Мамлекет башчысына талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү  цивилдүү дүйнөнүн саясый маданиятына ылайык келбей турган шоуга айланып баратат.  

Кезектеги “карнавалдык шоу”

Демократиянын очогу делген Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо эки атаандаштын ортосунда башталып, аяктады. Тажикстанда мамлекет башчылыгына талапкер 5 эле адам болду. Молдовада деле андан кескин айырмаланган жок. Ал эми бизде президенттик шайлоого саясатка баш -оту менен кирип, ал чөйрөдө аздыр-көптүр  элге таанылгандар менен кошо организмдеринин жогорку жактарына чындап доо кеткендер да, “бекер жүргөндөн көрө...” дегендер да, саясий кампанияга сатиралык- карикатуралык түс берип, аны шылдыңдуу көрүнүшкө айландыргысы келгендер да, “атың чыкпаса, жер өрттө” дегендей,  өз аты-жөндөрүн  кара жашиктерден, гезиттерден көрүп, радиолордон уксам дегенде ак эткенден, так эткендер да катышып, аны карнавалдык шоуга  айландыруулары адат болуп калды. Бул жолку президенттик шайлоо кампаниясы да андан айырмаланбады, тескерисинче, мамлекет башчысына талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү  цивилдүү дүйнөнүн саясый маданиятына ылайык келбей турган шоуга айланып баратат.  Ага мисал катары президенттикке талапкер болуп БШКдан 63 адам каттоодон өткөндүгүн көрсөтсөк болот.

Калкынын саны 400 миллионго жакын кеңирсиген АКШда президенттикке талапкерлер 2-3 адамдан ашпайт. Жери жагынан бир да мамлекетти алдына салбаган Россияда дайыма 5-6 эле талапкердин ортосунда күрөш жүрөт. Кошуна өлкөлөрдө деле ошондой, ал эми бизде а дегенде эле алтымыштан ашык талапкер катталды. Бул бизде демократиялык процесстердин биротоло кеңири таркап, тереңдеп, В.Ленин айткандай, “ашпозчу да мамлекетти башкара алат” дегенинин ишке аша баштагандыгынын белгисиби же жөн эле мезгил-мезгили менен Ак үйдү басып алып, өрттөп туруу адатка айлангандай эле, жогортон төмөнгө чейин элде авантюралык маанай үстөмдүк кылып, жоопкерсиздик улуттук менталитетибизге бекем тамырлап, саясий маданиятыбыздагы деградацияга учурап, анархияга айланып бараткандыгынын белгисиби?

Кимдер мамлекетти башкарып жатышат?

Жогоруда БШКдан каттоодон өткөн талапкерлердин саны 63кө жетти дедик. Алар кимдер?  Талапкерлердин  арасында партиялардын лидерлери, аракеттеги жана мурдагы депутаттар,  ишкерлер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, адвокаттар, мугалимдер, пенсионерлер, түрмөдө жаткандар, өздөрүн Кудай деп жарыялаган көзү ачыктар,  экологдор, музыканттар, куудулдар  бар. Мурдагы президенттик шайлоолордо башка улуттардын өкүлдөрүнөн талапкерлер катталбачу эле, бул ирет  адвокат Елена Клипачева, башталгыч класстардын мугалими  Юлия Лилеанталь деген эки айым катталышты. Алар мамлекеттик тилди билбеген Артем Новиков биринчи-вице-премьер-министр, Аида Исмаилова  вице-премьер-министр болуп  турганда биз деле президенттикке жарайбыз дешти окшойт.

Кайталайбыз, бизде президенттик шайлоо кампаниясы дайыма ушундай шоу менен башталат да, мамлекеттик тил боюнча сынакка, күрөөгө акча төгүп, кол топтогонго келгенде иргелип отуруп, талапкерлерден эки колдун манжасы жеткидей эсептелүүлөрү эле калат. Бул ирет да андай болорунан шектенбесек болот. Анткени, талапкерлердин арасында күрөөгө 1 миллион сом коймок  түгүл, 100 миң сом чоң маселеге айланары, мамлекеттик тил боюнча 5 позицияда тест тапшырмак түгүл, өмүр-баяндарын дурустап жаза албагандары, 30 миң түгүл, 3 миң кол топтой  албай тургандары  жетишерлик. Анда эмне алар өздөрү да ашыкча убаракерчилик тартып, Боршайлоокомдогуларды да ашыкча түйшүккө салып жатышат?

Буга биздин саясий маданиятыбыз, менталитетибиз ушундай, биз дайыма  мамлекетке, элге түгүл, өзүбүзгө да жоопкерчиликтүү,  рационалдуу мамиле жасабайбыз деп гана жооп берүүгө болот. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, пандемия күчөп, расмий  бийликтегилер жыйындарды, чогулуштарды, той-аштарды азайткыла, маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаттарына ашыкча чогулбагыла деген сайын той-аштар, куран окутуулар, жыйындар, чогулуштар ошончолук көбөйүүдө. Ковидден көз жумгандарды акыркы сапарга узатканы чогулушкандардын 90 пайызы беткапсыз жүрүшөт. Илимий, билимий мекемелерде көп адамдар катышкан талкуулар, китептердин бет ачарлары байма-бай өткөрүлө баштады.  Дүйнө эли кайрадан локдаундарды киргизип, байланыштарды чектеп жатышканда биз  пандемияда өзүбүзгө өзүбүз өчөшкөндөй эле иштерди жасасак, мамлекеттин кызыкчылыктарына келгенде андан да өтүп кетүүдөбүз. Президенттикке талапкер болуп 63 адам катталганы өзүбүзгө өөн учурабаган менен сырттагыларга куудулдардын театрындагы тамашалардын бириндей же фарстардай эле көрүнөт.

Күрөш кимдердин ортосунда болот?

Ошентип, президентти шайлоо кампаниясы карнавалдык шоудай башталган менен тез эле  талапкерлердин басымдуу көпчүлүгү  жогоруда айтылган себептерден улам иргелип, өнөктүк реалисттик кыртышка түшөрүнөн да шек санабайбыз. Азыр канча талапкер болгон менен үгүт кампаниясы башталганда күрөш ашып кетсе 4-5 эле талапкердин ортосунда болорун да бөркүңүздөй көрө бериңиз. Биздин оюбузча алар, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Садыр Жапаров, Улукбек Кочкоров, Каныбек Иманалиев. Булардын ичинен да шанстары жогорулар: Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров. Ал эми бул экөөсүнүн ичинен Садыр Жапаровдун мүмкүнчүлүгү чоң. Эмне үчүн?

Бизде мурдатан аймактык, кландык фактор чоң ойноп келатат. Адахан Мадумаровдун Ош тарапта аздыр-көптүр туруктуу электораты болгону менен  бул ирет өлкөнүн калган аймактарында   андай потенциалдуу мүмкүнчүлүгү  аз. Баткенде дайыма ага берилчү добуштарды Улукбек Кочкоров ж.б. бөлүп кетет, калгандарынын сезилерлик бөлүгү фаворит катары С.Жапаровго тийет. Жалал-Абад  тарапта Садыр Жапаровго сүйөк болуп Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов ж.б. турат. Адахан Мадумаровдун ал аймакта  алардан алга озуп кетүүсү абдан кыйын. Түндүк тарапта болсо, С.Жапаровдун мурдатан туруктуу электораты бар. Ал Өмүрбек Бабанов менен тил табышкандай эле, чүйлүк, нарындык  башка күркүлдөр менен да бир тилге келе алса, шансы дагы артат.

Биздин мындай болжолубузга  шайлоо  алдындагы альянстар, биригүүлөр, тымызын жана ачык сүйлөшүүлөр корректировкаларды киргизиши толук мүмкүн. Ал да мурдатан болуп келген көрүнүштөрдөн. Бирок алар деле  азыр калыптанып жаткан негизги конфигурацияны сезилерлик өзгөртө албайт. Эмне деген менен С.Жапаровдо мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ресурстары да турат. Эгерде ал Улукбек Кочкоровду, Каныбек Иманалиевди, өткөн парламенттик шайлоодо жаманатты болгон үч партиядагылардын таасирдүүлөрүнөн  өзүнө тартып, анын ордуларында калгандар коррупцияга каршы күрөштү азыркыдан да күчөтүп, декабрда айлыктарды, пенсияларды аздан да болсо көбөйткөнгө жетише алышса же эл арасында резонанс жараткыдай  кандайдыр бир иштерди жасай алышса, алар Садыр Жапаровдун ишенимдүү жеңишке жетишүүсүнө  чоң түрткү  болмок.  Ага мүмкүнчүлүктөр бар.

Ачыгын айтканда,  элдик толкундоолор  аркылуу эң жогорку бийликке келип, өлкөдө тартипти орнотуп, көмүскө экономикадагыларды ачыкка чыгарып, коррупцияны ооздуктоо боюнча чечкиндүү чараларды көргөндүгү менен колдоого ээ болгон адамдын баштагандарын жаңы жылдан ары ишенимдүү улантуусу  үчүн Садыр Жапаровдун президенттикке шайланганы элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына шайкеш болгону турат. “Кечүүдө ат алмаштырылбайт”дегендей, өлкөдөгү азыркы абалды кечүүгө гана эмес, ашууга  салыштырган да жаңылышпайт. Көптү көргөн кыраакы  элибиз азыркыдай кырдаалдан  туура жыйынтык чыгарышарында шек жок.

 

Автандил  Белеков, Булак: "Майдан. kg" гезити