Баа саясаты

Буга чейин маалым болгондой, Өкмөттүн токтому менен  1-майдан тартып калкка электр энергияларынын баасы ар кВт саатка 23 тыйынга кымбаттады. Буга чейин ар кВт саат 77 тыйындан болуп келсе, мындан ары 1 сомдон боло баштайт. Бул баа эгерде электр энергияны керектөө бир айга  калкка 700 кВт сааттан берилген лимиттин чегинен ашпаган учурда иштейт. Эгерде лимиттен ашып кеткен учурда  мурдагыдай эле ар киловатына 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Калктын аярлуу катмары унутулган жок, алардык керектөөлөрү  лимиттен ашса, анда ар киловатына 50 тыйындан кошулат.

Албетте, кыргыз өкмөтүнүн аргасыздан кабыл алган чарасы экени түшүнүктүү. Анткени, электр энергияларын өндүрүп сатуучу “Электр станциялары” ААКсы бүгүнкү күндө кризистик абалга кептелген. Тармактын сырткы карыздары 135 миллиард сомдон ашык. Энергетика тармагы экономикалык эмес, саясый ыкмалар аркылуу башкарылып, анысы аз келгенсип, ага Бишкек ЖЭБин да илип (ЖЭБдин кирешесинен ашыкча чыгымдары да  “Электр станцияларынын” эсебинен жабылат), ортодо мителик кылып, ортомчу болуп саткандар да көбөйгөндүктөн тармак ушундай оор абалга кептелди. Акаевдин мезгилинде  “техникалык жоготуу” деген шылтоолор менен электр энергияларынын бир бөлүгү шайлоолордо жактап добуш беришкендер үчүн бекер таркатылган учурлар да болгон (ошол убакта техникалык жоготуулар өндүрүлгөндөрдүн 40 пайызына жеткен учурлар болгон, негизинен 30-33 пайыз болуп келген). Бакиевдин кезинде ал абалды Данияр Үсөновдун Өкмөтү оңдоп, экономикалык жолго салууга катуу киришип, бирок ал аракеттер 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин жокко чыгарылган. Ошондон бери “Электр станциялары” ААКнын сырткы карыздары көбөйүп жүрүп олтуруп, системанын “колу-бутун” тушап салды. “Оорууну жашырсаң, өлүм ашкере кылат”- дегендей, азыркы өкмөт көпчүлүккө жакпаган, популярдуу эмес кадам экенине карабай абалдан ушундай жол менен чыгарууга аргасыз болду.  Айрымдар бул үчүн Өкмөттү күнөөлөп, сындап, айыптап жатышат. А аныгында Өкмөттү күнөөлөөгө негиз жок. Тармактын бүгүнкүдөй мышык ыйлаарлык абалга кептелгенине негизинен мурдагы бийликтегилер, анан коррупциялык көрүнүштөргө кеңири жол ачышкан тармактын лөктөрү, билермандары  күнөөлүү. Ошол эле мезгилде керектөөчүлөрдүн күнөөлөрү жок эмес.

Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айтууга туура келип жатат. Эгерде Өкмөт тармакты чындап оор абалдан чыгарып, кырдаалды жеңилдетүүнү кааласа, анда бааларды көтөрүү менен бирге энергетика тармагындагы ашыкча түзүмдөрдү жоюп, тармак сырткы карыздарынан кутулгуча башкаруучулардын айлыктарына, бонустарына мораторий киргизиши керек. Эч кимге жашыруун эмес, Алмаз Атамбаевдин убагында электр энергияларын сатканга ортомчулук кылып, жөн эле кнопкаларды басуу менен  ортодон аз эмес пайда тапкан ишканалардын саны 20дан ашкан. Алардын көбү анын балдарынын, жакындарынын ишканалары болчу, бүгүнкү битйлик  алардын көбүн жойду, бирок дагы деле тармакта митечилик кылып, чоң акчаларды абадан эле жасап келаткан уюмдар бар. Бул маселеде катаал чараларды көрүп, ортомчу мите ишканалардын баарын жоюп, керектөөчүлөр менен мурдагы советтик мезгилдегидей, РЭСтер гана иштеше тургандай абалды түзүш керек. Ансыз системадагы жоготуулар, коррупциялык көрүнүштөр, “беспредел” абал эч качан оңолбойт. Мындай абал жөнгө салынбаса, тартипке келтирилбесе, тарифти 23 тыйынга көтөрүү да эч кандай жардам бербейт.

Азыркы күндө  орто эсеп менен жыл сайын 14,5-15 миллиард кВт саат электер энергиясы өндүрүлөт. Керектөө 18 миллиард кВт сааттан ашса, жыл сайын керектөөнүн көлөмү 6-7 пайызга өсүп жатат.  Мамлекеттин эсебинен чоңураак  ГЭСтер эми гана курула баштады. Учурда  өлкөдө 3 ири ГЭС, 17 чакан ГЭС курулуп жатса, анын 11и 2024-жылы ишке киргизилери айтылууда. Мындан сырткары, 4 ГЭС реконструкциядан өтүп жатыптыр. Алардын качан курулуп бүтөрүн бир кудай гана билет. Курулуп бүткөн соң чакан ГЭСтерди өндүрүлгөн электр энергияларын сатууда маселелер жаралбайбы? Өкмөт аныктагандай баада ички керектөөчүлөргө сатканга макул болушабы? Антишсе, өздөрүнүн чыгымдарын жаба алышабы? Же биз өндүргөндөрүбүздү дүйнөлүк бааларда сатабыз деп чыгышабы? Бул да өзүнчө маселе.

Өкмөт мындан ары инфляцияга, дүйнөлүк  кырдаалга жараша электр энергияларынын бааларын мезгил-мезгили менен жогорулатып турарын мурда эле каңкуулаган. Демек, бул жогорулатуу акыркысы эмес. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн, пенсия, маяналардын көбөйүшү, ИДПнын көлөмүнүн жогорулашы менен тарифтин көтөрүлүп турушу ыктымал. Бул электр энергияларына бензин менен соляркадай, үйдөгү тамак жасоочу майдай эле үнөм менен мамиле жасоо убагы жакындап келатканын билдирет. Эл, керектөөчүлөр электр энергияларын үнөмдөөгө да үйрөнөт. Башкысы, тарифтин 23 тыйынга кымбаттоосу өзүн актап, тармактагы коррупциялык, башаламандык көрүнүштөр токтоп, жылдын кайсы мезгилинде болбосун эл үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болушу зарыл.  

 

Автандил Белеков, Булак: "Майдан.kg" гезити