Текебаев да 7-апрель кайгысын элдин башына салган бийлик менен Атамбаевден ашса ашык, асты кем эмес курөш жургүзгөндөрдүн туу башы болчу!

 

 

Акыркы мезгилде президент А.Атамбаевдин башкы сынчысына айланган, киреше-чыгашасына, Кипрдеги бизнесине чейин текшерип келгендигин айтып, коомчулукта чоң резонанс жараткан Өмүрбек Текебаев эртеби-кечпи бийликтин тузагына илиниши мүмкүн эле. Эгер бийлик ушундай “ва-банк” жасабаса, анда Ө.Текебаевдин мамлекет башчыга карата айтылган айыптоолору чындыкка айланып, 2005-жылдын 24-марты же 2010-жылдын 7-апрель окуялары кайталанып кетиши мүмкүн болчу. Бирок бүгүнкү кырдаал деле опурталдуу болуп турат. Себеби Ө.Текебаев Венадан Стамбул аркылуу учуп келген таңкы саат үчтөн тартып камалары менен анын тарапкерлери Базар-Коргондо, Ошто, Жалал-Абадда, Бишкектин УКМК имараты менен “Ала-Тоо” аянтында митинг уюштурушууда.

 

Алардын талабы – Ө.Текебаевди токтоосуз бошотуу. 26-февралда УКМК имаратында өткөрүлгөн митингде экс-президент Р.Отунбаева Ө.Текебаевди үй камагына чыгаруу талабын койду. Ал эми Ө. Текебаевдин кичи мекени – Базар-Коргондо жердештери жол тосо баштаганы айтылууда. Ошондуктан укук коргоо органдары Ө. Текебаевди “Манас” аэропортунан дем алыш күн экендигине карабай эки автобус толо өзгөчө даярдыктагы куралчан милициялар менен “салтанаттуу түрдө” тосуп албай эле койсо болмок. Андан көрө үйүнө эле “повестка” жөнөтүп, чакырса, сурактан качып кетпесе керек эле. Эгер барбай койсо, анда “күнөөсү бар, орус бизнесмени Л. Маевскийден 1 млн. доллар алгандыгы чын экен” деп “кара жащик” КТРКдан күнү-түнү чийилген пластинкадай кайталаса деле жарашмак. Бир чети 26-февралдан тартып аба ырайы кескин жылып,  жаздын илеби келгендиктен, элдин ( Ө.Текебаевдин жактоочуларынын) пикет, митингге чыгууга мүмкүнчүлүгү болууда.

 

Демек, аты-жөнү гана башка болбосо, кылган иши, кылык-жоруктары экс-президенттер А.Акаев менен К.Бакиевден кем калбаган, ашса ашкан А.Атамбаев башында турган бийликтин шиши толду. Эң оболу Кыргызстандын тышкы карызы акыркы 6 жылда дагы эки миллиардка өсүп, 4 миллиард долларды чапчып калды. Кыскасы, жалаң карыз менен гана жашап калгандайбыз. Экинчиден, өлкөбүздүн ЕАЭБге киргендигинен эч кандай майнап чыкпай, дыйкан, фермерлерибиз этин, балын мындай кой, кошуна казактарга картошкабызды сата албай, “картошкаңардын курту бар экен” деген шылдыңга кабылып отурабыз. Ал эми ЕАЭБге кирер алдында президент баш болуп чиновниктерибиз “Мындан ары Кыргызстан 180 млн. калкы бар рынокко кирет, мигранттарыбызга баардык жеңилдиктер берилет, эмгек күчү арзан, салык жеңил болгондуктан, бизге инвестиция суудай агылат” деген болчу. Бирок иш жүзүндө баары тескери жагына айланып, ансыз деле бузук арабадай араң кылдырап бараткан экономикабыз ташбака жүрүш менен кыбырап калды.

 

Баарынан да А. тамбаевдин бийлиги мурдагы үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан да аша чаап, анын мурдагы шоопурларынан, таразачыларынан, катчылары менен жансакчыларынан турган партиялык, криминалдык башкарууга айланып калды. Дал ушул элдин көңүлүнө көк таштай тийген адилетсиздик менен зомбулук, социалдык көйгөйлөр элди 2005, 2010-жылдардагыдай бириктирип, Ак үйдүн алдына чыгууга негизги себеп болушу мүмкүн. Ал эми Ө.Текебаевди бошотууну талап кылып митинг өткөргөндөрдүн жолбашчылары баягы эле окшош жүздөр. 27-февралда саат 17ден кийин Ала-Тоо аянтындагы  митингчилер Т.Акун, К.Иманалиев, А.Салянова, М.Аскарбеков, А.Турдукуловдун артынан Ак үйдүн алдына орун которуп, темир тосмого барып такалышты. Анткен менен бири да темир тосмодон ашып түшө алышпаган менен, бийлик башчыларынын чыгып, жооп берүүсүн талап кылышты. Алардын мындай саясый акциясы “чоң казатка” даярданган машыгууну элестетип турат...

 

Бирок 2005 жана 2010-жылдардагыдай “ата мекенчилерди” жалпы эл жапырт колдобойт деп айтуу да кыйын. Ырас, айрым маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда жана көчөлөр менен базарларда “Эгер Ө.Текебаев ак, таза, чынчыл болсо, укук талаасында күнөөсүз экендигин, орус бизнесмени Леонид  Маевскийден 1 млн. доллар албагандыгын далилдесин”,- деген сөздөрдү айтып, жазышууда. Бирок, ошол эле маалда “Ата Мекендин” лидерин анын партиялаштары, айрым жердештери, бүгүнкү бийликке нааразы болгондор эле эмес, бүтүн кыргыз коомчулугу жана демократияны туу кылып көтөргөн ааалмдык өлкөлөр да ачык колдоого алууда.

 

Ал эми 27-февралда  «Мекен шейиттери», «Айкөл-Ала-Тоо», «Эр теги» жана «Апрель байрагы» коомдук уюмдарынын өтүнүчү боюнча Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү азыркы абалды жана Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулоо үчүн алардын өкүлдөрү менен жолугушуп, “күтүүсүз кадам” жасады.

 

Мамлекет башчы  менен алар 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары жана жаракат алган жарандар, ошондой эле апрель окуялары учурунда Бишкек шаарынын жашоочуларын кыйроо-талоондордон жана мародерлуктан коргошкон активисттер айрым саясатчылардын кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартуудан качууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу сөз болду.  Алар коррупцияга жана мародерлукка белчесинен малынган адамдар Апрель революциясынын баатырларынын жаркын элесине көлөкө түшүрүп гана чектелбестен, өздөрүнүн уурулугу жана паракорлугу үчүн жооп бере турган убак келгенде баатырлардын ыйык атын жамына калгысы келгенине өзгөчө нааразылык билдиришти. «Курман болгон баатырлардын атын пайдаланууга алардын моралдык укугу жок. Алар буга татыктуу эмес», - деди «Эр Теги» коомдук уюмунун теңтөрагасы Айчүрөк Камаева. Анын атасы Үсөнбек Камаев 7-апрелде «Ала-Тоо» аянтында курман болгон экен. Ырас, жарааты түбөлүк айыкпас мындай адамдарды ар кандай кеп-сөздөр менен соттоодон алыс болуубуз абзел. Бирок, ошол эле маалда апрель окуясынан жабыркагандар жана алардын жакындары калыстыкты бир гана ажо Атамбаев тараптан издөөсү чон жаңылыштык экенин да моюндап коюулары шарт. Ошол эле кезде Текебаев да 7-апрель кайгысын элдин башына салган бийлик менен Атамбаевден ашса ашык, асты кем эмес курөш жургүзгөндөрдүн туу башы болчу! Бүгүнкү камакка алынуусунун да негизги себеби так ошол апрель кайгысын элдин башына салган бийликтин жолу менен кетип бара жатканын азыркы бийликке сөөмөй кезеп, айтканында болуп жатпайбы!

 

Кыскасы, Ө.Текебаев жана анын тарапкерлери менен бийлик тарап азырынча бири-бири менен “ит жыгылыш” абалында турат. Эл кимисин колдосо, ошол тарап гана жеңишке жетери талашсыз. Андыктан бир эмес, эки революция-төңкөрүштү, эки ирет Ош окуяларын баштан өткөрүп, мурда оппозиция болуп жүрүп, бийликке келгенден кийин эле “жети баштуу ажыдаарга айланып, коррупцияга белчесинен батып кеткен жана карапайым элдин үмүтүн актап, турмушун жакшырта албаган бийликти колдойбу, же учур бийлигин “ажыдаарга айланып баратасың” деген аксиомасы үчүн айыпталган Ө.Текебаев жана анын командасына колдоо көрсөтөбү же үчүнчү жолду тандайбы?...

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити