Шайтан оюндар
Аламан байгедегилердин азыраагы эле калат
Ушул жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган парламенттик шайлоого 44 партия ат салышканы жатат. Алардын айрымдары биригишип, блокторду, кыймылдарды түзүшүүдө, ал процесс дагы уланат. Аттары болгон менен заттарында эч нерселери, социалдык базалары, туруктуу электораттары жок партиялар капчыктуулар, таасирдүүлөр менен биригишпесе, башкасын кой, шайлоо фондуларын деле дурустап түзө алышпайт. Бириккен күндө деле алардын капчыктуу партияларга реалдуу пайдалары тийерине ишенүү кыйын, көпчүлүгүнүн такай иштеген офистери деле жок, күчтүү партиялар алардын жетекчилеринен бирден-экиденди тизмелерине киргизип, “шайлоого мынча партия менен биргеликте баратабыз” деген шаңдуу аталыш үчүн эле кошуп алышууда.
Сырттан караганга бул жолку парламенттик шайлоолорго салыштырганда партиялар эки эседей көп катышып жаткандай көрүнөт. Анткени, 2010, 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорго жыйырманын тегерегиндеги партиялар катышкан. Азыркы шайлоолорго катыша турган партиялардын саны көптөй көрүнгөн менен бирок чындыгында иш жүзүндө эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Ооба, учурга карата 44 партия парламенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыя кылды, бирок бюллетендерге киргизилгенге чейин дагы бир айдай убакыт бар. Ага чейин канчасы калары белгисиз. Биздин болжолубузда 15-20дай эле партия, блок, бирикме бюллетенге киргизилет. Калгандары өздөрүнүн босоголук чектен аттаганга кенедей да шанстары жок экендигин түшүнгөндөн кийин үгүт кампаниясына катышуудан баш тартышат. Анткени, ал аябагандай чоң чыгымдарды талап кылат.
Акыркы тизмеде кайсыл партиялар калат? Кайсыларынын босоголук чектен аттаганга аздыр-көптүр шанстары бар?
Буларга жооп берерден мурда Кыргызстандын шайлоосундагы рационалдуу акыл-эске сыйбаган бир парадоксалдуу көрүнүшкө токтоло кетүү зарыл. Рационалдуулукка карама каршы болгондон кийин аны иррационалдуу деп койсо болот. Ал кайсыл?
Шайлоолордогу иррационалдуу бир көрүнүш
Азыр серепчилер, эксперттер, байкоочулар ар кандай болжолдорду жасашып, саясый кампаниянын жүрүшү, жыйынтыктары жөнүндө ар кандай конфигурацияларды түзүшүүдө. Алардын көпчүлүгү курулай акылдуусунган, билимдүүдөй көрүнгүсү келген, реалдуулуктан ат чабым алыстап кеткен кыялый ой жүгүртүүлөр. Чындыгында эксперттер, себетчилер, кечириңиздер, серепчилер дегендерибиз Бишкектен чыкпаган, айрымдары мамлекеттик тилди, демек, калың элдин менталитетин, маанайын билбеген, түшүнбөгөн окумалдар болушса, алардан курулай акылдуусунгандан башканы күткөн да туура эмес.
Мен ушерде жогорудагы парадокс жөнүндө айткым келет. Ал бул: элдин басымдуу көпчүлүгүн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына салыштырганда анын үгүттүк кампаниялар, тирешүүлөр, сүрүшүүлөр көбүрөөк кызыктырат. Кандай партия атпайлар босоголук чектен өтпөсүн, алар шайлоо алдында эмнелерди айтышпасын, кандай ураандарга жамынышпасын, негизинен мурдагыдай эле “чимкириктерден” алыс кетпеген, чөнтөктөгү парламент түзүлөрүн анча-мынча акыл эстери, тажрыйбалары барлардын бардыгы эле билип турушат. Анткени, “временшиктердин” башкы мыйзам жазгычынын демилгеси менен бизде Башмыйзамга ошондой парадоксалдуу норма киргизилип калган. Башмыйзамдын 70-беренесинин 2-пунктунда “Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясый партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн” деп жазылып турат. Же канчалык көп добуш албасын бир да партия парламентте Конституциялык көпчүлүккө ээ боло албайт. Демек, башка партиялар менен альянс түзгөнгө аргасыз болот. Альянска киргендерге комитеттер, аткаруу бийлигинен чоң орундар, дагы башка преференциялар берилет. Алар ошонун эртеси эле “чөнтөк парламенттин” бир бөлүгүнө айланышат. Бизде идея, идеологиялар боюнча атаандашкандар жок. Кимдер альянска киришсе, пробийликчилерге айланышат. Сомкелер тийбей калгандар өздөрүн оппозициячылдарбыз деп жарыялашат. Бирок, идея, иедологиялар боюнча элдешкис позицияларда турушпагандан, сомкелер тийсе эле кайсыл жакка болбосун секирип өтүп, кимди болбосун колдогонго, жактаганга даяр тургандан кийин анын эмнеси оппозиция? Ал жөн эле комедиялык оюн.
Резюмелегенде бизде парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарына караганда анын жүрүшү элди көбүрөөк кызыктырат. Анткени, ал акысыз атракцион, бири-бирин шыбап, айыптарын ашкерелеген ачык сот, драмалуу комедия. Эң негизгиси, ошол драмалуу комедиялардын шайлоолордун жыйынтыгында драмалуу трагедияларга айланып кетүү коркунучу элди көбүрөөк чоочулатат.
Коррупция жоюлмайынча татыктуулар шайланбайт
Акыркы жылдардагы шайлоолордо “каруселдерди”, “өлүк жандарды”, “эгиздерди” (бир адамдын бир нече тизмеде жүрүшү) жоюп, “бир шайлоочу-бир добуш” деген принципти ишке ашырууда жетишкендиктер болгондугу чындык. Бирок, шайлоочулардын добуштарын тымызындан сатып алуулар жоюлмайынча алар өз натыйжасын бербей тургандыгын да көрүп келатабыз. Эгерде шайлоочулар конкреттүү талапкер же талапкерлер, алардын идея, программалары үчүн эмес, колуна тийген конкреттүү сумма үчүн гана добуш бере турган болсо, дүйнөдөгү инновациялык нерселердин баарын киргизгендин деле пайдасы аз. Ал эми бизде айрымдардын айтымдарында, ар бир шайлоодо добуштардын 25-30 пайызы сатылууда. Ал шайлоолордон шайлоолорго өсүүдө. Жакында жөн эле добуш берген эч ким калбайт. Анысы аз келгенсип, ар бир шайлоо былык-чылыктарды чукулушмайлардын, каралоолордун, шыбашмайлардын да кампанияларына айланууда. Шайлоого катышканы жаткан саясатчылардын, алардын нөкөрлөрүнүн социалдык тармактардагы материалдарын карасаңыздар, ага ынанасыздар.
Биздин саясый утописттер шайлоолордон-шайлоолорго карата элдин, саясатчылардын саясый маданияттары жакшырып, цивилдүү жолго түшө бере тургандыгына ынандырып келишти эле, ал иш жүзүндө ырасталбады. Ал жөн эле жөө жомоктордун бири экен. Шайлоолорду уюштуруп, өткөрүү, аларды техникалык жана маалыматтык жактан камсыз кылуу жакшырган менен, тилекке каршы, коррупция, шыбашмайлар жылдан жылга тереңдеп, өнүгүп өсүүдө. Жогорудагылар кандай жакшы сөздөрдү айтышпасын, шайлоолордогу коррупцияны жакынкы жылдарда жоюларына ишенбей деле калдык. Анткени, ал элдин сезилерлик бөлүгү үчүн гана эмес, тийиштүү мамлекеттик органдар үчүн да кадыресе көрүнүшкө айланды. Азыр шайлоочуларды партиялардын идея, идеологиялары кымындай да кызыктырбайт, программалары, убадаларын эч ким деле тыңшабайт. Аларды канчадан берери гана кызыктырат. Пандемия убагында ал мурдагыдан да көбөйгөнү турат. Анткени, аянттарга, стадиондорго, маданият сарайларына шайлоочуларды чогултууга уруксат кылынбагандан кийин талапкерлердин өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, түз эле соодалашканга негизги басым жасашат. Бергенине жараша добуштарды алышат, бербесе биздин шартта Ленин менен Черчиллге Вашингтон менен Джефферсон кошулуп келсе деле куру жалак калат. Бизде инсан да, харизма да негизги роль ойнобойт. Негизги роль ойной турган нерсе - акча гана. Акча тийбей калгандардын көпчүлүгү А.Мадумаров, Ө.Текебаев сыяктуу жаалдуу оппозицияда жүргөндөргө ооп кетиши мүмкүн. Бирок, алар босоголук чектен өткөнгө аздык кылат.
Фасадды да болсо цивилдештирүү зарыл
Бизде го шайлоолорду “чылыктык” биротоло оккупациялап алды дейли, бирок цивилдүү демократиялуу өлкөлөрдөн деле идеалдуу таза шайлоону кезиктирүү кыйын. Аларда деле “шайтан оюндар”, иррационалдуу нерселер жетишерлик. Алсак, 2016-жылы президенттик шайлоодо Хиллари Клинтон Трампка салыштырганда 3 миллион добушту көп алды эле, бирок Х.Клинтон эмес, Трамп президент болуп калды. Эгерде башка мамлекеттердин биринде андай көрүнүш орун алса, АКШнын администрациясы акыл-насааттарын айта берип дүйнө жүзүн жадатып, ага кошумча санкцияларды да киргизмек. Бирок, АКШдагылар өздөрүндөгү андай иррационалдуу көрүнүштү талкуулашкан деле жок. Алар чындап эле АКШдагылардын экскременти да башкалардыкынан өйдө турат, бизде кандай иррационалдуу нерсе болбосун ал да дүйнөнүн калган бөлүгүндөгүлөргө үлгү болушу керек деп эсептешет.
Европадагы, Азиядагы демократиялык өлкөлөрдө деле шайлоолордон кийин ар кандай жаңжалдар чыкканын көрүп келатабыз. Парламенттик шайлоонун көшөгөлөнгөн жагын тартипке сала албаган соң, мындай шартта сахнасында көрүнгөн жерине, фасадына да болсо цивилдүү түр берүү негизги мааниге ээ болуп турат. Ал үчүн чукушмайларды, шыбашмайларды, каралоолорду азайтып, тизмелерди түзүп, добуш берүүлөрдү уюштуруп, өткөрүүгө негизги басым жасалуусу керек. Ал ичин оңой албагандын сыртын жамап-жаскап, шыбап, түзөтүп, кооздогондой эле болот.
Белорусияда президенттик шайлоо эмнени көрсөттү?
Эгерде сырттан кызыкдар күчтүү оюнчулар аралашса, кичинекей мамлекеттердеги шайлоолордун жыйынтыктарын каалагандай нукка буруп жиберсе боло тургандыгын Белоруссиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү. Эгерде А.Лукащенко 50 пайыздан араң ашкан добуш алып, анын негизги атаандашы С.Тихановскаяныкы 40 пайыздан ашып жыгылса, бийликтегилер ага тиешелүүлөрдүн бир бөлүгүн бурмалап салышты деп жаңжал кылышса жарашмак. Шайлоолордогу талаштар көбүнчө ит жыгылыш жыйынтыктардан келип чыгат. Бирок, 80,1 пайыз добуш алган адамдыкы жокко чыгарылып, жеңиш 10 пайыздан араң ашкан адамга ыйгарылышы керек деген талап, бул Батыштагылар чыгарган демократиялык демагогия. Эгерде жеңүүчү алар каалаган адам болбосо, 90 пайыздык добуш менен жеңгендин жыйынтыктарын жокко чыгарганга аракет кылса боло тургандыгын Белоруссиянын прецеденти көрсөттү.
Бизге КМШнын аймагынан андай коркунуч болбойт. Россия азыркыдай ийкемдүү бийликтин көпкө турушун каалайт. Бирок, парламенттик шайлоого Батыштагы, океандын ар жагындагы айрым күчтөр кийлигишүүгө, кысым, басым көрсөтүп, аны өздөрү каалагандай нукка оодарууга аракеттенүүлөрү, жыйынтыктарын талашуулары толук мүмкүн. Анткени, биздин Россия, Кытайга өтө жакын болуп, интеграцияланып баратканыбыз батыштагылардын көпчүлүгүнө жакпайт. Алар Кыргызстандын саясый бийлигинде проамерикалык, пробатышчыл күчтөрдүн басымдуулук кылып турушун каалашат. Белоруссияга салыштырганда бизде сырттан грант алып, дайыма алардын буйруктарын аткарып жүргөн дүжүр жарамазанчылар көп. Эгерде сырттан буйрук болсо, алар жабылып эски ырларын ырдап чыгышса, аларды ээлери колдоолору толук мүмкүн.
Ал эми кимдер фаворит боло тургандарына келе турган болсок, босоголук чектен 3-4 партия гана өтөт. Алардын ким экендиктерин деле айтат элек, бирок окуянын алдына түшүп жүгүрбөй коё туралы. Парламенттик шайлоодо жыйынтыктарды бурмалоолор болбойт, анткенге мүмкүн да эмес. Анын биринчи кезекте бийлик башында тургандарга зарылчылыгы жок. Баары бир чөнтөк парламент келе тургандан кийин курулай жаман көрүнгөндүн кандай зарылчылыгы бар? Ток этерин айтсак, дагы деле чоң акчалуулардын, бийликчилдердин ыкыбалдары келип турат.
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg” гезити, №27 (462), 19.08.2020-ж.