Бишкек, “Саясат.kg”. Эми жооп бере турган учур келгенде, жазадан кутулуп кетүү үчүн ар кандай айла-амалдарга өтүшүүдө.
Жакында Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кайрадан кармалганы коомулукта кеңири талкууга алына баштады.
КР УКМКнын басма сөз борбору билдиргендей, 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү А.Бекназаровдун ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. А.Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыргандыгы тергөөдө далилденген.
Биринчи кезекте, кеп 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин банк кутучаларынан табылган акча каражаттары жөнүндө болууда. Далил катары Азимбек Бекназаровдун Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев менен болгон телефондук сүйлөшүүсүн карасак болот. Анда алар банк кутучаларынан табылган акча каражаттарын кантип “распил” кылыш керектигин талкууга алышкан. Ата-Бейитте, апрель окуялары учурунда каза тапкан шейиттердин алдында элге берген убадаларын унутушуп, кызмат соодалоо жолу жана бирөөлөрдүн банктагы акчаларын уурдап байыгандары мына ошол сүйлөшүүдөн эле көрүнүп турбайбы! Дагы бир телефондук сүйлөшүүдө Бекназаров Алмазбек Атамбаевди бажыга алар айткан кадрды койбой койгондугу үчүн “дагы бир революция жасап, бардыгыңарды алып түшөм!”- деп коркутуп жатат. Азимбек Бекназаровду “кыргыз революцияларынын бульдозеру”- деп койсо эле өзүн шер сезип алган окшойт. А чындыгында, революция ал киши үчүн чоң бизнеске айланган. Революция болгон сайын чөнтөгү кампайат, байлыгы ашат. Элдин атынан сүйлөгөндү жакшы көрөт. Бирок, элдин үмүтүн бир да жолу актап койгон жок. Мисалы, 2005-жылдан кийин Курманбек Бакиев А.Бекназаровго Башкы прокурор кызматын берип, эки жылдай иштеди. Ошол убакта Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап, жоопко тартканга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок, ага аракет дагы кылбады. Ушунун өзүнөн эле анын максаты – адилеттүүлүккө жетүү эмес, революция кылып, акча жасоо экендигин түшүнсө болот го. А 2010-жылдан кийин тапкан байлыктарынын тизмеси дагы жакында ачыкка чыгарына ишене берсе болот.
Азыр албетте, актанып чыгышат. Карманган аргументтери – бул иш боюнча мурда дагы тергөө болуп, сүттөн ак болуп чыгышкан. Ал кезде бийликте өздөрү турса, адилеттүү тергөө болмок беле? Азыркы президент Садыр Жапаров бир нече ирет: “кимде-ким мыйзамды бузган болсо, ким экендигине карабастан, анын мурунку-кийинки иштеген кызматына карабастан, жоопкерчиликке тартылат”- деп эскерткен. Андан кийин Камчыбек Ташиев дагы бул багытта катуу билдирүүлөрдү жасаган. Бирок, Убактылуу өкмөттөгү коррупция боюнча алгачкы “карлыгач” катары кармалган Азимбек Бекназаров булардын бирин дагы чымын чакканчалык көргөн жок да, эски чийилген ырын ырдап кирбедиби. КР Малайзиядагы элчиси болуп турганда дипломатиялык статусу жол бербесе да бийлик башындагыларга саясий шантаждан башкага жарабаган каттарды жазып, акыл үйрөткүсү келген жоруктарын эл эсинен чыгара элек. Бакиевди, Атамбаевди, Жээнбековду бийлик башында турган учурларында “дагы бир революция” менен коркутуп, эңсегенине жетип келген. Керек болсо элчиликти дагы Сооронбай Жээнбековду коркутуп жүрүп алган. “Үкалари” Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди дагы ушинтип баш ийдирип алып, башкарып, чардап жашагысы келген. Уулуна кызмат берип, өзүн төргө чыгарып, жакшы эле колдошту, бирок ансайын токтобой, күчөдү. Эки досто мурунку бийлик башчыларына окшоп, корко турган эч нерсеси жок. Анын шантажы суу кечпей калды. Андыктан, мурунку замандагыдай “трюктар” өтпөй калганын дароо түшүнүшү керек болчу.
Эми экинчи маселе – Убактылуу өкмөттөгү коррупция боюнча бир гана Азимбек Бекназаровду жоопко тартуу менен чектелип калышпайбы? УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бир нече жолу коррупцияга каршы күрөш тандалма болбостугун, мыйзам бузгандарды катаал жаза күтөөрүн эскерткен. Бийлик башында тургандарда дух жетиштүү. Андыктан, бул маселе бир гана Бекназаров менен чектелип калбастыгына бөркүбүздөй ишене берсек болот.
Анын баары – убакыттын иши. Жеке баюу максатында революция жасаган доор өттү, кетти. Бардыгыбыз мыйзамды сыйлап, жашаганды адатка айланта турган учур азыр....