликтүү калктын жумуш орду менен камсыз болушу, ар бир компаниянын ошол аймактын жашоо-турмушуна, инфраструктурасынын оңолушуна көрсөткөн жардамы да чоң роль ойнойт. Булардын баары бириктирип келгенде жалпы мамлекеттин жүгүн жеңилдетип жатат. Белгилей кетчү нерсе, бизде тоо-кен тармагындагы ишканалар салык жана салык эмес төлөмдөрүнө кирешенин 18 пайызын төлөшөт. А Казакстан менен Монголияда бул көрсөткүч 15 пайыздан ашпайт.

Тоо-кен тармагындагы ишканалардын дээрлик бардыгы инвесторлорго таандык. Бирок таң калыштуусу - биздин коомчулукта инвесторлорго карата терс маанай сиңип калган. Көптөгөн өлкөлөр инвесторлорго артыкчылык берүү менен өнүгүшкөнүн моюнубузга алгыбыз келбейт. Мисалы, өткөн кылымдын 70-80-жылдарында эле экономикасы артта калган, жакырчылык күч алган өлкө катары таанымал Кытай СССРдин жардамына муктаж эле. Кийин, реформатор Дэн Сяопиндин бийликке келиши жана анын инвесторлорго жагымдуу шартты түзүшү менен бул өлкө болуп көрбөгөндөй өнүктү. Азыр экономикасы жагынан Американы кууп жетээрине аз калды. Дэн Сяопин инвесторлор менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чырдашуу жаралса, териштирбей туруп жергиликтүүнү жазалоо мыйзамын  киргизген. Кытайдагы ушундай шарт инвесторлорду өзүнө тартып, сырттан келген инвестиция аркылуу экономика бутуна бек турган, ИДП көбөйгөн. Коңшу Өзбекстан да сырткы инвестицияга басым жасап, инвесторлорду мыйзам чегинде коргоп берди. Анын жыйынтыгына күбө болуп жатабыз, өзбек жергеси көз алдыбызда бизден бир топ алдыга кетип баратат. Биздин шартта дагы так ушундай кадамдарга баруу зарылчылдыгы турат. Эгерде экономиканын өнүгүшүн кааласак, сырттан келип жумушчу орундарын түзүп, казынага салым кошуп жаткан инвесторлорду көздүн карегиндей сактоого туура келет.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан. kg” гезити