Референдумдан кийинки ойлор

Эл тартипти, жоопкерчиликти  тандады

Ошентип көптөн күткөн күн келип, жаңы Баш мыйзам жалпы эл тарабынан кабыл алынды. Эч кандай административдик, каржылык ресурстарсыз шайлоочулардын 78,2 пайызы жаңы Баш мыйзам үчүн добуш беришкени - президент Садыр Жапаровдун эл арасында рейтинги, ага элдин ишеним кредити  жогору экендигин, азырынча ал таянгыдай күчтүү  социалдык базасы бар экендигин айгинелейт. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкууланып жатканда ичтен, сырттан ага каршы кампаниялар күчөтүлүп, аны үзгүлтүккө учуратуу боюнча көп аракеттер, каражаттар жумшалгандыгына  карабастан эл супер президенттик башкаруунун формасын тандады. Анткени, отуз жылдан ашык убакыттан берки “супер демократиялык оюндардын” натыйжасы болбоду. Ал процесс башталганда Кыргызстан мурдагы Союзда, андан кийин КМШда экономикалык, социалдык абалы боюнча ортодон жогорку орунда болсо, азыр эң акыркы орунду бекем ээледи. Бир кезде биздин НПОшниктер, аларды калкалагандар коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанды авторитардык, тоталитардык деп мурундарын чүйрүшсө, Садыр Жапаров Ташкенге иш сапар менен барганда Өзбекстандын экономикалык жактан бизден 40 жылга алга озуп кеткендигин мойнуна алды. Ал эми биз анархия менен чектешкен маразмдык демократиянын толкунунда, ызылдак-чуулдактардан башыбыз чыкпай жүрүп, отуз жылды куру бекерге кетирдик. Ал үчүн кийинки муундар бизди кечиришпейт.

Башаламандыктардан жадаган эл сырттагы АКШ, Брюссель сыяктуу дүжүр менторлордун кысымдарына, басымдарына, опузаларына, ичтеги алардын арыктарын чапкан грант жегичтердин ар кандай формалардагы кампанияларына көңүл да бурбастан өлкөдө тартиптин жана жоопкерчиликтин болушун тандады. Эл үчүн президенттик күчтүү башкаруу - биринчи кезекте темирдей тартип, тапшырылган иш үчүн жоопкерчилик менен бекемделет. Тилекке каршы, бул экөөсүз  жакшынакай каалоо тилектерден, Батыштын стандарттары менен жазылган мыйзамдардан жарытылуу эч нерсе чыкпай тургандыгын өткөн мезгил ырастады. Мында белгилей кетчү нерсе, жаңы Баш мыйзам эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу улуттук руханий дөөлөттөрдүн, тарыхый, саясый тажрыйбалардын негизинде кыргыз тилинде даярдалды. Буга чейинки Баш мыйзамдардын, алардын редакцияларынын бардыгы айрым алымча-кошумчалар менен орус тилиндеги аналогдордон көчүрүлүп, анан кыргызча которулчу. Бул ирет андай болбоду, кандай кемчиликтери болбосун бул да  жеңиш, өз алдынча жаңы жолдун башталышы.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге өзгөчө миссия жүктөлгөнбү?

Президент Садыр Жапаровдун тагдырындагы метаморфозалар же жалпак тилге салып айтканда, ойго келгис, түшкө киргис оош-кыйыштар кудум жогору жактын амири менен ишке ашырылгандай сыяктанат. Чындыгында эле мындан жети ай мурда темир тордун артында отурган адамдын бүгүн толук легитимдүү түрдө Кыргызстандын жаңы тарыхында эч ким жетпеген чексиз бийликке ээ болуп отурушу мистикалык, эзотерикалык күчтөрдүн жардамдары менен гана түшүндүрүлүшү мүмкүн. Жогорку күчтөр  тандагандарына канчалык чоң бийлик берсе, ошончолук жоопкерчилик жүктөп, убагында келгенде катуу сурары да чындык. Биздин жаңы тарыхыбызда ал жоопкерчиликти көтөрө албагандардын экөөсү сырт жактарда качып жүрүшөт, бирөөсү түрмөдө, дагы экөөсүнүн абалы күндөн күнгө татаалдашып баратат. Өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын биротоло өз колуна алган аракеттеги президент менен аны бул бийиктикке жеткирген жакын досу экөөсү эмне кылышы керек?

Садыр Жапаров Ташкендеги иш сапарында суу энергетикалык айрым ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну чечип келсе, Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек ара маселелерин эки айда чечти. Эгерде эки дос ушундай динамикалуу темпте иштешсе, калган кошуналар, биринчи кезекте Тажикстан менен чек ара маселесин чечишеринен кам санабасак болот. Анткени, Тажик бийлиги сес көрсөтүп, компромисске барбачудай көрүнгөн менен Эмомали Рахмон дилинде жакынкы жылдарда ордун баса турган баласына чек аралардын көйгөйүн калтырып кеткиси келбейт. Аларды өзү чечип кеткенге аракеттенет. Анын кан басымы дайыма ойноп, кээде опурталдуу чекке жакындап кете турганы кара жашиктерден деле байкалып турат. Демек, эки дос конструктивдүү сунуштарды тынбай киргизип турушса, Тажик өкмөтү да анын бир вариантына макул болот. Эки жылдык жарандык согушту баштан өткөрүп, тынчтыктын кадырын чындап билгендер чек ара маселелери да эки тарапка пайдалуу негизде тынч чечилишин каалашат. Батыштын кайсыл бир чоң саясатчысы айткандай, “чек ара маселесин талкуулоо, бул - согушту талкуулоо”. Ошондуктан биздин жетекчилер да рационалдуу компромисстерге барып, Тажикстан менен тезирээк бул маселени чечүүсү зарыл. Ал эми мурдагы бийликтердин тушунда кабыл алынган чечимдерди ревизиялап, кайра кароо биз үчүн өтө эле опурталдуу экендигин эстен чыгарбообуз керек. Антсек кошуналардын да ачуулары келип, айрым башка маселелерди да кайра кароолору ыктымал. Борбордук Азиядагы республикалардын арасында экономикасы жана куралдуу күчтөрү эң начары биз болгон соң “бечелге жөтөлдүн кереги не” деген принципте тиричилик кылганыбыз оң.

Орустарда “керектүү учурда, керектүү жерде болгон жакшы” дегендей сөз бар. Ал эми тагдыр керектүү учурларда керектүү жерлерге өзү сүйгөндөрдү гана алып келет. Эки достун колуна эбегейсиз чоң бийлик тийди, ачыгын айталы, алар аны азырынча чегинде, натыйжалуу колдонушууда. Эми 11-апрелде эл бардык шансты, карт-бланшты колдоруна берген соң, аны элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, тарыхка татыктуу кирип калууга бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшоолору керек.

Аймактык-административдик реформа ишке ашырылуусу зарыл

Кыргызстандын аймагы Россиянын Красноярский крайынын ондон биринче эле. Биздин республикабыздын ички дүң жыйымы Норильскидеги никель заводунун экономикасынан ашпайт. Ал эми административдик-аймактык бирдиктери же райондордун, шаарлардын, айыл аймактарынын саны боюнча Красноярский крайынан калышпайбыз. Шаарларыбыз алардыкынан эки эсе көп. Административдик-аймактык бирдиктердин көбү экономикага же социалдык чөйрөлөрдү өнүктүргөнгө оң таасирин тийгизбей жатат. Аткаминерлердин сандарын гана көбөйтүүдө. Ошондуктан көз карандысыздыкка жетишкенден бери эле административдик-аймактык реформаны ишке ашырып, административдик бирдиктердин санын оптималдаштыруу жөнүндө көп айтылган менен ал иш жылган эмес. Эми эки дос эл берген чоң ишенимге таянып, иншалла, деп административдик-аймактык реформаны ишке ашыруулары керек. Облустарды жоюп, райондорду ирилештирип, чакан шаарларды аларга кошуп, 22-25 аймак, 200дүн тегерегинде айыл аймактары калтырылып, алардан бошогон каржылык, материалдык ресурстар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маяналарын көбөйтүүгө жумшалуусу зарыл.

Эл аралык экономикалык келишимдер аткарылышы керек

Мындан эки жыл мурда Кыргызстан Россия, Кытай, айрым Батыш өлкөлөрү менен жалпы көлөмү 14 миллиард долларлык экономикалык келишимдерге кол койгон. Пандемиядан улам өткөн жылы бул багытта жылыш болбоду. Эми жаңы жетекчилерибиз ал келишимдегилерди ишке ашырууга чындап киришүүлөрү зарыл. Эгерде чындап аракет болсо, мүмкүн эместер да ишке ашып кетет, ал мурдагы Союздун убагында көп жолу далилденген. Ал эми аракет болбосо, мүмкүнчүлүктө тургандар да ишке ашпайт, аны жаңы тарыхыбыз толугу менен ырастады. Биз маразмдык демократиянын убагында  баштан аяк чырмаган коррупциянын айынан аябагандай чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгардык. Эгерде ошол убактагы жетекчилерибиз башкарууну  үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлүп берип коюп, өздөрү “шапкелерге”  жыргап жата беришпестен айрым кошуна өлкөлөрдүн жетекчилериндей аракет кылышканда заводдор да, ГЭСтер да курулмак. Эл азыркыдай тентибей көпчүлүгү ушерде эле жакшынакай жумуштар менен камсыз болмок. Не деген менен ал убакта Кыргызстандын эл аралык саясый имиджи жогору болчу, бирок биз ал мүмкүнчүлүктөн пайдалана албадык. Азыркы мүмкүнчүлүктөрдү да колдон чыгарсак, бизге даба да, убал да жок болуп калат.

Ири кендерди, ГЭСтердин курулуштарын кылчактабастан концессияларга берүү керек. Өзүбүз да эч нерсени курбай же иштете албай, ал аз келгенсип инвестициясы менен иштеткени келгендерди кубалап, чөп кайтарган итке окшоп, элди да жарытпай отура бербешибиз керек. Эгерде Өзбекстандын сунушу пайдалуу болсо, ага Камбар-Ата-1 эмес, жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтерди курууну да берүү зарыл. Ал эми ишкерлер өз күчтөрү менен чакан ГЭСтерди курушса болот. Бирок, алардын башын кошуп, мобилизациялаган эч ким болбой жатат. Кыргызстан мурда ири ГЭСтер курулгуча майда ГЭСтер менен эле тиричилик кылып келген. Ал тармакты кайра жандандыруу зарыл. Быйыл Казакстан менен Өзбекстандан 1 миллиард квт. саат электр энергияларын сатып алдык, кийинки жылдарда таңсыктык дагы артат. Алардан электр энергияларын сатып алган акчаларга бир нече чакан ГЭСти курса болот. Ансыз энергетикалык кризистен жакынкы жылдарда өз күчүбүз менен чыга албайбыз. Тажикстан облигацияларды, баалуу кагаздарды чыгарып, элге мажбурлап сатып, лотереяларды ойнотуп, өз күчү менен Рогун ГЭСинин жарымын куруп бүткөрдү. Бизде андай ички ресурстар жокпу? Бар, алардыкынан да көп. Ички ресурстарды кыймылга гана келтирүү керек. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы, энергетикалык коопсуздукка жетишүү үчүн кардиналдуу чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл.

“Кыргыз темир жол” ишканасынын жетекчиси Дашков жакында өз күчү менен Балыкчыдан  Кара-Кечеге темир жол салууга кирише тургандыгын, керектүү рельстерди таап койгондугун маалымдады. Мамлекет мына ошондой демилгелерди колдоого алуусу, ар тараптан жардам көрсөтүүсү  керек. Нарынга темир жол барып калса, көмүрлөрдү ташыганга гана эмес, Кытай менен соода иштерин жакшыртканга да түрткү болмок.

Люстрация менен коррупцияга каршы күрөш

Эл коррупционерлердин демагогияларынан, парламенттеги байлардан жадап бүттү. Акаевдин тушунда коррупциянын символуна айлангандардын көпчүлүгү азыр деле чоң саясатты тизгиндеп, адалдык, тазалык жөнүндө акыл үйрөтүп жүрүшөт. Ал эми мыйзамсыз жолдор менен байыгандардын баары парламентте. Эгерде люстрация мыйзамы кабыл алынып, ишке ашырылса, бийлик эл, коом кан соргуч көгөндөрдөн арылган малдардай жеңилдей түшмөк. Ошон үчүн жакынкы убактарда парламентте “Люстрация жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, аны ишке ашыруу боюнча таза, мекенчилдерден атайын комиссия түзүлсө, ал иштей баштаганда коррупция өзүнөн өзү азая түшөт.

Азыркы бийлик же Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы аёосуз күрөш баштады. Ага бут тоскондор да көп, мындан ары да болот, ошондуктан мамлекет башчысы аны ар тараптан колдоого алуусу зарыл. Анан конфискацияланган батирлер, үйлөрдү - УКМК, ИИМ, башка тийиштүү кызматтар өздөрү кайтаргандарын өздөрү ала беришсе, анда эл деген бечарага эч нерсе деле тийбей калат. Коррупционерлер акчаларды, материалдык байлыктарды элден, мамлекеттен уурдашкан. Ошондуктан коррупционерлерден алынган батирлер көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, майыптарга ж.б. социалдык аярлуу катмардагыларга берилсе адилеттүү болот.

Улуттун руху ойготууга муктаж

Буга чейинки өлкөнү маданий, руханий жактан өнүктүрүү боюнча программа, концепциялардын бири да ишке ашпады. Анткени, алар улуттун же басымдуу көпчүлүктү түзгөн кыргыздардын рухун ойгото, козгой албады. Алардын көпчүлүгү эптеп элдин баарынын көңүлүн алуу үчүн эле жазылгандар болчу. Андай сылык-сыпаа каалоо-тилектердин, дискурсивдердин эч кимге ысык-суугу деле болбойт. Айтылган, жазылган бойдон кала берет. Элди козгоо үчүн биринчи кезекте, титулдук улуттун жан дүйнөсүнө, каалоолоруна ылайык келгендерди көтөрүп, ошо аркылуу башка этносторду да мобилизациялоо талап кылынат. Титулдук эл жактырбай, ичи чыкпай калгандар эч качан ишке ашпайт. Ошон үчүн азыркы бийлик кыргызды илимий-билимий, маданий, адабий, руханий жактан жаңылоо иштерине шымалана киришүүсү зарыл. Андай иштен акча аяган болбойт, Сталин андай иштерге Улуу Ата Мекендик согуш убагында да каражат тапкан.

Бул маселе боюнча биздин конкреттүү ойлорубузду,  сунуштарыбызды башка  макалаларда сөз кылам.

Ошентип, бир сөз менен айтканда, эл тарабынан эбегейсиз бийликке ээ болгондордун алдында эң чоң милдеттер турат. Аларды татыктуу аткарышса, түбөлүккө элдин  эсинде калышат. Бул татаал милдеттерди аткарууда аларга ийгиликтерди каалайбыз. Элдин ишенимин актоо гана калды.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: "Майдан. kg" гезити