Эми илдеттин экинчи толкуну башталганда пандемиялык абалыбызды кескин начарлатып алуу абалында турабыз. Эмне үчүн?

 

Пандемиянын биринчи толкунунан татыктуу чыктык эле...

 Бүткүл дүйнөнү солкулдатып, аң сезимдүү адамдардын бардыгын түйшөлтүп жаткан коронавирус илдети 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарынан чыкса, аны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында пандемия деп жарыялаган. Илдеттин кеңири таркап кетүүсүнө жол бербөө үчүн Кытай өкмөтү аталган шаар менен кошо 60 миллионго жакын адам жашаган провинцияга эки айдай катаал карантиндик чараларды киргизип, анын талаптарын бузгандарды кандай жазалап жаткандыгын ЖМКлардан көрүп, окуп турдук. Бул илдетке кайдыгер караган бир да мамлекет, өкмөт болбоду.

Айрымдары, маселен, Индия, Испания, Өзбекстан, Россия ж.б. өзгөчө катаал карантиндик чараларды киргизишсе, калгандары да ар кандай чектөөлөргө барышты. Пандемиянын биринчи толкуну күчөп турган мезгилде дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү чет мамлекеттер менен авиа, темир жол, автокаттамдарын, экономикалык жана маданий мамилелерин чектешти, көпчүлүгү бир нече жумага биротоло токтотушту. Илдетке алгач жетиштүү маани бербеген Италия, АКШ, Испания, Франция, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдүн адамдык жана каржылык, материалдык жактардан кандай чыгымдарга, жоготууларга учурагандыгын да көрдүк.

Маселен, илдеттин биринчи толкуну күчөгөн маалда Италияда, АКШда күнүгө 10 миңге жакындан адам өлүп, дартка чалдыккандар ооруканаларга батпай, коридорлорго, атайын ылайыкташтырылган жайларга жайгаштырылып, чет өлкөлөрдөн адистерди чакырууга аргасыз болушту. АКШда өлгөндөрдү ар кимисин өзүнчө эмес, 30- 40 адамга бир казылган чоң аңдарга же боордоштордун мүрзөлөрүнө да көмүштү. Учурга карата дүйнөдө пандемиядан 470 миңге жакын адам өлсө, анын төрттөн бири АКШнын жарандары. Дүйнөдө медициналык тейлөөсү эң күчтүү, байлыгы ашып ташкан АКШнын пандемиянын кесепеттеринен улам тарткан финансылык зыяны 3 триллион доллардан ашты.

Ал эми дүйнө элинин тарткан жалпы каржылык зыяны 9 триллион доллардан өттү. Бу деген Япония менен ФРГнын бир жылдык ички дүң жыйымынан да көбүрөөк каражат. Бирок, пандемия биринчи толкун менен токтоп калган жок. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргызстанда да экинчи толкуну башталууда. Алсак, апрельмайда күнүгө илдетти жуктургандар орто эсеп менен 25-35тен ашпаса, азыр Бишкек менен Чүй облусунун аймагынан эле күн сайын илдетти жаңы жуктаргандар 100дөн ашык табылууда. Кокус, илдетти жаңыдан жуктургандар күнүгө 500-600дөп, же айрым чет өлкөлөрдөгүдөй миңдеп табыла баштаса, абалыбыз кандай болот?

Экономикасы күчтүү өлкөлөргө курама блоктордон, щиттерден убактылуу ооруканаларды кура салып, ал жайларга жүздөгөн, миңдеген илдетке чалдыккандарды жайгаштыра коюу өзгөчө маселени жаратпайт экен. Россия менен Өзбекстан ошондой кылышты. Тилекке каршы, Кыргызстандын андай каржылык, материалдык мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан илдеттин алдын алып, кеңири таркап кетүүсүнө жол бербөө үчүн биз эң оңой жолун же карантиндик чараларга басым жасоону тандап алдык эле, ал илдеттин биринчи толкунунда өзүн актады, аябагандай чоң натыйжа берди. Же Кыргызстандын пандемия боюнча көрсөткүчү КМШга кирген өлкөлөрдүн арасында 2020-жылдын биринчи жарымына чейин жакшы болуп келди.

Эми илдеттин экинчи толкуну башталганда пандемиялык абалыбызды кескин начарлатып алуу абалында турабыз. Эмне үчүн?

Кайдыгерлик: Мадумаров Арстан Алай менен теңтайлашканда

Пандемиянын алгачкы күндөрүндө адамдардын басымдуу көпчүлүгү чындап тынчсызданып, бири-бири менен учурашкандан, эл көп жүргөн жерлерге баргандан чочулап турушса, эки айдай убакыт өткөндөн кийин көбү антпей калышты, карантиндик талаптарга кайдыгерлер көбөйдү. Бул адам баласынын каны менен бүткөн психологиялык факторлордон, эң жаман нерселерге да тез эле көнүп, аны адаттан сырткары нерсе катары кабылдабай калат. Ал мурдагы согуштардын мезгилинде окоптун үстүнөн ок ышкырып өтүп турса, ичиндегилер карта ойноп, анекдот айтып отурушкандай эле нерсе. Экинчиден, элдин сезилерлик бөлүгүнүн карантиндик талаптарга баш ийбей, өздөрү билгендерди жасоосуна айрым саясатчылардын коронавирусту да саясатташтырып, ачыктан ачык эле карантиндик талаптарды бузууга чакырып жатышкандыгы да кошумча болуп, абалды оорлотууда.

Бул жагынан азырынча таасирдүү-капчыктуу эч ким менен бириге албай, парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстаны” катышаары белгисиз болуп турган Адахан Мадумаров өзгөчө активдүүлүк кылууда. Ал өткөн парламенттик шайлоодо А.Салымбековдун “Эмгек” партиясы менен биргеликте барса, бул жолу андай капчыктуу демөөрчү табылбагандыктан итатайы тутулуп, заманасы куурулуп, жер сабап, жөн эле чачын жулуп жиберчүдөй абалга жакындап калгандыгын анын Айданбек Акматов менен болгон маеги көргөздү.

“Мен муну 19-мартта айттым, жок эмес бар, ал сасык тумоодон коркунучсузураак болгон бир илдет, аны менен жабынып, чүмкөнүп алыштын кажети жок, бет кап тагынып жүрөсүңөр, бул аябай зыян деп айттым... пандемия деген бул калп, чет өлкөлөр аскердик машыгууларды өткөрдү, байкасаңар кээ бир өлкөлөрдө тез курулуучу ооруканалардын баарын коргоо министрликтери куруп жатышат... Уламдан улам “Үйүңдө бол” деп кыйкыра берип, ушунчалык коркок кылып салыптыр, жөнөкөй эл эмес, биздин муфтият да титиреп калды, мечиттерин жаап салды. Айт-намаз окутпай койду. Демек, алар бардык нерсе аллахтан дегенге ишенбейт экен... Белоруссия эч кимдин сөзүн укпай койду, “мен бул спекталга катышпайм” деп экономикаасын бир күнгө токтоткон жок. “Биринен бирине жугат” дегенди четке какты, Жеңиштин 75 жылдыгын чоң аскер парады менен өткөрдү.

 Бүгүн 15-июнь, бир ай алты күн өттү, кырылып калган эч ким жок. Демек, бүтүндөй жалган. Түркмөндөр да аскер парадын өткөрдү, кырылып калган эч ким жок... Чуу салып, чиркейди танк менен атуунун кереги жок. Бул эч коркунучу жок илдет. Өткөн жылдарга салыштырганда каза болгондордун саны аз болуп жатат”. Булар А.Мадумаровдун 15-июндагы маегинде коронавирус жөнүндө айткандары. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коркунучтуу пандемия деп таанып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү аны менен күрөшүп, бийлик, пандемияга каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн штаб карантиндик чараларды сактоону талап кылып жатканда медициналык тармакка эч кандай тиешеси жок, кесиби тарыхчы-коом таануучу саясатчынын бар нерсени жок, ал кыргыз бийлигинин коркоктугунан эле жаралган нерсе катарында көрсөтүүгө далалаттанып жаткандыгы коомчулукка Арстан Алайдын өтө эле чектен чыккан “оригиналдуу” билдирүүлөрүндөй угулууда.

Арстан Алай “коронавирусту Кыргызстанга киргизбөөгө” убада берсе, Адахан Мадумаров дүйнө жүзүн коркуткан вирустун реалдуулугун танып, жөнөкөй сасык тумоодон да алсыз нерсе катары көрсөткөнгө аракет кылып жатат. Же ал медицина жааты боюнча өзүн дүйнө жүзүндөгү ак халатчандардын бардыгынан билгич, акылдуу деп эсептейби? Мунусу Арстан Алайдын “Коронавирусту Кытайга мен жибергем” деген убадасындай эмеспи?

Тескери чакырыктарды таштаган Мадумаровго айып пул салынабы?

 Чын эле коронавирус коркунучтуу болбосо, анда эмнеге Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия деп жарыялады? Дүйнөнүн негизги өлкөлөрү пантомдой жок нерсе менен күрөшүү үчүн эле триллиондогон, миллиардаган долларларды жумшап жатышабы? Ал үчүн биздин бийликтегилер коронавирусту ойлорунан чыгара койгон жок да. Эгерде жогоруда аталгандар пандемиянын биринчи толкунун адекваттуу кабылдабай, өз убагында карантиндик чараларды көрбөй, дартка чалдыккандар азыркыдан эселеп көбөйүп кетсе, анда Адахан Мадумаров “мына, бийликтин элге жасаган мамилеси. Эл кырылып жатса да аны менен иш албайт. Убагында чектөө чараларын киргизбей, ооздорун Ошту каратып ачып отурушкандан ушундай көрүнүштөр орун алууда” деп айгай салып чыкмак. Мүмкүн, анын саясый жактан цейтноттук абалын, акыркы убактарда өтө эле агрессивдүү болуп бараткандыгын, ансыз деле өз маегинде бийликтегилер жөнүндө “булар адам учурашканга да татыксыздар” дегенге чейин дегенге түшүп кеткенине караганда жогорудагыдан да ачуу сөздөрдү айтмак.

Чындыгында Адахан Кимсанбаевич саясатчы катары жөнөкөй этиканы, моралдык ченем-нормаларды да эске албастан пивоканадагы мурундары кызаргандардын ооздорунан чыкпас сөздөрдү деле урдурууда. Ал айткандан уялбаса, биз аларды бул жерде келтиргенден уялып жатабыз. Биз мында пандемия менен күрөшүүдө бийлик, тийиштүү мекеме-уюмдар эч кандай жаңылыштык кетирген жок, бардыгы идеалдуу болууда дегенден чыгаруудан алыспыз. Жаңылыштык кетиргендери үчүн мурдагы саламаттыкты сактоо министри менен ал тармакты тейлеген вице-премьер-министр баштагандар кызматтарынан алынды. Дартка чалдыккандардын төрттөн бири ак халатчандар өздөрү болуп жатканы да ар кандай ойлорго түртөт. Иш болгон жерде кемчиликтер да болот. Бирок, жалпысынан бийликтегилер, ак халатчандар илдеттин биринчи этабында өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышкандыгына ырахмат гана айтышыбыз керек. Эми эң оор сыноо - илдеттин экинчи этабында болууда. Күнүгө 200гө жакындан жаңы жугузгандар катталып, 2-3төн адамдын кайтыш боло баштагандыгына караганда пандемиянын экинчи этабы биринчи этабына салыштырганда аябагандай эле оор боло тургандай. Экинчи толкундун канчага созулары да белгисиз. Мындай оор сыноодон карантиндик талаптарды, жекече гигиеналык эрежелерди бекем сактап, биримдикте, ынтымакта болуу менен гана чыга аларыбызды көңүлдөн чыгарбасак. Мындай учурда “коронавирус - деген айрымдар ойлоп чыгарган миф. Ал жөнөкөй сасык тумоодон да коркунучсуз. Карантиндик талаптарды сактабагыла”- деген чакырыктарды таркатуу элге кыянаттык, душмандык кылган менен барабар. Азыр айрымдар коомдук жайларга беткапсыз киришсе, же эл көп катышкан иш чараларды өткөрүшсө, айып пулдар салынууда. Биз сары формачан кыздар, жигиттер коомдук автоунааларда беткапсыз бараткандарды кубалап түшүрүп жатышкандарын да көрүп атабыз. Экс-премьер-министрди узатууда карантиндик талаптарды сактабагандарга айып пулдарды санэпидкөзөмөл бөлүм башчылардан жогоркуларынын ар бирине 3 миң сомдон айып пул салды. Ал да болсо, казынага пайда. Эмне үчүн элди карантиндик чараларды сактоого чакырган органдын кызматкерлери өздөрү ал талаптарды сактабашы керек?

Мындай учурда бүткүл Кыргызстандын элин ачыктан ачык пандемия деген дартты эстен чыгарып, карантиндик талаптарды сактабоого чакырып жаткан саясатчыларга карата эч кандай чаралардын көрүлбөй жаткандыгы да түшүнүксүз. Алардын бюджеттен ири суммадагы каражаттарды жумшап, пандемиянын алдын алып, таратпоо боюнча аткарган иштеринин көбүн жогорудагыдай деструктивдүү чакырыктар жууп, жокко чыгарып жатканда, аларга пассивдүү мамиле жасоо туура эмес. Анын сөз эркиндигине же адам укуктарына эч кандай тиешеси жок.

Кудай өзү сактасын, бирок жаман айтпай жакшы жок дейт, кокус элдин көбү андай чакырыктарга ишенип, карантиндик талаптарды таптакыр сакташпай, өлкөбүздөгү пандемиялык абал бийликтин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн чыгып кетсе эмне болот? Тү, тү, кудай анын бетин ары кылсын, бирок жараткан деле сактанганды сактайм дегенин эстен чыгарбасак. Күнүмдүк саясат, жекече кызыкчылыктары үчүн бүтүндөй өлкөнү бүлгүнгө түртүп жибергилери келип жаткандардын арам ойлуу сөздөрүнө азгырылбасак.

 

Автандил Белеков, “Майдан. kg” гезити