Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү

"Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, күч-кубаттыбызды бириктирели”, "Биримдик бар жерде - ырыс бар", - деп "Манас" эпосунан алынган саптар менен БУУнун трибунасында сүйлөгөн президент Садыр Жапаров, дүйнө өлкөлөрү биримдикте гана бекем жана жаркын келечекти кура аларын белгиледи.

Алгач эле, мамлекет башчысынын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүндөгү урунттуу учурларына токтололу. Садыр Жапаров биздин доордун эки карама-каршы чындыгы куралдуу керектөөлөргө болгон чексиз чыгымдар жана жакыр мамлекеттерге жардам берүүдө олуттуу аракеттин жоктугуна көңүл бурууга чакырды. Анткени дүйнөнүн бир бурчунда эл жакырчылыктан жабыркап, күнүмдүк тамак-аш, кийим-кечеге жетишпей жатса, башка бир өлкөлөрдө согуштук аракеттерге, курал-жарак сатып алууга триллиондогон каражаттар бөлүнүп жатканы маалым. Ошондуктан президент “Биринчи чындык – бул куралдуу керектөөлөргө болгон чексиз чыгымдар”, - деп баса белгиледи.

“Алдыңкы державалар ири каражаттарды куралдуу күчтөрдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, арсеналдарды кеңейтүүгө жана жаңы, кыйратуучу куралдардын түрлөрүн иштеп чыгууга жумшап жатышат. Тилекке каршы, бул көптөгөн мамлекеттер жана эл негизги кызматтарга – суу, медициналык жардам жана билимге жеткиликтүүлүктү ала албай жаткан дүйнөдө болуп жатат. Биз согушка, кыйроого жана өлтүрүлүүлөргө кетип жаткан акчаларды жаратууга же бүткүл адамзат үчүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө, глобалдык миграциянын алдын алууга жардам берүү үчүн колдонсок жакшы болмок”, - деди президент.

Чындыгында эле, согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө аскердик чыгымдар өсүп, адам өмүрлөрү кыйылып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да терс таасирин тийгизүүдө. Куралдуу чыр-чатак жүрүп жаткан өлкөлөрдө элдин келечекке болгон үмүтү жоголуп, массалык миграция, кыйроо, жакырчылык жана туруксуздук ого бетер күч алууда.

Улуттук илимдер академиясынын мамлекет жана укук институнун директору, саясий илимдеринин доктору Токон Мамытовдун пикиринде, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер, өзгөчө өнүккөн мамлекеттер куралданууга жалпысынан жыл сайын 3 триллион долларга жакын каражат сарпташат.

“Президент БУУда сүйлөгөн сөзүндө куралдуу күчтөрдү түзүүгө ири каражаттар бөлүнөөрүн белгилеп кетти. Согушка, курал-жарак сатып алууга, коргонууга ушундай чоң суммадагы каражаттар жумшалат, бирок тилекке каршы ошол эле учурда дүйнөдө миллиондогон адам таза сууга жетпей, тамак-ашка муктаж болуп, билимге, медициналык тейлөөгө жетпей өтө оор абалда жашап жатышат. Жер шаарында 8 миллиард эл болсо ошонун бардыгы эле азыр жыргап кеткен жок. Президент ушуларды эске алып дүйнө жүзүнүн лидерлерине, менмин деген өнүккөн 20-30 мамлекетке кайрылып, силер бири-бириңер менен тирешпей, согуш ачпай, анын ордуна өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге, жакыр жашаган элдерге медицина багытында, тамак-аш, айыл чарбасын өндүрүү жагынан жардам берсеңер жакшы болмок деген чакырык менен кайрылды”, - деди Токон Мамытов.

сунуштайбыз, деп билдирип, тарыхый адилетсиздикти жоюу убактысы келгенин жана башка өлкөлөрдүн колдоосуна үмүт артаарын да айтып өттү.

“Алдыдагы жылдарда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги колдоого ээ болсо, биздин демилгелер, сунуштар иш жүзүнө ашат. Башкача айтканда, мүмкүнчүлүгүбүздү саясий аренада кеңейтет элек. 60тай мамлекет туруктуу мүчө болбоптур, анын арасында биз да бар экенбиз. Азыр президент, тышкы иштер министрлиги, өкмөт, парламент биргелешип тиешелүү иштерди, мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алар көпчүлүгү бизди колдойбуз деп убадаларын беришүүдө, буйруса колдоого ээ болсок Кыргызстан дагы мүчө болуп кирип калат”, - деп эсептейт Токон Мамытов.

Президент сөзүнүн акырында Кыргызстан 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүү максатына умтулууну улантууга даяр экенин билдирди. Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган 2030-жылга чейин теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси камтылган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан бул милдеттенмелерди толугу менен аткарууда.

Маалымат үчүн: 22-24-сентябрь күндөрү АКШнын Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Келечек саммити өттү.

Аталган форумдун негизги максаты – адамзаттын эң жакшы бүгүнкүсүн камсыз кылуу жана келечекти кантип коргоо боюнча жаңы эл аралык консенсусту иштеп чыгуу болуп саналат.

Келечек саммитинин жыйынтыгында туруктуу өнүгүү жана каржылоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, илим, технология жана инновация, санариптик кызматташтык, жаштар жана келечек муундар жана глобалдык башкарууну трансформациялоого арналган “Келечек үчүн Пакттын” кабыл алынды.

21-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына өз делегациясы менен барган.

22-сентябрда президент БУУнун Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Антониу Гутерриш Мамлекет башчысына Кыргызстанга болгон сапарында көрсөтүлгөн меймандостугу жана жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, президент Келечек Саммитинин ишине катышып сөз сүйлөп, жыйынтыгында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынды.

24-сентябрда, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөдү. Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен да жолугушту.

Булак: "Кабар"