Баам-аналитика

25-июнда №47-дарылап-тартипке салуучу мекемеде 69 жаштагы өмүр боюн эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун дүйнөдөн кайткандыгы кабарланды. КР Жазаларды аткаруу Кызматынын билдирүүсүнө ылайык, А.Аскаров өпкөсүнүн оң тарабынан пневмонияга чалдыккан экен. Бирок, дарылануудан караманча түрдө баш тарткан. Ага өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппаратты кийгизишсе, аны  тытып салган. Экинчи жолу кийгизгенде медициналык кызматкерлерге байкатпай аппаратты өчүрүп салып, андан улам  кайтыш болгон.

Мурда мындай учур 1990-жылдардын ортосунда теги Жалал-Абаддык  бир саясатчыны дарылоодо катталган деп жүрүшөт. Ага тамчылама дарыны бере башташса, аны ийнеси менен кошо жулуп ыргытып жиберип, таптакыр врачтардын талаптарын аткарбай койгондон улам каза болгондугу  айтылып келет. Эгерде адам өзү дарылануудан баш тартса, аны мажбурлап дарылаганга мүмкүн эмес. Анын жыйынтыгы эмне менен аяктарын айтуу үчүн олуялык деле талап кылынбайт.

Убагында квалификациялуу медициналык дарылоо жүргүзүлбөгөндүктөн Кыргызстандын жазаларды аткаруу мекемелеринде жаткандардан жыл сайын 30-40 адам өлөт. Алардын көпчүлүгү өпкө жана жүрөк, кан тамыр оорууларынан. Онкологиялык дарттардан жапа чеккендери да аз эмес. Жетиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүүнү сунуш кылышса, алар кубануу менен макул болушмак. Бирок, аларды, дагы башка дарттардан кыйналып жаткандарды эч ким эстебестен ата мекендик  укук коргоочулар, чет элдик дүжүр комментаторлор эмнеге А.Аскаровдун өлүмүнө негизги басым жасашып, аны “Кыргызстандын бийлиги үчүн маскарачылык, уят иш” катары көрсөтүшүүдө?

Мунун себеби, Азимжан Аскаров мурда Кыргызстандын түштүгүнө белгилүү укук коргоочу болчу. Анын бул жаатта кандай иштерди аткаргандыгын билбейбиз, бирок 2010-жылдын июнундагы кагылышууларда бир топту баштап чыгып, Мыктыбек Сулайманов деген милиционерди өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жибергенге, дагы бир нече адамдын денелерине оор жараттарды келтиргенге катышкандыгы үчүн кармалып, өмүр бою  эркинен ажыратылган. Алардын  баары аудио, видео документтердин, ондогон адамдардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде тастыкталып, такталган. Ошондуктан соттук  бардык инстанциялар А.Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу жөнүндө өкүмдү күчүндө калтырышкан.

Укук коргоочулардын, эл аралык айрым уюмдардын талаптарынын негизинде 2017-жылы январда  Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап, аны актаганга же күнөөсүн жеңилдеткенге жүйөө тапкан эмес. Анын  мындай чечимин Жогорку Сот 2020-жылдын 13-майында колдогон. Укуктук жактан күнөөсү толук далилденген адамды күнөөсү жок катары көрсөтүүгө аракеттенип, биздин айткандарыбыз гана туура деп туруп алуу жөн эле укуктук нигилизмдин эң төмөнкү чеги, соттук системаны сыйлабагандык болуп саналат.

А.Аскаровдун ишин кыргызстандык укук коргоочулар саясый, укуктук гана эмес, каржылык жактан да аёосуз эксплуатациялашты. Анткени, ар бир укук коргоо кампаниясына сырттан олчойгон каражаттар төлөнөрүн бала деле билет. Эгер төлөнбөсө, биздин укук коргоочулар анын бары-жогуна деле кызыгышмак эмес. Анан алар А.Аскаров аркылуу өздөрүнүн уюшкандыктарын, таасирлерин демонстрациялаганга катуу чуркашты эле, ал да ишке ашпады. Эгерде сотко басым, кысым көрсөтүү аркылуу А.Аскаровду бошотуп жиберүүгө жетишишсе, “мына, биз кааласак адам өлтүрүүгө катышы барларды деле сүттөн ак кылып чыгарып жиберебиз”- деген маанайда куйруктарын чамгарактата көтөрүп басып калышмак. Бирок, кыргыз фемидасы, жогорку саясый бийлиги андай шантажга моюн бербегендиги эң эле туура иш болду.

Укуктук маселелер - укуктук талаада гана чечилиши зарыл. Албетте, короздун милдети ар күнү таң шоола салганда чакырып туруу болсо, укук коргоочулар да өз аттарын актоо үчүн укуктук маселелер боюнча  маселелерди көтөрүп туруулары керек. Бирок, чектен чыкпоо зарыл. Канчалык жан далбастасаң деле акты - кара, караны - ак деп эч кимди ынандыра албайсың. Ашкере эле анте бергендер биртке сый-урматынын, абийир-намысынын жана бедел-аброюнун баарын жоготушат. Кимде болбосун “булар грант үчүн ыймандарын деле сатып жиберишет турбайбы”- деген гана ой калат. Эгерде оор тагдырларга туш болушкандардын  абалдары чындап тынчсыздандырса, биздин укук коргоочулар эмне үчүн жазаларды аткаруу мекемелеринде оор абалдарда жаткандардын баарынын маселелерин көтөрүп чыгышпайт? 

Алар үчүн эч ким грант төлөбөгөндүктөн гана унутта калып келатышат.

Элибизде “өлүм ак, анын алдында бардыгы бирдей” деп коюшат. Ооба, андан эч ким качып кутулбайт. Биз деле А.Аскаров деле башка адамдардай бала-чакасынын колунда акыркы сапарга узаса болмок дегендерге кошулабыз. Бирок, кылган кылмышы ага да жол бербей турган болсо, ал үчүн прокуратура же сот органдары, же бийликтегилер  күнөөлүү эмес да. Колуң менен кылганды башың менен тартасың. Эң акырында А.Аскаров сөөгүн Өзбекстандын аймагына коюу жөнүндө керээз калтыруу менен өзүнүн Кыргызстанга карата чыныгы мамилесин  билдирди. Эмне дейбиз, анын денеси биздин арабызда жүргөн менен жүрөгү, жан дүйнөсү эбак эле башка жакка кетип калган экен. Эми ал  жакта тынч жатса болду…

Булак: “Майдан. kg” гезити