Элдин эсинде болсо 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон көп өтпөй бир катар өкмөттүк эмес уюмдар, саясатчылар, атургай айрым депутаттардын өздөрү парламентке, бийлик бутактарына криминал аралашып кеткенин айтып чыгышкан. Ага удаа эле жаңы бийлик башындагылар “караларга” катуу күрөш жарыялап, Кыргызстанды алардан тазалаарын билдиришкен болчу.
 
Тилекке каршы, акыркы беш жыл ичинде бийлик аларды бирде камап, бирде кое берип, айрымдарын Интерпол менен издемиш болгону эле болбосо бул боюнча жарытылуу иш кылган жок. Башкасын айтпай эле жакында эле Минск шаарында киши колдуу болгон Алманбет Анапияевди алалы. ИИМ өзү кримавторитет деген Камчы Көлбаевди кармап, кайра сот аны актап жиберет дагы, анын оң колу делген Алманбет Анапияевди 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издетип, аны такыр эле “таппай” койгон. Ошол эле убакта ал ММКларга “Алыш” федерациясынын президенти катары маектерди берип, эч кандай криминал эместигин айтып, бийликти каалаганындай эле шыбап келди. Эми минтип өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Президент башы менен эч нерсе далилдене электе эле Анапияевди Жаныш Бакиев өлтүргөнүн айтып, Беларусь бийлигине кайрылуу жолдоп жиберди. Муну менен Президент өзүнүн ким экендигин дагы бир ирет далилдеп, анын максаты – Бакиевдерди алып келүү эмес, эптеп элдин көңүлүн башка жакка буруу экендигин көрсөттү.
 
Атамбаев Президент экендигин качан билет? 
 
Эмне максат менен айтканын ким билсин, 26-февралда Алмазбек Атамбаев Анапияевдин өлүмүнө күйгөндөй “бир нече күн мурун чуулгандуу Жаныш Бакиевдин Минскиде өзүнүн криминал чөйрөсүндөгү жакын адамына карата кылган кандуу криминалдуу “разборкалары” Бакиев үй-бүлө мүчөлөрү Белоруссияда эч качан жазаланбасын сезишип, баш кесерлери менен дагы деле адам өлтүрүүнү улантып жатканын айгинелеп отурат. Муну кылмыш күбөсүнүн Белоруссиянын борбор шаарындагы кварталдардын биринде Жаныш Бакиев жана анын жанжөкөрлөрү А.Анапияевди өлтүргөндүгүн далилдеген көрсөтмөлөрү тастыктап турат. Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана достук мамиледеги беларусь эли көркоолорду баш калкалатып жатышканын акыры түшүнөт деп ишенем. Беларусь эли Хатынь кыштагындагы дүйнөнү титиреткен 1943-жылдын жазындагы трагедияны унута албаган сыяктуу эле, кыргыз эли Бакиевдердин буйругу менен Бишкектин борбордук аянтында карапайым адамдар атылган 2010-жылдын жазын эч качан унутпайт. Кыргызстанда Бакиевдерди эл жырткыч катары эстешет. Бул канкорлордун адамдарды тирүүлөй өрттөгөнүн, журналисттерди майып кылып өлтүргөнүн, бизнесмендердин колу-буттарын сындыргандыгын, курмандыктарынын кулак-мурдун кесип таштаганын эл унутпайт. Беларусь бийлигинин Бакиевдердин жырткычтыгына, киши жегичтигине көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда болбосун, ошол эле канатына калкалаган Белоруссияда да кан төккөнүн уланта берет! Беларусь жетекчилиги мындан ары кыргыз өлкөсүндө карапайым жарандарды өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган кылмышкерлерди калкалабайт деп үмүттөнөм. Беларусь тараптын бул кылмыштарды кылгандарды катуу жазалап жана Кыргызстанга канкорлорду кармап, өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшү Белоруссиянын жана анын жетекчилигинин эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө шарт түзөт деп ишенем” деп жиберди. Белгилүү журналист Нарын Айып жазгандай, бул билдирүү менен азыркы бийлик коомдук резонанс жаратып, аны өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалангысы келип жатканы көрүнүп турат. Болбосо 90 адам өлгөндө мындай билдирүү жасабаган Алмазбек Атамбаев Алманбет Анапияев өлтүрүлгөндө Александр Лукашенкого кайрылгыдай Анапияев мамлекеттик деңгээлдеги саясый ишмер эмес эле. Же Президент бөркүндөй ишенгидей Гүлжигит Абилазизов ошончо олуттуу фигурабы?! Эгер Абилазизовдун айткандары чын болсо неге Лукашенкого түз баш ийген Беларусь тергөө комитети эмдигиче муну тастыктай албай жатат? Демек бул жерде юрист Мукар Чолпонбаев айткандай, саясый мотив бар. “Мындай кылмыштар көп эле болуп жатат. Аны эч кимге билдирбей эле Интерпол же тергөө башкармалыгы аркылуу өз ара келишип алып, иш далилденгенден кийин гана ачыкка чыгарып келатышкан. Кыргызстанда иш козгобостон эле шайлоонун алдында баарын ачык жарыялап жиберүү – балким бийликтин биз катуу иштеп атабыз дегени го” дейт М.Чолпонбаев “Азаттыкка” берген маегинде.
 
Беларустар эмоцияга алдырбагыла дешти 
 
Атамбаевдин бул билдирүүсүнөн соң Беларусь ТИМи «Нет смысла комментировать оскорбительные параллели и высказывания руководства Кыргызстана в адрес Беларуси. Подобные перегретые эмоциональные заявления были бы невозможны на уровне лидера цивилизованного государства. Но даже если оставить за скобками их предвзятость, то озвученные на высшем уровне обвинения в совершении тяжкого преступления идут вразрез с общепринятыми международными нормами уголовного судопроизводства.В любой современной стране Конституция и законы устанавливают, что никто не может быть признан виновным в совершении преступления, пока его виновность не будет доказана вступившим в законную силу приговором суда . Однако, судя по ряду заочных уголовных процессов, прошедших в Кыргызстане, эта страна в целом имеет свой специфический подход к правосудию. Это вызывает сомнение в способности кыргызского государства обеспечивать соблюдение прав своих граждан, в том числе и права на справедливую судебную защиту. Компетентные органы Республики Беларусь четко выполняют свою работу и предпринимают все необходимые меры по установлению и задержанию лиц, причастных к убийству предположительно гражданина Кыргызстана. Любое вмешательство в их работу, в том числе и со стороны высших должностных лиц иностранных государств, в корне неприемлемо» деп Президенттин көзүн ачкандай билдирүү жасады. Бул билдирүүсү менен Беларусь ТИМи Алмазбек Атамбаевди орусча айтканда, “ниже плинтуса” кылып койду. Ага болбой эле биздин ТИМибиз тим калбай “Беларусь ТИМинин билдирүүсү бул өлкөнүн официалдуу органдарынын Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерди, анын ичинде Жаныш Бакиевди ар кандай жол менен коргоп жатканына” өкүнгөнүн билдирди. Албетте, эгер кылмышка күнөөлүү Бакиевдер болсо мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек. Бирок эртең Беларусь бийлиги Алманбет Анапияевди Жаныш Бакиев эмес, таптакыр башка бирөөлөр өлтүргөнүн далилдесе, ажобуз анда эмне дейт? Анапияевди ким өлтүргөнүн Минск тастыктабаса да эртеби-кечпи “каралар” өз “разборкалары” менен тастыктайт. Мурдагы Башкы прокурор Байтемир Ибраев айткандай, кокус Абилазизов көрсөтмөлөрүнөн баш тартса кыргыз бийлиги кызык абалда калат. Анда өлкө башчыбыздын айтканы кандай болуп калат? 
 
“Абилазизовдун айткандары 99 пайыз жалган” 
 
Бишкек менен Минск минтип кайым айтышып жатса, эл ичинде, ММКларда Алманбет Анапияевди ким өлтүрүшү мүмкүн деген талаш күндөн күнгө күчөп баратат. Анапияевдин агасы Калмамат Анапияев инисин Жаныш Бакиев өлтүрттү деген Гүлжигит Абилазизовго ишенбесин, анткени иниси Минскиге эки ай мурун эмес өлөр күнүнөн үч-төрт күн мурун гана келгенин айтат. “Ички иштер министринин тергөө бөлүмүнө көрсөтмө берген Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсү 99% жалган. Көрсөтмө берген адам Гүлжигиттей болуп бербейт. Бул нормалдуу адамдын көз карашында акылы кем адамга да түшүнүктүү болуп турат. Биринчи жолу тергөөчүнүн алдында көрсөтмө берген адам кафеде чай ичкендей отурбайт. Иликтөө ишине өзүм киришем” дейт ал ММКларга берген маегинде. Калмамат Анапияевдин айтымында, Анапияевдин өлүмүнө Гүлжигит Абилазизовдун да түздөн-түз тиешеси бар. “Абилазизов мурда инимдин колунан нан жеп, анын акчасына кийинип жүргөн. Акыркы учурда ал анын жанында болгон жана аны менен байланышып тургандар менен биригип Алманбетти сатып кетишти. Мен баарын билем” дейт шектенүүсүн бул сөзү менен бекемдеген К.Анапияев. Анапияевдин агасынын айтканында да чындыктын үлүшү бардай. Анткени Г.Абилазизов өз көрсөтмөсүндө “мен Алманбет байке менен мурда-кийин байланышым жок” деген. Андан көп өтпөй эле анын адвокаты Кайрат Загибаев “менин жактоочум 2014-жылдын август айында Анапияевден дүйнөлүк панкратион чемпионатына катышууга жардам сураган” деп жатат. Демек, Абилазизов мурда эле Алманбет Анапияев менен тааныш болгон. ИИМ болсо Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсүн Ютуб, КТРКга чыгарып жибергенден бери бул тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Болгону Анапияевдин адвокаты Кайрат Загибаев Айдын Адилов деген жалган ат менен жүргөн Айбек Абдразаков кармалганын жана Роман Дементьев аталып алган Рустам Сайдуев изделип жатканын билдирген. А Беларусь бийлиги болсо азырынча эч кандай маалымат бере элек.
 
Мелис СОВЕТ уулу
Булак: "Жаңы Агым"