Академик, саясый жана коомдук ишмер Бектемир МУРЗУБРАИМОВдин талдоосу

Президенттик күчтүү башкарууну көпчүлүк эл колдоодо 11-апрелде биз жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге жаңы Баш мыйзам үчүн да добуш беребиз. Анын басымдуу көпчүлүк добуш менен шайлоочулар тарабынан кабыл алынарынан шек санабасак болот. Эл жаңы бийликти жактап, колдой тургандыгын 10-январдагы президенттик шайлоодо эле билдирди. Көз карандысыздыктан берки мезгилде биринчи жолу таза, ачык шайлоодо шайлоочулардын 80 пайызга жакынын добушун алган Садыр Нургожоевич гана болду. Эми ал 11-апрелдеги референдумда өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын толугу менен өз колуна алганы турат. Жаңы Баш мыйзамга ылайык Кыргызстанда эң күчтүү президенттик башкаруу орнотулат. Ырасын айтсак, мурдагы парламенттик, парламенттик-президенттик, президенттик-парламенттик башкаруулардын убагында деле өлкөдөгү негизги бийлик ээси президент болуп келген, бирок ал ар кандай кысым-басымдар, интригалар аркылуу ишке ашырылса, бул ирет ал Баш мыйзам тарабынан бекемделип, толук легитимдештирилгени жатат.

Жаңы Баш мыйзамды айрымдар монархиялык, супер президенттик, авторитардык башкарууларга да салыштырышууда. Ар ким өз оюндагыларды жаза, айта берсе болот. Алардын да белгилүү деңгээлде аздыр-көптүр чындыгы бар. Деги азыркы Баш мыйзам мурдагылардан эмнелери менен өзгөчөлөнөт? Жаңы Баш мыйзамга ылайык, референдумдан кийин президент мамлекеттин гана эмес, өкмөттүн да башчысы болуп калат. Мурда парламенттеги фракциялар министрликтерди, ведомстволорду, а түгүл таасирдүү аймактардын башчыларын өз ара бөлүп алышып, алардын жетекчилерин өздөрү тандашса, мындан ары парламент кадрларды тандап, жайгаштыруу ишине аралаша албайт. Президент сунуш кылгандарды карап, макулдук берүү же бербөө укугу менен гана чектелет. Бул туура, анткени өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалдарга, ички жана тышкы саясатка керт башы менен президент жооп бере турган болгондон кийин ал өзү менен иштеше тургандарды өзү тандоосу зарыл. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, өкмөт башчысынын ыйгарымдары уюштуруу иштери жагынан Президенттик администрациянын башчысыныкына, ал эми саясый жактан анын мыйзамда жазылбаган орун басарлыгына теңелгени жатат. Анткени өлкөдөгү экинчи кызматтык адам катары парламенттин спикери эсептелген менен ал күндөлүк иштерге, ички-тышкы саясаттарга аралашпасы түшүнүктүү, демек, иш жүзүндө экинчи кызматтык адамдын функциясын премьер-министр - президенттик администрациянын башчысы аткарат.
Вице-премьер-министрлерди, министрлерди, ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын да президент тандап дайындайт. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Мамлекеттик катчы институту киргизилгени жатат.  Бул абдан туура...

Мамлекеттик катчы эмне үчүн керек?
 

Биздин эски, жаңы тарыхтарыбызда мамлекеттин маданий, социалдык тармактарын координациялап, элге ички, тышкы саясаттын маани-мазмундарын жеткирип, идеологиялык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүчү түзүмдөр болуп келген. Советтик мезгилде ал милдетти КП БКлардын идеологиялык иштер боюнча катчылары, тийиштүү бөлүмдөрү, анын облустардагы, район-шаарлардагы, чарбалардагы түзүмдөрү, ЖМКлар аткарышса, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Мамлекеттик катчы институту киргизилди эле, ал К.Бакиевдин бийлигинин аягында жоюлгандан кийин адабият, маданият жана искусство, социалдык тармактар кординациялоочу кураторсуз калды. Мурдагы Мамлекеттик катчылардын ыйгарымдары, укуктары чектелүү эле, өз алдыларынча жарытылуу деле бир нерсени чече алышчу эмес, бирок акыбалдары жетишинче маданият, искусство, адабият боюнча көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, алардын түгөнбөгөн ички жаңжалдарына арбитрлик кылып турушчу.

Азыр адабиятты, маданиятты, искусствону координациялап, баштарын бириктирип, ички маселелерин чече турган бир да мамлекеттик орган жок. Маданият министрлиги бар, бирок ал адабиятка, киноматографияга ж.б. союздарга, бирикмелерге таасир көрсөтө албайт. Жазуучулар, композиторлор, архитекторлор ж.б. союздары бар, бирок алардын өздөрүнүн мүчөлөрүнүн баштарын бириктиргенге деле чамалары жетпей жатат. Ал эми китеп соодасы, китепканалардын (библиотекалардын) иштери толугу менен көзөмөлсүз, мамлекеттин таасиринен сырткары калган десе да болот. Анткени, борбор калаабызда кыргыз тилинде чыгарылган китептерди сата турган коммерциялык бир эле дүкөн бар. Эгерде жер-жерлерде жашаган тургундарыбызга жаңы чыгарылып, кайра басылып жаткан китептер таптакыр жетпей жатса, элдин адабий, маданий, эстетикалык деңгээли кайдан өнүгөт?

Ал эми каада-салттар, үрп адаттар таптакыр мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетти. Азыр ар бир айылдын өзүнчө каада салты калыптана баштады. Ал ашыкча ыгым-чыгымдарды, ысырапкорчулукту көбөйтүп, элдин биримдигине, ынтымагына гана терс таасирин тийгизүүдө. Эгерде азыркыдай көрүнүштөр уланып, ар айылда өзүнчө каада салттар пайда боло берсе, эл жөн эле өз ара бири-бирин түшүнүшө албайкалат. Ал элдин менталдык, этникалык, маданий, психологиялык иденттүүлүгүнө аябагандай терс таасирин тийгизет. Кошуна өлкөлөрдүн бардыгы каада-салттарын жөнгө салып, ашыкча ыгым-чыгымдарды, ысырапкорчулукту кескин азайтышты. Бизде гана бул стихиялуу көрүнүшкө айланып, жылдан жылга күчөп баратат. Андай стихиялуу көрүнүштөрдү цивилдүү жолго салууга эбак мезгил жеткен. Мына ушул маселелерди координациялап, мамлекеттин заманбап идеологиясын, жаңыча адабий жана маданий, илимий жана билимий саясатын иштеп чыгып жүзөгө ашыруу, каада-салттарын жана үрп-адаттарын,өкмөттүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын иштерин жөнгө салуу үчүн Мамлекеттик катчы институту сөзсүз керек.

Мамлекеттик катчынын президенттик башкаруудагы орду кандай болушу керек? Мурда мамлекеттик катчы институнун орду президенттик администрациянын башчысынан бир тепкич жогорку деңгээлде турчу. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, премьер-министр президенттик администрация башчысы катары да эсептелсе, демек, Мамлекеттик катчынын иерархиялык макамы премьер-министрдикинен да жогору болобу?

Жаңы Баш мыйзамдын Президенттик башкарууга тийиштүү 3-бөлүмүнүн 70-беренесинин 9-пунктунда: “Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот” деп жазылган. Бирок, анын ыйгарымдары жана мамлекеттик башкаруудагы орду кандай болот? Биздин оюбузча, жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин “КРнын Мамлекеттик катчысы жөнүндө” атайын мыйзам иштелип чыгып, анан кабыл алынып, анын ыйгарымдары, укуктары так көрсөтүлүшү керек. Эгерде Мамлекеттик катчы президенттик администрациянын бир бөлүмүнүн башчысындай эле укуктук таянычы жок катардагы мамчиновниктердин биринен болуп кала турган болсо, анын ишинин таасири да, натыйжасы да болбойт. Анын мурдагы Союздагы КП БКлардын идеологиялык иштерди тейлеген катчыларындай өз компетенциясына кирген тармактардын иштерин координациялоодо гана эмес, алардын жетекчи кадрларын тандап, жайгаштырууда, сунуштоодо белгилүү деңгээлде өз алдынчалыгы болушу зарыл. Маселен, Билим берүү жана илим, Маданият жана туризм, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрликтери, тийиштүү ведомстволордун, Улуттук Академиянын, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын, өкмөттүк ЖМКлардын, ЖОЖдордун жетекчилери Мамлекеттик катчынын сунушу менен Президент тарабынан каралып, анан тийиштүүлөрү парламенттин кароосуна чыгарылууга, тийиштүү эместери Президент жана башка башкаруу органдары тарабынан бекитилүүгө тийиш.

Мамлекеттик катчынын компетенциясына кирген тармактар боюнча компетенттүү адистерден турган чакан аппараты болушу, президенттик администрациянын тийиштүү бөлүмдөрү ага кыйыр түрдө баш ийдирилүүсү зарыл. Мына ошондо гана Мамлекеттик катчы президенттик башкаруунун түзүмүндөгү компетенциясына кирген чөйрөлөр боюнча ага өбөк, жөлөк болуп, өз алдынча иш алып кете тургандай таасирдүү институтка айланат.

Идеология деген эмне?

Бизде эмнегедир Мамлекеттик катчы институту жөнүндө сөз болсо, көптөр аны мамлекеттик идеология менен байланыштырышат. Ал туура, бирок Мамлекеттик катчынын идеологияны иштеп чыгып, элге жеткирүүдөн башка да күндөлүк иштери, милдеттери көп экендигин жогоруда айттык. Мамлекеттик катчы башкаруунун жалпы гуманитардык жана социалдык чөйрөсүнө координатордук кылып, каада-салттарды, үрп-адаттарды цивилдештирүү боюнча да иштерди алып барышы керек. Аларды жалпы идеологиялык иштердин тутумуна киргизсе да болот. Ал эми идеология деген эмне? Бул маселе боюнча ар өлкөнүн өз тарыхый өзгөчөлүгүнө жараша аныктамалары, түшүндүрмөлөрү бар. Биздин тажрыйбанын тутумунан алганда, идеологиянын аныктамасы төмөнкүдөй десе болот: Идеология - мамлекеттик саясый системанын, анын жетектөөчү түзүмүнүн күндөлүк жана келечектик иштеринин мазмунун жана максатын элге жеткирип, аларды ишке ашыруу боюнча мобилизациялоочу иш аракеттеринин тиркеми. Анын тутумунда тарбиялык компоненттер да негизги орунду ээлейт. 

Биздин идеологиябыз кандай болушу керек?

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери идеологиянын мазмун-багыттары, формалары изделип, сунушталып эле келе жатат, бирок алардын элге жугумдуулугу, таасири болбоду. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында расмий бийлик тарабынан “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз” деген идеологияны сунушташты эле, ал титулдук этнос тарабынан кабыл алынбады, тескери реакцияларды жаратты.

Анан “Манас” эпосунан жети осуятты таап чыгышып, көптөгөн окуу, усулдук адабияттар, буклеттер, плакаттар чыгарылып, мектеп програмаларына чейин киргизилди эле, ал деле эл тарабынан чындап колдоого алынбады.

2001-жылдын сентябрында “Келечектин идеологиялык программасы (келечектин хартиясы)” деген он бир бөлүктөн турган документ жарыяланды эле, анын эмне экендигин эл түшүнгөн деле жок. Биринчи элдик революциядан кийин “Биримдик аркылуу өнүгүү. Кыргызстандын жалпы улуттук идеясы” , экинчи революциядан кийин кабыл алынган “Мекеним Кыргызстан: Этностук саясат жана Кыргыз Республикасынын коомчулугун баш коштуруу Концепциясы жана 2015-жылга чейин аракеттенүү планы” деген документ жарыяланды жана талкууга коюлду,бирок, анчалык колдоого ээ болгон жок. Эми азыркы бийлик тарабынан кезектеги идеологияны иштеп чыгуу маселеси көтөрүлүүдө. Бул идеологияны да мурдагылардын тагдыры күтпөс үчүн ал кандай болушу керек? Референдумдан кийин дайындала турган Мамлекеттик катчы биринчи кезекте мына ушул маселени чечүүсү зарыл. Ал үчүн мурдагы кемчиликтерди кайталап, жансыз концепцияларды, программаларды жарата бербөө үчүн дүйнөлүк тарыхка, тажрыйбага кайрылып, аларды дыкат талдап, үйрөнүп чыгып, алардын биздин тарыхый өзгөчөлүккө, кыртышка ылайык келгендерин өздөштүрүп, пайдалануу зарыл. 

Америка Кошмо Штаттарынын негизги идеологиясы - эркиндик, адам укуктары. Эркиндик дегенди алар саясый гана эмес, экономикалык, каржылык, конфессиялык, маданий ж.б. эркиндик катары да түшүнүшөт. Францияда маданияттын культу, идеологиясы бекем орногон. Ошондуктан алардын мамлекет башчылары да адабиятты, искусствону мыкты билишет, түшүнүшөт. Жискар де Эстен Л.Толстойдун чыгармаларын эң мыкты билген, Жак Ширак “Евгений Онегинди” француз тилине которгон. Дүйнөдө Франциядагыдай көркөм чыгармаларды көп чыгарган жана окуган эл аз. Кытайдын идеологиясы - Дэн Сюопиндин үч постулатында камтылган. Кытайдын өкмөтү артыкчылык берген принциптер: саясый туруктуулук жана тартип. Маргарет Тетчер премьер-министр болуп турганда “ар бир англичандын өзүнүн үйү болушу керек (мында жер там жөнүндө айтылат)” деген идеологияны жайылтып, аны негизинен ийгиликтүү ишке ашырып кеткен.

Биздин оюбузча, азыркы бийликтегилер идеологиялык иштерди - каада салттарды, үрпадаттарды жана ырым-жырымдарды инвентаризациялап, аларды тартипке келтирүүдөн баштоо керек. Айрымдар айтышкандай, Кыргызстан азыр диндердин, ар кандай секталардын гана эмес, каада салттардын да полигонуна айланып бара жатат Элди бириктирген тил, маданият жана дин, анан каада-салттар.Алар ар кандай болуп кетсе, элдин ынтымак-биримдиги өзүнөн өзү ыдырай берет. Ошондуктан, каада-салттар жөнгө салынгандан кийин ынтымакка негизги басым жасалышы керек. Ырыс алды- ынтымак. Ынтымак - адам ыйманы, адам сапаты, элдин бактысы,тынчтыктын, өнүгүүнүн ачкычы. Ынтымак- достук, биримдик, бир туугандык. Ал эми достук, биримдик,жигердүү эмгек бар жерге өнүгүү, гүлдөп өсүү өзүнөн өзү эле келет. Мына Кыргызстандын идеологиясына негиз болчулар. Мына ушуларды ишке ашырууга негизги басым жасалса, калганын турмуш көрсөтөт.

Булак: "Майдан. kg" гезити