Бишкек, "Саясат.kg". Айрыкча Атамбаевдин убагында алынган 99 млрд. сомго жакын каражат каякка жумшалган?

Жакшыны жакшы деш керек. Бүгүнкү президент Садыр Жапаровдун убагында сырттан карыздар алынбай атат. Тескерисинче, анын мамлекетти башкаруу мезгилине тышкы карыздардын пайыздарын, негизги суммаларын төлөө убактысы туш келиптир. Бюджеттен тышкы карыздардын жабууга каражат каралып, маалында жабылып атканы кубандырат. 

Кечээги суук учурларда энергетика тармагынын кризиске батканы жакшы эле айтылып, жазылды. Бирок дал ушул энергетика системасына алынган карыз акчалар кайсы президенттердин өлкөнү канчалык карызга батырганынан маалымат берет. 
Карап көрөлү. Курманбек Бакиевдин кезинде энергетика системасына 9 млрд. 296 млн. сом алынган болсо, Роза Отунбаеванын маалында 3 млрд. 416 млн. сом, Атамбаевдин кезинде 98 млрд. 700 млн. сом, Жээнбековдун учурунда 26 млрд. 300 млн. сом алыныптыр. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенден бери энергетика тармагы үчүн сырттан 1 сом алынбаптыр. Көрүнүп тургандай, С.Жапаровго чейинки президенттер карыздарды алышканы менен системада эч кандай оңолуу, өзгөрүү болгон эмес.

Тескерисинче, өлкөнүн ансыз да көп карызын гана көбөйтүшкөн. Айрыкча Атамбаевдин убагында алынган 99 млрд сомго жакын каражат каякка жумшалган? Эмне үчүн ушунча ири сумма алынса да, тармактын абалы оңолгон жок? Оң, сол чөнтөктөргө кирип кеткенби?

А бүгүн Садыр Жапаровдун тушунда сырттан бир сом акча алынбай эле тармакты оор абалдан чыгаруу аракеттери көрүлүп атат. 50гө жакын чакан ГЭСтер курулганы жатат. Алар курулуп, ишке берилип калса, электр жарыгынын таңсыктыгы чечилип, жогорудагы карыздарды жабууга да каражат табыла баштайт. Ошону менен бирге «долгостройго» айланган Камбар-Ата ГЭСи кошуна өлкөлөр менен бирдикте курулганы жатат. Бул ири долбоорлордун баары энергетика системасын туңгуюк абалдан чыгарып, «свет өчүрүлөт» деген көйгөйгө бөгөт коёт.