Бишкек, "Саясат.kg". Мурда суу сактагычтын үстүнө понтонндук көпүрө куруу идеясы да каралган.
«Жол азабын ошол жолдо жүргөн адам гана билет” демекчи, кичи мекениме барган сайын Токтогул суу сактагычын 1 сааттан ашык айланып өткөн учурларда: “Жолду узартпай, элди кыйнабай, Токтогул суу сактагычынын үстүнөн көпүрө куруп койсо болбойбу” дей берчүмүн. Андай көпүрө курулса, 1 сааттан ашык айланып өтчү жерди 5-6 мүнөттө өтүп, жол 80-90 чакырымга кыскарып, эл кыйла эле жыргап калмак.
Кийин андай көпүрөнүн долбоорун атайын адистер даярдашып, деталдуу иштеп чыгышып, канча каражат керектигине чейин эсептешип, долбоорду ишке ашырууга белсенип жүрүшкөнүн билдим. Долбоор менен да таанышып көргөм. Бирок мурдагы президенттердин бирөөсү да долбоорду жактырышканы менен бюджетте акчанын жоктугун айтышып, долбоорду колдоого алышкан эмес. Даярдалганына көп жыл болгон долбоордун акыры багы ачылганы калды окшойт. Дегеним, президент Садыр Жапаров Өзгөндөгү айланма жолдун ачылышында аталган көпүрөнүн курулушу керектигин белгилеп, көпүрө курулса Бишкек-Ош жолу 80 чакырымга кыскарарын айтты. Бул долбоорду президент жактырып, МЖӨ (ГЧП) негизинде ишке ашырууну мерчемдеп атканын билдирет.
Мурда суу сактагычтын үстүнө понтонндук көпүрө куруу идеясы да каралган. Бирок суунун көлөмү өзгөрүп тургандыктан, мындай көпүрөнүн коопсуздук жагы ар кандай суроолорду жараткан. Ал эми президент айткан долбоор боюнча көпүрө АКШнын Сан-Франциско шаарына кире бериштеги атактуу “Алтын дарбаза” көпүрөсүнүн чакан аналогиясы болот. Долбоор “Айкөл Манас” деп аталат. Долбоордун негизги авторлору, архитектор Алтынбек Бузурманов, адистер Абаскан Бийсаков жана Сыдыкбек Курманбеков.
Көпүрөнү куруудагы башкы максат – жолду 80 чакырымга кыскартып, элдин түйшүгүн жеңилдетүү. Мындан сырткары, эл аралык деңгээлдеги курорттук-рекреациялык зона, ири туристтик комплекстер пайда болот. Аймактын инфратүзүмдөрүн жакшыртат, Бишкек-Ош жолун кармоого кетчү чыгымды азайтат, авто унаалардын күйүүчү майларын үнөмдөйт, аймактын жашоочуларына кошумча жумуш орундарын түзөт, Кыргызстанга, анын ичинде аймакка келчү туристтердин санын арттырат, авто унаалардын, адамдардын, малдын катышууларындагы жол кырсыктарынын санын азайтат, авто унаалардан чыккан зыяндуу газдардын азаюусу экологиялык кырдаалга оң таасир этет.
Долбоордун авторлору МЖӨ (ГЧП) негизинде ишке ашырууну сунуштап жатышат. Президент тарабынан колдоого алынып, долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө тапшырма берилсе, аталган көпүрө курулганы туру. Эң башкысы, негизги инвестор бар. Мамлекет тарабынан тиешелүү колдоолор, чечимдер зарыл.
Мирлан Дүйшөнбаев