Бишкек, "Саясат.kg". Президенттин бул кайрылуусу ишке ашчу демилгеби?

Президент Садыр Жапаровдун өнөктөш өлкөлөрдүн жана эл аралык каржылык институттардын жетекчилерине Кыргызстандын сырткы карыздарынын эсебинен жашыл экономиканы өнүктүрүүгө же жалпак тилге салганда ГЭСтерди курууга уруксат берүүнү сурап кайрылганы жакшы демилге. Аны өтө эле саясатташтырып жибербестен 2006-жылы ХИПИКке киргенге макул болгонубузда, тышкы карыздардын жарымы ошондо эле жок болмок. Бирок, ал мүмкүнчүлүк кайра келбейт, Президенттин бул кайрылуусу ишке ашчу демилгеби?

Сырткы карыздар 4,2 миллиард доллар. Алардын баарын болбосо да жарымын кечип, ага ГЭС курганга уруксат кылышса, электр энергиянын таңсыктыгы чечилмек. Бирок, анын ири шаарлардагы ыштарды азайтууга сезилерлик таасир тийгизүүсү кыйын. Анткени, ыштар сапатсыз көмүрлөрдү, эски авто унаа дөңгөлөктөрүн, тигүү цехтериндеги калдыктарды, желим бөтөлкөлөрдү ж.б. жаккандан улам көбөйүүдө. Эгерде шаарлардагы ЖББдерге, менчиктери ар түрдүү мончолорго сапаттуу көмүрлөр же майлар колдонулса, акыбал азыркыдай оорломок эмес. ГЭСтер көбөйсө деле алардын өзүнөн өзү азайып кетишине ишенүү кыйын. Анткени, электр энергияларын баалары жылма жол менен жылдан жылга кымбаттоодо. Мындай абалда, элдин орточо кирешесин эске алганда мештерди, жылуулук түйүндөрүн жапырт электр энергияларына өткөргөнгө мүмкүн эмес. Алардын бааларын жөн эле эл көтөрө албайт, демек, ГЭСтер көбөйсө деле шаарларды, айыл-кыштактарды ыштоо улантыла берет. Ыштан арылуу үчүн биринчи кезекте керектөөчүлөрдү сапаттуу көмүрлөр менен камсыз кылуу же жапырт газдаштыруу маселелерин чечүү зарыл. Болбосо, Кара-Кеченин сапатсыз көмүрү илгери энелерибиз чанач ыштагандан бетер Кыргызстанды биротоло ыштап бүткөнү калды. Жеке менчик мончолордо желимдерди, тигилгендердин калдыктарын күргүчтөтүп жагып, айлана чөйрөгө ыштарды тумандай таркатып жаткандарга карата жергиликтүү башкаруу органдары, санэпидстанциялардын кызматкерлери да таасирдүү чараларды көрбөй жатышат.

Ошентсе да мамлекет башчысынын жогорудагыдай демилгеси колдоого аларлык. Кана эми, кудай буйруп, Кытай же ЕБРР же Азия банкы бергендеринин жарымын кечтик, аларга ГЭС куруп алгыла дешсе, кандай гана сонун болбойт беле...

 

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист