Бишкек, "Саясат.kg". Биз “кыргыз" деген сөздүн илимий тастыкталган чечмелениши, маани-маңызы тууралуу кененирээк билүү үчүн тарыхчыларды сөзгө тарттык.
"Кыргыз" этнониминин келип чыгышына, чечмеленишине жана маанисине карата бүгүнкү күнгө чейин тарыхчылар, окумуштуулар түрдүү гипотезаларды, көз караштарды жана илимий тастыкталган варианттарды айтып келишет.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына “Ар бир кыргызстандык кыргыз деген сөздүн чечмеленишин билиши керек, бул биздин тарых жана келечек”, - деп жазып, бул багытта өз пикири менен бөлүштү.
Биз “кыргыз" деген сөздүн илимий тастыкталган чечмелениши, маани-маңызы тууралуу кененирээк билүү үчүн тарыхчыларды сөзгө тарттык.
Тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов “кыргыз” деген энчилүү аттын так жана туура жазылышы VIII кылымдан тартып гана орхон-енисей руна сымал жазууларда кездешкендигин жана кыргыз 40 уруудан тараган эл дегенге басым жасашыбыз керек экендигин “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
“Кыргыз” этнономинин келип чыгышын “кыргыз – кырылгыс” деген терминге байланыштуу деген илимий жактан негизделбеген маалымат бар. Илимдер академиясынын кол жазмалар фондусундагы айрым санжыра варианттарында гана кездешет жана “кырылгыс” деген маани кийинки эле авторлордун өздөрүнүн жеке субъективдүү көз караштарынан улам келип чыккан. Аталган терминдин “кыргыз” этноними менен айкалыша тургандыгы илимий багытта каралган эмес.
Элдик оозеки тарыхый маалыматтарда “кыргыз” атынын келип чыгышы негизинен этнонимдин өзүнө эмес, кыргыздардын келип чыгышына же болбосо кыргыздар кырк кыздан келип чыккандыгына маани берилген. Ушуга байланыштуу илимде негизинен 19-кылымдын 40-жылдарынан баштап эле “кыргыз” этноними жөнүндөгү маселенин айланасында окумуштуулар ой жүгүртө баштаган жана илимде байыркы кыргыз этностук аталышынын келип чыгышы жөнүндө ар кандай көз караштар айтылып келген. Академик В.В.Бартольддун 1927-жылы жазган “Киргизы” аттуу тарыхый очеркинде “Орто Азияда мынчалык аты эрте кездешкен эл жок” кыргыз этнонимин эске алган.
Маселеге алгачкылардан XIX к. 40-ж. бурят окумуштуусу Доржи Банзаров көңүл бурган жана сандык уңгу «кырк» сөзүнө көптүк түрдөгү «ыз» мүчөсү (суффикс) уланып, «кырктыктар», «кырк уруунун эли» деген түшүнүктү берет деген пикирди айткан.
Көрүнүктүү орус тюркологу В.В.Радлов дагы бул маселеге карата өз оюн билдирген. Окумуштуунун пикиринде кыргыз этноними эки сөздүн айкалышынан келип чыккан т.а., сандык «кырк» сөзүнө «юз» («жүз»), мүчөсү улануу менен кырк жүздүк эл деген түшүнүктү берет деген ойду айткан. Мында В.В.Радлов этнонимди кырк жүздүкө байланыштыруу менен Борбордук Азиядагы байыркы аскердик түзүлүшкө айкалыштырганга аракет кылган.
Кыргызстандык окумуштуу К.Петров кыргыз элинин этногенезин изилдеген. Анын пикиринде кыргыз этноними байыркы түрк термини уңгу сөз «кырыг» бул «кызыл» деген түшүнүктү бере тургандыгын жана ага «ыз» мүчөсү уланып «кызыл жүздүү эл» маанисин түшүндүрө тургандыгын айткан.
«Манас» эпосун изилдеген казак окумуштуусу А.Маргулан дагы кыргыз этнонимин эки сөздүн айкалышынан: «кыр» («талаа») жана «кизи» («киши») деген терминден туруп, талаа кишиси деген түшүнүктү бере тургандыгын билдирген. Ушул көз карашка жакын пикирди кыргыз тюркологу С.Садыков айткан. Бирок этнонимдин өзөгүн түзгөн кыр жана гыз мүчөсү улануу менен тоодо, кырда жашаган эл деген түшүктүү бере тургандыгын билдирген.
Кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур ушул багытта ой жүгүрткөн жана кыргыз этноними эки сөздөн: «кыр» – тоо, жайлоо жана «өгүз» байыркы түрк тилинде – суу, өзөндөр, деген түшүнүктү бере тургандыгын жана «кыргыз» – бул кырда, өзөндө жашаган эл деген маанини бере тургандыгын айткан.
Жогоруда белгиленгендей “кыргыз” этнониминин чечмелениши боюнча бирдиктүү ой жок болсо дагы, кыргыз этноними кырк уруу эл деген түшүктүү бере тургандыгы илимий жактан негиздүү экендигин баса белгилесек болот. «Манас» эпосунда дагы кыргыздар кырк уруудан куралгандыгы айтылган. Алтургай Сагымбай Орозбаков кырк ууруунун атын санап көргөзгөн жери бар”, - деди Темиркул Асанов.
Ошондой эле, тарыхчы “кыргыз” этнониминин чечмелениши боюнча бирдиктүү ой жок экендигин, бирок окумуштуулардын басымдуу бөлүгү окумуштуу Д.Банзаров айткан илимий тыянакка жакын пикирде экендигин, бул пикир илимий жактан тастыкталганын баса белгиледи.
Ал эми тарых илимдеринин кандидаты Токтобек Рыскулов “кыргыз” деген сөздүн чечмелениши боюнча ар кандай көз караштар бар экендигин жана окумуштуулар тарыхыбызды мындагы жалган пикирлерден “тазалашы” керектигин билдирди.
“Кыргыз этнониминин келип чыгышы боюнча “кырк кыз” деген кеңири тараган вариантты окумуштуу Ч.Валиханов жазган. Анын жазмасы боюнча кыргыздардын келип чыгышы боюнча төмөнкүдөй вариант бар. Кырк кыз сейилге чыгып, алар кайтып келгенде алардын шаары талкаланып калган. Мында ханышасы менен 39 коштоп жүргөн кыз жалгыз калып, биринчи вариант боюнча жалгыз иттен, экинчи вариант боюнча көлдүн көбүгүнөн боюна бүтүп, ошондон тараган деген жалган вариант. Бирок биздин окумуштуулар эмнегедир тарыхыбызды ушундай жалган пикирлерден “тазалабай” келишет. Белгилей кетсем, бул илимий теория эмес. Мифтерге маани бербестен илимий далилдеген көз караштарга маани беришибиз керек. Илимий теорияда “гыз” деген сөз “кыз” деген түшүнүктү эмес, “уруу” дегенди түшүндүрөт. Мисалы, “үч гыз”, “үч огуз” – “үч уруу”, “тогуз гыз”, “тогуз огуз” – “тогуз уруу”, ал эми “кыркгыз” – “кырк уруу” бул илимий тастыкталган вариант. Ал объективдүү чындыкка дал келет. Улуу “Манас” эпосунда да, Манастын “кырк уруудан түзүлгөн элим" деп айтканы бар. Кырк уруу бул – найман, кыпчак, дөөлөс, солто, сарыбагыш, саруу жана башка уруулардан кыргыз эли түзүлгөн дегенди түшүндүрөт. Эпосто да, тарыхый маалыматтарда да “кыркгыз” “кырк уруу” деген түшүнүк экендиги тастыкталууда”,- дейт тарых илимдеринин кандидаты Токтобек Рыскулов.
Белгилей кетсек, «кыргыз» этнониминин Борбордук Азиядагы элдердин ичинен эң байыркы аталыш болуп саналат. Алгачкы жолу б.з.ч. 201-ж. хундардын падышасы Модэ шаньюйдун жоортулдарына байланыштуу кытай иероглифинде «гэгунь» жана «гянгунь» формасында эскерилет. Бул тарыхый маалыматтар кыргыз элинин байыркы эл экендигинен кабар берет. Муну кыргыз окумуштуулары Ю.Худяков, Ө.Караев, М Кожобеков өз эмгектери менен тастыкташкан.