К.Ташиев: Коррупция менен күрөшүү тандалма жүрбөйт!

Ачыгын айталы, бүгүнкү күндө УКМК төрагасы К.Ташиевдин батыл, жигердүү, чечкиндүү, эрктүү аракеттеринин аркасында коррупция, паракорлукка күрөш жогорку деңгээлде жүрүп атат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Коррупция менен күрөш К.Ташиевдин ысымы менен ассоциациялашып калды. Бул пафос сөз эмес. Бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, бирок чындык ушундай. Бул бир чети мыйзам ченемдүүлүк. Анткени, буга дейре коррупция менен К.Ташиевдей бир да УКМК төрагасы күрөшпөгөнүн калыстык үчүн белгилей кетели.

Камчыбек Ташиев жетектеген УКМКнын кызматкерлери буга дейре мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык механизмди аныктап, анда иштегендерден 6 кызматкер, бизнестеги 3 адам кармалып, СИЗОго киргизилгени маалымдалган. Кармалгандардын арасында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Бажы кызматында иштеген бир тууган кайниси да бар экендиги айтылган. Алар Кытайдан фуралар менен келген товарлардын бир бөлүгүн Өзбекстанга бараткан транзиттик товар катары катташкан менен иш жүзүндө Кыргызстанга түшүрүлүп, бажы төлөмдөрүнөн, милдеттүү салыктардан жашырылып туруптур. Андай кылмыштуу операциялардан улам мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирилгени маалымдалган.

Ушул жуманын башында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу да бажыдагы ушундай эле коррупциялык схемага шектелип, УКМК тарабынан кармалды. Ушул жерден К.Ташиевдин «коррупцияга аралашкан болсо, мыйзамсыз иштерди жасаган болсо, жакыным, таанышым экенине карабай мыйзам чегинде кармалат. Коррупция менен күрөшүү тандалма жүрбөйт»—деп айтканы эске түшөт. Бул айтканын сөз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө аткарууда. Мурдагы партиялашы, фракциялашы, саясаттагы санаалашынын уулу экенине караган жок. «Бармак басты, көз кысты», «Жең ичинен сүйлөшүп алуу»—деген нерселерге жол берилбеди. Болбосо, качан УКМК тарабынан ЖК депутатынын, Башкы прокурордун жакындары кармалып, камакка алынчу эле? Бул УКМК бүгүнкү күндө мыйзамга гана таянып иш жүргүзүп атканын дагы бир жолу айгинелейт.

Мындай фактыларды улай турган болсок, буга чейин президент Садыр Жапаровдун кудасы, бир тууганынын бажасы, Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы кармалып, жоопкерчиликке тартылган. Мурдагы бийликтердин тушунда коррупциялык кармоолордун, камоолордун толкундары президенттердин жакындарына жеткен эмес. Тандоо, ылгоо түрүндө, негизинен моюн толгогондорду эстерине келтирип коюу үчүн гана жүргүзүлүп келгени чындык.

Бүгүн өлкөбүздүн бюджетинин киреше бөлүгү эселеп көбөйүп, анын натыйжасында көптөгөн экономикалык, социалдык долбоорлорду ашырууга мүмкүн болуп жатат. Анда УКМК жетекчисинин да салымы аз эмес. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМ аппараттарын жайылтуу аркылуу жашырылган салыктарды ачыкка чыгарып, толук төлөттүрүп, көмүскө экономиканы ачыктап жатса, Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы чечкиндүү аракеттеринин аркасында Бажы, Салык кызматтарындагы ондогон жылдардан бери иштеп, бюджетти миллиондогон, миллиарддаган сомдордон куржалак калтырып келаткан схемалар аныкталып, алардын уюштуруучулары кармалууда. Аз күн мурда өздөрүнчө мафия болуп алышкан 10 салык инспектору УКМК тарабынан кармалды. Алар ишканалар менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, алардын салыктарын азайтып төктүрүп, өздөрүнүн капчыктарын толтуруп жүрүшкөн. Алар калкалап келишкен бир компаниядан төлөнбөгөн 100 млн. сом салык мамбюджеттин пайдасына өндүрүлдү. Андан башка 26 компания боюнча учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. Алардын төлөбөгөн салыктарынын суммасы 1 млрд. сомдон ашып кетиши мүмкүн. Айтканга оңой болгону менен чынында УКМК мында мамлекеттин, элдин ырыскысын миллиондоп уурдап келаткандардын тамырын кыркты. Чынында айрым салык инспекторлору бюджетке салыкты толук түшүрүүнү эмес, салык төлөөчүгө салыкты кантип аз төлөөнү үйрөтүп, ага жардам берип, бюджетке түшчүнү чөнтөктөрүнө түшүрүү менен алек болуп келишкен. Жогорудагы 10 инспектор мына ошондойлордон болушкан. Эгерде К.Ташиев башында турган УКМКнын мыкты иш-аракети болбогондо, бул инспекторлор коррупциялык иштерин, миллиондогон салыктарды уурдаганды уланта беришмек. Мурдагы бийликтердин учурунда атайын кызматтарда мындай коррупциялык схемалар боюнча маалыматар болгон эмеспи? Албетте, болгон. Болгону ал учурда коррупция менен күрөшчүлөр андайлар менен табакташ болуп алышып, билсе билмексен, көрсө көрмөксөн болушуп, өз кызыкчылыктарына иш жүргүзүшкөн.

Иштин натыйжасы эң ириде жетекчиден, анын эркинен көз каранды экенин Камчыбек мырза далилдеп жатат. УКМКнын коррупция, мыйзамсыз иштер менен күрөшүүгө ыйгарымдары, укуктары дайыма болгон. Бирок буга чейинки жетекчилеринде эрк, чечкиндүүлүк жетишкен эмес. «Мен силерге тийбейин, силер мага тийбегиле!»—принцибин карманышып, эч кимге жаман көрүнгүлөрү келбеген. К.Ташиев да антип иш алып барса болмок. Бирок анткен жок. Көптөгөн душман күтсө да, коомчулуктун бир бөлүгүнүн сынына кабылып жатса да, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюуда. Бул өңүттөн алганда, ал УКМКнын бул багыттагы ишинин планкасын кескин көтөрүп койду. Кийинки УКМК башчысы бул багыттагы иштерди бүгүнкүдөй деңгээлде уланта алабы, жокпу? Ойлондурчу маселе…

Азыр К.Ташиевдин ишмердигин сынга алгандар жетишерлик. Бул да мыйзам ченемдүүлүк, иш болгон жерде сын болот. Ал эми УКМКнын укуругуна илинип, миллиондоп уурдагандарын мамлекетке кайтаргандардын баары Камчыбек Ташиевге тиштерин кайрап, алардын түштөрүнө кирип, ыңгайы келген жерде «кызматтан кетирсек, президентке жек көрсөтсөк»—дегенде эки көздөрү төрт. Маал маалы менен президент экөөсүнүн ортосуна от жагууга багытталган маалыматтык кара кампаниялардын болуп туруусунун төркүнү да ушунда жатат. Бирок «ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей, Камчыбек Ташиевдин ишмердиги элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн болуп жатканын көпчүлүк эле эмес, президент да көрүп, билип жатат

Бүгүнкү күнгө карата УКМК тарабынан кармалып, камалгандардын эсебинен мамказынага 8 млрд. сомго жакын каражат түшүрүлдү. Миллиондогон сомдорду уурдагандар дале чартаңбай тебишип, миллиондорду өөнөп жаткан коррупциялык схемалар дагы да иштеп атат. Демек, УКМКнын бул багыттагы иштери али алдыда.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: «Майдан.kg» гезити