Бишкек, “Саясат.kg”. Эксперт Расул Умбеталиев чиновниктердин сөздөн адашып жатканына сабаты тайкылыгы себеп болуп жатканын айтып берди...

15-апрелда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков дагы бир жолу сөзүнөн жаңылып, математикалык теорияларды “эң жогорку деңгээлде” билээрин далилдеди. Ал өз сөзүндө: “Жогорку Кеңеш өкмөттү колдоп, өзгөчө абал режимин 27-апрелден 15-апрелге чейин узартуу жөнүндө токтом кабыл алды”,- деп айтты. Мындан бир аз мурда эле жогорку медициналык-эпидемиологиялык билим бар экенин: “бири-бирибизге коронавирус жуктарсак, баарыбыз утушта болобуз” деп айтып, далилдеген болчу.

1-вице-премьер-министр болсо карапайым калктын турмушунун жакшырып жатканына далил катары айылдарда эшектердин санынын азайгандыгы менен салыштырган. Жаңыдан дайындалган Саламаттыкты сактоо министри С.Абдыкаримов болсо – “бүгүнкү, 33-апрелдеги оперативдүү маалыматка караганда...”- деп таң калтырган. “ЧП” режимин дагы жакшы, 33-апрелге чейин киргизип салышкан жок!

Ал эми баарынан да биздин жаныбызды КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов деген тыңчыкма кашайтты. Түз эфирде сүйлөп жатып, ал: “Гуманитардык жардам алып жаткан областтын жашоочулары шариат мыйзамдарына ылайык тилемчилер”- деп айтканын баары укту. Мүмкүн, губернатор айрым бай адамдардын дагы гумжардамдарды уялбай алып жатканына көңүл бургусу келгендир. Бирок, билим деңгээлиң, сөз байлыгың жетпей турса мындай нерсени жеткиликтүү түшүндүрүп бериш кыйын экендигин ачык айтып койсок болот. Гумжардам аз камсыз болгон же турмуш-тиричилиги кыйын үй-бүлөлөргө багытталат жана аны губернатор өзүнүн чөнтөгүнөн берип жаткан жок. Ошону эске алганда, аткаруу бийлигинин калдайган облустагы өкүлү бүтүндөй бир аймактын элин кемсинтип, шылдыңдады. Ал апаларыбызды, аталарыбызды, кичинекей балдарыбызды көчөдөгү селсаяктарга салыштырды. Себеби, бүгүнкү кырдаалда кыйынчылыкка тушукпаган жана жардамга муктаж болбогон адамдар аз. Мына ушундай беттери табактай болгон, сабаты башталгыч класстын деңгээлине да жетпеген чиновниктер келип алып, кыргыз элин кемсинтип, кадыр-баркына доо кетирип сүйлөөдө. Адамдагы ыйык нерсенин баарын булгап бүтмөй болушту!

Конституцияда “мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы – эл”- деп кашкайып жазылып турат. Мамлекетти эл түзөт. Бизде баары тескери. Бийлик элге кызмат кылгандын ордуна, кайра кекетет. Бул жөн калбайт. Өкмөттүк чиновниктер журналисттерди, соцтармак колдонуучуларын “фейк-маалымат таркаткандыгы үчүн” кармап алып, “элден кечирим суратканды” жакшы көрүшөт. А өздөрү бул кылыктары үчүн эмнеге кечирим сурабайт, беттери кызарып койбойт го! Арийне, алар “сөздөрүбүздү ичинен сууруп алыптыр, жалпы мааниси башкача болуптур”- деп жанын жеп актанышат! Эч кандай жоопкерчилик тартышпайт! Бирок, жөнөкөй адамдарды “кечирим суратса” буларга боло берет! Карапайым калкка анда мындай чиновниктердин эмне кереги бар? Ушуларды эл тандап, койдуруп жатабы? Өздөрүнүн ахыбалынан кабар алганды билишпей да, элге кантип дем алыш керектигин үйрөтүшөт. Анан ушуларга келечегибизди кантип ишенип карматып коюп жүрөбүз?!

Расул Үмбөталиев,

коомдук ишмер,

“Таза Кол” фондунун төрагасы