Геосаясат

Тажик президенти Эмомали Рахмондун Жеңиш майрамына аралаш Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, аскердик парадга да катышканы - социалдык түйүндөрдө, ЖМКларда бир катар кайчы пикирлерди жаратууда. Айрымдар, өзгөчө Тажикстандын ЖМКлары аны Кыргызстан менен болгон жаңжалында Россиянын президентинин Эмомали Рахмонду колдоосу катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Бирок, Россиянын президентинин маалымат катчысы алдын ала: “жолугушууда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы жаңжал да талкууланат”- деп билдирген менен, В.Путиндин сайтында ал маселе талкуулангандыгы тууралуу айтылбады, Россиянын абройлуу жалпыга маалымдоо каражаттары деле Кремлде эки өлкөнүн жаңжалы талкуулангандыгын билдиришкен жок.

Биздин жекече пикирибизче, реалдуу алганда Россиянын жетекчилигинин Эмомали Рахмон менен чек арадагы жаңжалды талкуулаганга биринчиден, негиз жок. “Ушул чатагыңарды чечип албайсыңарбы?”- деген мааниде сөз козголушу мүмкүн, ал мыйзам ченемдүү, эки адам жолугушса деле амандыктарын сурашат, айрым маселе боюнча кабатырлангандыгын билдиришет, бирок  аны расмий деңгээлде талкуулагандын В.Путинге саясый зарылчылыгы да, реалдуу пайдасы да жок. Андай болсо, аны Кыргызстандын саясый жетекчилиги аны тоотпой, аркасынан кутум маселе чечүү катары кабылдамак. Эгерде ал жерге Кыргызстандын жетекчилиги да барса, анда ал маселе сөзсүз талкууланмак.

Путинди Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы локалдык жаңжалына караганда Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен түндүгүнө талибандын күчтөрүнүн көбүрөөк топтолуп жатканы көбүрөөк тынчсыздандырууда. Эгерде АКШнын президенти Джо Байден өз элине убада кылып жаткандай, АКШ Ооганстандан аскерлерин негизинен чыгарып кетсе, анда талибдер дароо өлкөнү толук ээлеп алышып, Борбордук Азия өлкөлөрүнө жихад жарыялашы толук мүмкүн. Аларда согуштук аябагандай чоң тажрыйба бар, курал-жарактары, аскердик техникалары да жакшы. Бул маселеде аларды Пакистандагы, Ирандагы таасирдүү күчтөр да тымызындан колдошот. Эң негизгиси, Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен бөлүгү тоолуу, алар үчүн көнүккөн аймак. Ал жерлерде аскердик оор техникаларды, аба күчтөрүн  колдонуу кыйын. Ал эми талибдер географиялык шарттары татаал жерлерде партизандык согушка көнүккөндөр. Бул жагдайлардын баардыгы, кокус алар чабуул коюшса, Тажикстан үчүн өз күчү менен аларды майтаруу өтө кыйын болорун көрсөтүп турат. Эгерде талибдер Тажикстанга кирип келишсе, Тажикстан гана эмес, Борбордук  Азиянын калган өлкөлөрүндө, Россияда аларды ичтен колдоочулар да чыгат. Ошондуктан Россиянын жетекчилиги абалды ага жеткирбестен талибдерди өзүнүн куралы, тажиктердин аскерлеринин колу менен чек арадан бери өткөрбөй  жок кылууну көздөөдө. Бул максатта ал Тажикстан менен биргелешкен абадан коргоо системасын түздү, өзүнүн Тажикстандагы аскердик базасын күчтөндүрүп, тажик аскерлерине да курал-жарактардан жардам берүүдө.

Жогорудагыдай коркунуч Өзбекстан үчүн да бар, бирок анын аскерлери даярдыктары, курал жарактары жагынан талибдерден күчтүү. Өзбекстандын өз күчү менен аларды чек арада эле талкалап салганга мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок, ага карабастан Путин Жеңиш майрамына аралаш бул маселени телефон аркылуу Өзбекстандын президенти менен да талкуулады (10-майда бул маселе В.Путин менен Кыргызстандын президенти С.Жапаровдун телефондук сүйлөшүүсүндө дагы талкууга алынды – Ред.). Демек, биз үчүн Эмомали Рахмондун В.Путинге жолуккандыгына өзгөчө шектенүү, сактануу менен караганга реалдуу негиз жок. Кеңири алкактан алганда ал жерде талкууланган маселелер биздин түпкү кызыкчылыктарыбызга да ылайык келет.

Биз үчүн азыр чек араларды тезирээк делимитациялап жана демаркациялап, ал жерлерде күчтүү коргонуу системаларын түзүү, чек араларга чектеш жашагандардын коопсуз жашоо-тиричиликтерин камсыз кылуу маанилүү болууда. Тилекке каршы, бул маселелер аябагандай татаал, Тажикстан менен чек аралардагы маселелерди чечүү дагы бир нече жылга созула тургандай болуп калды. Эгерде бул маселе боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын мүчөлөрү ар эки-үч айда бирден жолугуп коюп, анан калган убактарда борборлордо отура беришсе, чек ара жаңжалдары жакын ортодо чечилбейт. Чек ара маселелерин чечүү көндүм көрүнүшкө айландырылуусу зарыл. Же тийиштүү комиссиялардын мүчөлөрү чек ара маселелери толук чечилгиче чек аралардан кетпестен  күнүгө маңдайлаш отуруп алып, сүйлөшүп, делимитациялоону алга жылдырып  туруулары зарыл. Чек ара маселелери толук бир жаңсыл болгуча, аларга Бишкекке, Дүйшөмбүгө барганга уруксат бербөө керек. Эгерде тийиштүү жетекчилер дайыма чек араларда отурушса, биринчиден, жаңжалдар, кагылышуулар болбойт, экинчиден, алар гастролердук маанайдан арылышып, тезирээк өздөрүнө тагылган милдеттерди бүтүрүүгө аракеттенишет. Антпесе азыркыдай натыйжасыз ритуалдык барып-келмейлер, жолугушмайлар көбөйгөн менен маселе ойдогудай алга жылбайт. Анан мында рационалдуу компромисстерге, уступкаларга баруу да чоң роль ойнойт. Жерден да эл кымбат болорун эстен чыгарбоо зарыл. Тилекке каршы, бизде чек ара маселелерин чечүүдө кээде андай рационалдуулук, мекенчилдик  жетишпей, жарма патриотизм, курулай намыскөйлүк үстөмдүк  кылып  кетип жаткансыйт.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити