Бишкек, "Саясат.kg". Карыздан карызга баткан, бирок жыйынтык бербеген энергетика тармагы. 

Кыргызстанда энергетика тармагы кайра жаралуу доорун баштады. Кичи ГЭСтерди куруу активдүү жүрүп, өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка чыгаруу колго алынды. 

Буга чейин энергетика тармагына жасалган мамиле менен учурдагы көңүл бурууну талдап көрөлү. 

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып энергетикалык көз карандысыздыкка умтулуп келген. Анын натыйжасында сырттан:

- 2005-2010-жылдары - Курманбек Бакиев президент болуп турган маалда  - 9 миллиард 296 миллион сом;

- 2010-жылдын май айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин - Роза Отунбаева мамлекетти башкарып турган маалда - 3 миллиард 416 миллион сом; 

- 2011-2017-жылдары - Алмазбек Атамбаевдин учурунда - 98 миллиард 7 миллион сом; 

- 2017-2020-жылдары - Сооронбай Жээнбековдун тушунда - 26 миллиард 3 миллион сом насыя алынган. 

Ал эми Садыр Жапаров  өлкө жетекчилигинде турган акыркы эки жылда карыз көрсөткүчү нөлдү көрсөтөт. Башкача айтканда, энергетиканы өнүктүрүү үчүн карыз алынган эмес. 

Ошол эле учурда акыркы эки жылда энергетика тармагы өнүгүүгө бет алганы дайын. 

Буга чейин Кыргызстанда 19 чакан ГЭС иштеп келген. Бирок алардын акыбалы көңүл кубантаарлык болгон эмес. Көбү союздан калган ГЭСтер болуп, андан бери канча жыл өтсө да электротехникалык жабдууларды, гидротехникалык курулмаларды оңдоо, жаңылоо аракеттери көрүлбөгөн. Анын айынан өлкө энергетикалык кризиске кептелип, электр энергиясынын берилиши үзгүлтүккө учуруганы кадыресе көрүнүш катары кабылданып калган. Айрыкча, суук мезгилде өлкө башка мамлекеттерден электр энергиясын сатып алууга мажбур болду. Ушундан улам энергетика тармагы үчүн алынган  көп сандаган насыялар өз максатына туура иштетилбегени билинет. Олчойгон суммадагы карыздар өлкөнүн энергетикалык көз карандуулугун калыңдаткан, бирок өз алдынчалуулукка жеткирген эмес. 

Акыркы эки жылдан бери өлкө аймагында чакан ГЭСтерди куруу активдүү жүрүп жатат. Талас облусундагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушу колго алынса, Чүй облусундагы Сокулук ГЭС - 2 толук реконструкциядан өтө баштады. Ысык-Көлдөгү Орто-Токой чакан ГЭСи, Жалал-Абаддагы Кара-Көл ГЭСин куруу долбоорлонду.  Андан сырткары Баткен, Ош облустарында дагы кичи ГЭСтер курулат.  Алардын кубаттуулугу 100 мегаваттан ашат жана ошол аймактарды электр энергиясы менен камсыздоого жеткирүү пландалууда. Эгерде чакан ГЭСтер аймактарды электр энергиясы менен камсыздаса, Токтогул ГЭСине түшкөн салмак чачырайт.  

Сырттан бир сом насыя алынбаса дагы энергетика тармагы кантип жанданууда? 

Мында, карыз ала калуу эмес, өз күчүбүз менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүнүн жолдору изделди. Биринчиден, жаңы Салык кодексинде энергияны кайра жаратуучу булактар боюнча иштешкен инвесторлор үчүн жеңилдиктер каралды. Анын бири - энерготехникалык жабдууларды импорттоо салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулат. Энергетика жаатындагы инвесторлорду КНСтен бошотуу чет өлкөлүк ишкерлердин кызыгуусун жаратып, чакан ГЭСтерди курууга кызыкчылыгын билдиргендердин катары артты. 

Экинчиден, электр энергиясына болгон тарифтин өздүк наркын актай турган көлөмдө көтөрүү сунушталды. Бул насыя алып, тышкы карызды көбөйтүүгө караганда пайдалуу чечим. Электр энергиясынын учурдагы тарифи - 77 тыйын, КМШ өлкөлөрүндөгү эң арзан. Ошонун айынан дагы, бүгүнкү күндө тармак өзүн өзү актабай, карыздан карызга батууда. Мында кадимки ишкерчиликти эле мисалга тартып көрөлү, ишкерчиликтин кайсы түрү болбосун товар жасалган баасынан жогору баага сатылганда гана иш ыргактуу жүрөт, өзүн өзү актайт жана өнүгөт. Тарифти бир сомго көтөрүү элге анчалык оорчулугун тийгизбейт, аны менен катар энергетика тармагынын бир топ маселелери чечилет.