Россиялык эксперт Дмитрий Верхотуров  REGNUM  маалымат агенттигине  Кыргызстандын  мурдагы  президенти Алмазбек Атамбаевдин кармалышына байланышкан кырдаал боюнча пикирин билдирип, Атамбаевдин абакта узак мөөнөткө отуруп калышы ыктымалдыгын айтты. 

 

- Москвадан Кыргызстандагы окуялар кандай көрүнүп атты?

 

- Алмазбек Атамбаевдин төңкөрүш жасоого болгон аракети катары кабылдадык. Формалдуу түрдө сөз Атамбаевди  күчтөп суракка алып келүү жөнүндө болуп жатты, бирок иш жүзүндө Атамбаев өзүн мыйзамдан жогору койду, бийликти ушундай ыкма менен узурпациялап алды десек болот.

Аны кармоо боюнча биринчи штурм ишке ашпай калганда, экинчи аракет болору боюнча менде эч кандай күмөн жок болчу. Анткени, Атамбаевдин кармалуудан баш тартуусу президент Сооронбай Жээнбековдун саясий жеңилишин билдирмек. Бир канча сааттык чыңалуулардан соң кырдаал жөнгө салынды, толук болбосо да негизинен чекит коюлду.

 

- Жакшы жана жаман варианттан алып карай турган болсок, эми кармалган Атамбаевдин тагдыры кандай болот ойлойсуз?

 

- Атамбаевге байланыштуу жакшы сценарийди көрбөй турам. Абакта узак убакытка, балким өмүр бою отурушу мүмкүн. Ага коюлган мурдагы айыптарга эми жаңы айыптар кошулду. Так айта турган болсок, Атамбаев спецназ Үсөнбек Ниязовдун өлүмү үчүн жооп бериши керек. Эгерде аны Атамбаев атканы далилдене турган болсо, атылган ок Атамбаевдин колундагы винтовкадан чыгарылгандыгы далилденсе, анда мурдагы президент адам өлтүргөндүгү үчүн жооп бериши зарыл.

 

Жаман варианты – аны өлүм жазасына тартуу маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн. Бул менин жеке оюм. 7-8-августтагы болгон окуялардан кийин Атамбаев коом үчүн  өзгөчө коркунучтуу, өлкөнүн мыйзамдарын ачык да, жабык да тоотпогон, ага башкаларды  да кириптер кылган, мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырууга аракет кылган кылмышкер болуп калды.

 

- Москва бул чатакка кийлигишпей турганын бир канча жолу билдирген. Айтканында турду, кандай учурда кийлигишпөө боюнча убада аткарылбай калмак?

 

- Москва кийлигишпейт болчу, анткени, кырдаал башынан эле белгилүү болуп калган. Атүгүл сырттан көз салган  мага деле маалым эле. Жогорку жактагыларда жетиштүү маалыматтар болду  да, алар Атамбаевдин колунан эч нерсе келбестигин, президент Жээнбеков болсо чечкиндүү кадамдарга барарын эң сонун билип турушкан. Путин Жээнбеков жана Атамбаев менен сүйлөшкөндөн кийин баарын кылып аткан  Атамбаев экени айкын болду, ал оозеки түрдө айтылган  туура кеңешти кулак сыртынан кетирди. Кандай болгон күндө да кырдаалга Кремль кийлигише алмак эмес. Москванын кырдаалга аралашуусу иш жүзүндө Кремлдин Атамбаевди колдоп атканын билдирип калмак. Ошол себептен Кремль оолак болуп турду.

 

 

 

Редакция тарабынан кыргызчаланды

Булак: “Майдан. kg” гезити