(Баткендеги кандуу окуялардын жыйынтыктары  жөнүндө)

Тажикстан жакында Рахмонстан деп аталабы?

Серепчилердин эсептери боюнча 1989-жылдан бери кыргыз-тажик чек арасында отуздан ашык жаңжал болуптур. Чындыгында көз карандысыздыктан берки мезгилде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аралардын бир жеринен жаңжал чыкпаган жыл каттала элек. Жолдон, суудан же жайыттан сөзсүз чатак чыгып келатат. Бирок, суу бөлүштүрүүчү жайдан башталган жаңжал тез эле ондогон адамдардын өмүрлөрүн кыйып, Баткен, Лейлек райондорундагы тажиктер менен чектешкен айылдардын тургундарын экономикалык  жактан да чоң чыгымдарга учуратып, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган куралдуу кагылышууларга айланып кеткендиги Борбордук Азиядагы гана эмес, андан сырт жактардагыларды да ойлондуруп, ар кандай божомолдорду  жаратууда. Чын эле суу бөлүштүрүүчү жайдан  тутанган кагылышуу кокустукпу же кайсыл бир күчтөр тарабынан алдын ала пландаштырылды беле?

Азыр айрым серепчилер, адистер тажик тарап мурдатан эле чек арага жакын жерлерге окопторду, траншеяларды казып, аскердик техникаларын апкелип, атүгүл студенттерге чейин аскердик кызмат өтөөгө чакырып, бир коогалаңга даярданышкандарын айтышууда, жазышууда. Эгерде алардын баары чындык болсо, эмне үчүн биздин тийиштүү түзүмдөр убагында адекваттуу чараларды көрүшкөн эмес?

Тажикстандын борбор калаасынын таанылгыстай өзгөрүп, айрым ири долбоорлорду ишке ашыруусун наркотрафик менен байланыштырышкандар да бар. Жыл сайын Ооганстанда 3-5 миң тонна таза героин өндүрүлсө, алардын 70-80 пайызы Тажикстан аркылуу дүйнөгө таркатылат. Наркозаттар көп жерде уюшкан кылмыштуулук, коррупцияда аябагандай өнүгүп, ал саясатка да өз таасирин тийгизет. Азыр саясый башкаруусу жагынан кошуна республиканы Тажикстан дебей эле Рахмонстан деген туура болот. Анткени, Тажикстан толугу менен Эмомали Рахмондун менчигине айланган. Баласын ачыктан ачык эле өзүнө мураскорлукка даярдоодо, ал азыр спикер, Дүйшөмбүнүн мэри катары факты жүзүндө өлкөдөгү экинчи адам. Тогуз кызынын эң төмөнкүсү министрдин орун басары деңгээлиндеги кызматта, өлкөдөгү ири каражаттар айланган майлуу-сүттүү жерлердин бардыгын күйөө балдары, аталаштары, жакын туугандары ээлешкен. Отуз жылдан берки түшпөс бийликтен, эсепсиз байлыктан диктатордун көзүн биротоло май басып, дөөгүрсүп, ал өзүн башка мамлекеттердин жерлерин басып алган полководец катары көрүнгүсү келе башташы да толук мүмкүн.

Кыргызстанда саясый бийликтин тез-тез алмашып турганы, өз өлкөсүндөгү күндөн күнгө көбөйүп бараткан нааразылыктар, Ворух анклавынын элинин талаптары, Кыргызстандын  Баткен облусунда эки аскердик машыгуу өткөргөнү, айрым жетекчилерибиздин облуста үч суу сактагыч куруу жөнүндө айткандары аны биротоло туталантып, ушундай  кадамга барууга түртүп жиберди окшойт. Бул жагынан ал тажиктердин алгачкы мамлекетин түптөгөн Саманиддей болгусу келип жатышы да толук мүмкүн. Эртең парламентинде Тажикстанды Рахмонстан деп атоо жөнүндө демилге көтөрүлсө, ага таң калбай эле коюшубуз керек.

Саманиддей болгусу келгендин авантюризминин кесепеттери

“Рахмонстандын” авторитардык башкаруусунун авантюристтик чечими Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын тургундары үчүн аябагандай кесепеттүү болду. Же 36 адам окко учуп, 200ге жакын тургундарыбыз ар кандай жаракаттарды алып, оорууканаларда дарыланышууда. Элүү миңге жакын адам үй жайларын таштай качышып, Баткен, Ош облустарынын коомдук жайларында, туугандарынын үйлөрүндө баш калкалап жүрүшөт. Ал убакта тик  учактардын колдоосунда аскердик техникалары менен Баткен, Лейлек райондорунун бир катар айылдарына кирип келген тажиктер кароосуз калган үйлөрдү, жайларды талап-тоношуп, анан өрттөшкөндөрүн өздөрү мактанып интернетке, социалдык түйүндөргө чыгарышты. Биздин тийиштүү кызматтар алардын бирин да көз жаздымда калтырбай жыйнап, документтештирүүлөрү керек. Анткени, андай каракчылыктары  үчүн аларга ички жана тышкы эл аралык соттордун алдында жооп бере турган убак да келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш  убагында баш кесерлердин, полицейлердин, ар кандай этникалык армияларда кызмат өтөгөндөрдүн  көбүнүн түбүнө өздөрү мактанып, туткундарды, тынч жарандарды атып, дарга аскан жерлерде түшкөн сүрөттөрү жеткен. Алардын көпчүлүгү кармалып, сот жообуна тартылса, сотко жетпегендеринин көздөрүн атайын кызматтар тазалашкан. Тарых кайталана берет. Таланып-тонолуп, анан өрттөлүп жаткан үйлөрдүн, жайлардын фондорунда мактана бири-бирин уюлдук телефондорго  тартып жатышкандар эртели кеч сөзсүз жазалануулары керек.

Тажик аскерлери, аларга кошулган боевиктер Баткен районундагы Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек, Ак-Сай, Лейлек районундагы Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат  айылдарын басып киришип, колго илингендердин баарын талашты, тоношту. Алсак, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы 6 АЗС, чоң мейманкана, 2 аптека, ресторан, 30дан ашык дүкөн, медициналык борбор, 2 үй, Борбордук айылындагы 27 тейлөөчү жай, Максат, Интернационал, Жаштык  айылдарында 18 үй таланып, анан өрттөлгөн. Баткен районунун Көк-Терек айылындагы бир да үйдү калтырбай талап, анан өрттөп салышкан. Жалпысынан Баткен району боюнча 30га жакын үй, 10 АЗС, 2 ресторан, 8 дүкөн, чек ара заставасынын эки кабаттуу имараты өрттөлгөн. Мындан көрүнүп тургандай, тажик баскынчыларынын Баткен элине келтирген чыгымы жүздөгөн миллиондогон сомдорду түзөт. Эми аларды кимдер, эмненин эсебинен ордуна келтиришет?

Биздин бийлик эл аралык коомчулуктун катышуусунда келтирилген зыяндардын бардыгын болбосо да көпчүлүк бөлүгүн Тажикстандын эсебинен толтурганга бардык мүмкүнчүлүктү жумшашы керек. Эгерде тажик бийлиги келтирген зыяндарынын бир бөлүгүн компенсация кылганга макул болбосо, анда президент Садыр Жапаров майдын экинчи жарымында Дүйшөмбүгө белгиленген иш сапарын токтотуусу зарыл. Баткен, Лейлек райондорунун чек араларындагы жаңжалдар, алардын күнөкөрлөрү, келтирилген зыяндарды ордуна коё тургандар аныкталып, чек араларды делимитациялап, демаркациялоо башталмайынча, ал иш сапар элдин кыжырын келтиргенден башка эч кандай позитивдүү реакция жаратпайт. Анын кереги деле жок.

Тажик бийлиги сөзсүз өлгөндөрдүн, келтирилген зыяндардын бардыгын жаңжалдар, кагылышуулар стихиялуу болгондугуна шылтап, жоопкерчиликти өзүнөн алыстатат, компенсация төлөгүсү келбейт. Жакалашып, жаңжалдашуулар, таш бараңга алышуулар стихиялуу түрдө болушу мүмкүн, анда талаш жок, бирок  минемоттор, пулеметтор жогортодон буйруксуз атылбайт, башкы командачыдан ишарат болмоюнча танкалар, БТРлар, тик учактар ордуларынан кыймылдабай тургандыгын мектеп окуучусу деле билет. Демек, Баткендеги баскынчылыктын, тоталдык мародерлуктун артында Рахмонстандын башкаруучусу Эмомали Рахмон өзү тургандыгы эч кимде шек туудурбайт. Ал  мурдагы талаа командирлеринин бирине тымызындан тапшырма берип, мурдагы согушчандарга 2400 автомат таркатылгандыгы азыр интернет булактарында айтылып жатат. Андан мындан ары да ар кандай кыянаттыктарды күтсө болот.                       

Кудай  биримдигибизди, ынтымагыбызды кут кылсын!

“Айыл ити ала, бөрү көрсө биригет” дегендей, биз ички саясый маселелерде ызы-чуулардан жана жаңжалдардан, тирешүүлөрдөн башыбыз чыкпаган менен, тагдыр чечүүчү маселелерге келгенде тез эле биригип, ынтымакташып кеткендигибиз улуттук мыкты сапаттарыбыздан. Кудай ушунубузду кут кылсын! Баткендеги кагылышууларда да түндүк-түштүк дебей элибиздин баары тегиз көтөрүлдү. Кызуу кандуу жаштар колдоруна курал берип, Баткендеги чек араларга жөнөтүүнү талап кылышса, улгайгандар, аксакал-карыларыбыз калыс сөздөрүн, акылдарын айтышып, жаштарды сабырдуулукка, элди ынтымакка, биримдикке чакырып турушту. Чындыгында эле жарыкчылыкта элдин ынтымагынан, биримдигинен өткөн чоң дөөлөт да, курал да жок.

 Үй-жайларынан ажырап, коомдук жайларда жашап жаткандарга жардамдарды уюштурууда да бардык аймактардын эли активдүүлүгүн көрсөтүштү. Азыр да азык-түлүктөрдү, зарыл нерселерди, дары-дармектерди, акча каражаттарын чогултушуп, жабыр тарткандарга жөнөтүп жатышат. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткендиктерге жардамга которушарын билдиришти. Айрым байлар андан да көп салымдарын кошушууда, үйлөрү талкалангандардын үйлөрүн куруп берүү иштерин башташты.  Бирок, “кой аласы менен жүз” дегендей, жалпы элдин трагедиясын өздөрүнүн саясый кызыкчылыктарына пайдаланып, атаандаштарын жаманатты кылганга, өч алганга аракет кылгандар болгондугун да моюнга алышыбыз керек. Бирок, алар өздөрү эле уят болушту, жалпы элдик колдоо, энтузиазм күчөп турганда алардын андай аракеттерине эч ким көңүл бурган деле жок. Бирок, андай саясатчылар арабызда бар экендигин да көрдүк, аны да эске алып жүрүшүбүз абзел.

Эми мындан ары эмне кылуу керек?

Биздин жетекчиликтин, коомчулуктун бардык көңүлү өрттөлгөндөрдү, кыйратылгандарды тезирээк калыбына келтирип, ар жерлерде баш паанектеп жүргөндөрдү үйлөрүнө тезирээк кайтарып, тынч тиричиликти жолго салууга бурулушу керек. Ал үчүн биринчи кезекте  чек аралардын чыр-чатактуу участокторун тезирээк делимитациялап, демаркациялоону  колго алуу зарыл. Рахмонстандын түшпөс ханынын саясый, геосаясый амбициясы, дымагы кандай чоң болбосун, эгерде чек ара жаңжалдары улана бере турган болсо, ал геосаясый маселеге, андан да жаманы түрк дүйнөсү менен тирешүүгө айланып, өз режимине чоң  залакасын тийгизе тургандыгын, анын бир демаршына Кыргызстан, дүйнөлүк коомчулук чыдаган менен кийинкилери өтпөй тургандыгын билип турат. Демек, чек ара маселелеринин тезирээк чечилишине ал деле кызыкдар. Бирок, кандай шарттарда, кандай жагдайларда? Маселенин баары ушунда турат.

Өзүн эл эгеси, журт атасы деп калгандар адатта реалдуулуктан биротоло алыстап кетишет. Өз мүмкүнчүлүктөрүн ашкере баалашып, сөзсүз  дайыма өз элине камкор, күчтүү атадай көрүнгүсү келери тарыхта белгилүү. Демек, Рахмонстандын эгедеринин чек ара маселесине келгенде Өзбекстандай теңчиликке, уступкаларга баруусуна ишенүү эң эле кыйын. Ал сөзсүз суу бөлүштүрүлгөн жерлердин бардыгына тең шерик болуп, Ворухка коридор ачкысы, Баткен облусуна келечекте курула турган суу сактагычтарды да толук болбосо да жарым-жартылай көзөмөлдөгүсү келет. Андай шарттарга Кыргызстан макул болбойт. Демек, реалдуу алганда делимитация, демаркация маселелеринин ыкчам чечилиши абдан кыйын. Ошондуктан Кыргызстан “Рахмонстан” менен чектешкен жерлерди аскердик, техникалык жана инженердик курулуштар менен бекемдөөгө өзгөчө басым жасоосу зарыл. Эгерде жаңжал болгон сайын эле тажиктер кирип келип, талап-тоной бере турган болсо, ал жердегилер акырындап ар жактарга көчүп кетишип, талаш участоктордо эл калбай жайдакталып калышы да мүмкүн. Тажиктердин жылма экспансияларына жол бербөө үчүн демаркацияланган участоктордун бардыгына тикендүү зым торлор тартылуусу зарыл.

Баамыбызда, эки өлкөнүн ачык болбосо да тымызындан тирешүүсү жакын ортодо аяктабайт. Бирок, андан өзгөчө чочулап, коркуунун кажети жок. Анткени, тажиктердикине салыштырганда Кыргызстандын алардын айрым аймактарынын тургундарынын турмуш-тиричиликтерине таасир тийгизе турган экономикалык рычагдары көбүрөөк, эмне дебейли бизди колдой тургандар да жетишет.

Айрымдар Рахмондун Жеңиш майрамынын алдында Москвага барып, В.Путин менен бирге парадка катышканын аны колдоо катары жазышууда. Бирок, ал чындыкка ылайык келбейт. Азыр Ооганстандын түндүгүн талибдер толук ээлеп, Тажикстанга, Өзбекстанга реалдуу коркунуч туудуруп жатышат. Ал эми аталган эки өлкө КМШнын түштүктөгү  форпосту. Эгерде талибдер Тажикстанга кирип келишсе, ал Борбордук Азиядагы, Россиядагы радикал исламчыларга сигнал катары кабылданып, алар деструктивдүү аракеттерин башташы мүмкүн. В.Путин Рахмон менен талибдерди Тажикстанга киргизбөөнүн жолдорун талкуулады, анын Кыргызстан менен чатагы жөнүндө ооз ачкан да жок. В.Путин ошол учурда Өзбекстандын президенти менен да телефондон КМШнын түштүк чек араларын бекемдөө жөнүндө сүйлөштү.

Бул жагынан Тажикстандын Россия үчүн маанилүү өнөктөш экендиги чындык, аны дайыма эске алып жүрүүбүз  керек. Бирок, ал жылдызы күйүшкөндөн эмес, аргасыздыктан, реалдуу жагдай мажбурлагандан жаралган өнөктөштүк.          

 Түбөлүктүү стратегиялык өнөктөшүбүз Түркиябы?

Биз Россия менен эл аралык ЖККУ, ШКУ, КМШ, ЕврАзЭС  сыяктуу уюмдарда биргебиз, дайыма ага артыкчылык бергенибизди кайталап, ыгы келсе де, келбесе да көптөгөн реверанстарды (кошоматчылыктарды) жасап жүрөбүз. КМШнын аймагында орус тилине расмий тил деген макам берген Кыргызстан эле, жылдан жылга орус тилиндеги  мектептер да көбөйүүдө. Ал эми Россиянын жогорку билим берүү системасынын катышуусу, таасири күчөп, улуттук кызыкчылыктарыбызга доо кетире тургандай деңгээлге жакындап баратат. Биздин андай аракеттерибизге Россия кандай жооп берүүдө? Кандай мамиле жасоодо?

Достукка, өнөктөштүккө эч кандай тиешеси жок утилитардык нигилисттик гана мамиле жасап жатат. Мисалдар толтура. Алсак, Россия Германияга ар миң кубометр газын 150 доллардан сатса, бизге 250 доллардан сатат. “Газпромнефть” ички базарыбызга монополист болуп алып, бензинге, газга өзү каалагандай бааларды коюуда. Баткендеги үч күндүк кагылышууда эки тарапты элдештирүү үчүн Россиянын жогорку бийлиги эч кандай аракет жасаган жок. “Мындай тууган турганда мага душмандын деле кереги жок” деп бирөө айткандай, Россиядай өнөктөш, шериктеш барда алыстан душман издеп деле кереги жок. В.Путин “экөөң тең жаңжалыңарды дароо токтоткула” деген кескин талап койсо, кагылышуу биринчи күнү эле токтомок. Бирок, ал антпеди, союздаштары согушуп жатса, маалымат катчысы эле комментариялап койду. Мына ушуларды көргөндөн кийин “ЖККУ, ШКУ дегендердин  айрым ири державалардын геосаясый кызыкчылыктарына кызмат кылгандан башка бизге  кандай пайдасы бар?”- деген суроо өзүнөн өзү жаралууда. Кокус, алар АКШ же НАТО менен кагышып кетсе, аларга кошо бирге талкаланыш үчүн элеби? Андай  “ашыкча ырыстын” бизге кереги не?

Россиянын маалымат-катчысынын билдирүүсүнө, анан Тышкы иштер министринин Р.Казакбаев менен телефондошкондугуна караганда Түркиянын Тышкы иштер министри  М.Чавушуулунун телефон чалганы бизге чоң дем, колдоо болду. Ал “Рахмонстандын” тышкы иштер министрине да телефон чалуу менен, эгерде абал курчуп кетсе, Кыргызстандын  жалгыз калбай тургандыгын кыйыр түрдө эскертти. Реалдуу алганда Кыргызстандын Түркиядан башка ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жок. Кыргыз мамлекетинин түбөлүк өсүп, өнүгүүсүн чын дилинен колдоп, каалаган дүйнөдө бир мамлекет болсо, ал - Түркия. Ошондуктан Түркия менен саясый, аскердик байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берилүүсү зарыл. Баткенде кыйрагандарды калыбына келтирүүгө да Түркия жардам берерин билдирди. Россиядан дурусураак ишарат да болгон жок, ал  көөнө тарыхыбыздагы көп попутчиктердин бири, кыргыздын эки миң жылдык тарыхында андай попутчиктер көп болгон. Падышалык Россия - Евразиянын жандармы болсо, Россия КМШнын жандармына айланып алып, бардыгын өзүнө душман кылууда. Демек, акырындап, тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багытты өзгөртүүбүз керек. Аны кириллицадан латын арибине өтүүдөн баштоо зарыл. Түрк тилдүү мамлекеттердин баардыгы латин арибине өтүшкөн жана өтүшүүдө. Антпесек  түрк дүйнөсүнөн биротоло бөлүнүп калабыз, анда бизге ким жардам берет? Кыйын кезең учурларда ким бизге өбөк-жөлөк болот? Кудай бизди боордошторубуздан, Түркиядан ажыратпасын.

Мирлан Дүйшөнабаев, Булак: "Майдан. kg" гезити