Ошондуктан ал чыныгы революция, аны башка ополоң-тополоңдорго салыштырып болбойт.

24-марттагы окуялар чыныгы элдик революция болгон

Ар кандай революциянын тарыхый обьективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрү, белгилери болот. Алардын негизгиси  төмөндөгүдөй: Жогорудагылар элди мурдагыдай ыкмалар, жолдор менен башкара албай, ал эми төмөндөгүлөр мурдагыдай жашагысы келбей калганда революциялык кырдаал жаралат.

Бул өңүттөн алганда, 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүш баардык параметрлери боюнча чыныгы элдик революция болуп саналат. Анткени, ал окуяны тарых, эл 12 жыл же биринчи президент Аскар Акаевдин коррупциялашкан кылмыштуу режимди орнотуп, элдин, мамлекеттин 73 жылда чогулткан байлыгын айланасындагы ачыккан аспиранттар, лаборанттар, илимпоз сөрөйлөр менен талап-тоноп, миллиондогон адамдарды жумушсуз кылып көчөгө айдап чыгарып, ооз жүзүндө “демократиялап” ураан чакырган менен иш жүзүндө өзүнө ыңгайлуу мимикриялык, күн карама режимди калыптандырган убакыттан баштап эле чыдамсыздык менен күтө баштаган. 1995-2000-жылдардагы жыйынтыктары бурмаланган парламенттик, президенттик шайлоолор, референдумдар элдин нааразылыгын ого бетер күчөткөн. Аксы окуясы, 2003-жылдагы референдум аларга кошумча болду. Элдин он жылдан ашык мурда башталган тоталдык нааразылыгы 2005-жылдын февралындагы  парламенттик шайлоолордун жүрүшүндө жалпы элдик нааразылык кыймылына айланып, 24-мартта алда качан ирип-чирип бүтүп, үйлөп койсо учуп кетчүдөй болуп калган Акаевшинаны биротоло саясый аренадан шыпырып түштү. Ошондуктан ал чыныгы революция, аны башка ополоң-тополоңдорго салыштырып болбойт.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя таасирдүү бир чет өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан алдын-ала даярдалып, жергиликтүү чыккынчылардын колдору менен ишке ашырылган сарайлык төңкөрүш гана болгон. Анткени, Өкмөт үйүнө куралдуу чабуул  жасалып, бийлик алмашып кетээрин 6-апрелде түгүл, 7-апрелде түшкө чейин деле эч ким, атүгүл атайын кызматтардын жетекчилери деле билген, туйган эмес. Демек, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя чет элдиктердин колдоосунда бийликти көксөгөндөр ишке ашырган сарайлык төңкөрүштүн классикалык үлгүсү болгон. Аны кызыкдарлар революция катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө жана өлгүчө өз аракеттерин токтотушпайт. Чындыкты моюндарына алышса өздөрүнүн мамлекеттик кылмышкерлерден экенин моюнга алганга тете болмок. Бирок, алар канчалык жан далбасташпасын тарыхты эч ким алдай да, өзгөртө да албайт. Элдин көпчүлүгү ошондо эле аны хунта дешкен, бирок хунтачылар бийликти ээлеп алышкандыктан алар ачык айтылбай, жазылбай келген. Эми аларды ачык айтып, укуктук, саясый баа берүүгө мезгил жетти. Хунтаны уюштургандар талап-тоноп, уурдагандарын былчылдата чайнап жарыкчылыктан  жөн эле жазасыз өтүп кетпөөлөрү  керек, көк көтөн кемпир-чалдарга айланышканда деле өздөрүнүн Кыргызстанга кылган кылымдык кыянаттыктары үчүн жооп берүүлөрү керек!

Төңкөрүшчүлөр Кыргызстандын өнүгүүсүн каалааган эмеспи?

24-марттагы революцияга элдин гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун, потенциалдуу инвесторлордун да ишенимдери, үмүттөрү аябагандай чоң болгон. Тилекке каршы, 2005-2007-жылдар кыргызга кенедей жакшылык каалабаган  калмактар менен кармашта өттү.  Тирешүүлөр аябагандай күчөдү. Алардын кысымы, басымы менен Баш мыйзам бир жумада эки ирет алмаштырылган учурлар да болду. Бирок, андай кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстан экономикалык жана социалдык  жактан ишенимдүү өнүгүү жолуна түшкөн болчу. 2005-жылдын бюджети профицит менен аяктаган же казынага жыйналган акчалардын бир бөлүгү артып калган. Көз карандысыздыктан бери андай учур 4 эле жолу болсо, алардын 3сү Курманбек Бакиевдин убагына туш келген.  Жыл сайын ондогон маданий, социалдык обьектилер курулуп, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу башталып, сырттан жылына 1-1,5 миллиард доллардан түз инвестициялар тартылып, пенсиялар, жөлөк пулдар жылына эки жолудан көбөйтүлө баштоосу нормага айланып бараткан. Ошол убакта улуттук валютабыздын долларга карата курсу 44-48 доллардан ашкан эмес (төрт жылда 3 сомго гана кымбаттаган). Эгерде 2005-жылдын бюджети 500 доллардан бир аз гана ашса, ал эки жылдын ичинде эки эсе көбөйгөн. Кыргызстандын алтын валюталык кору Акаевдин акыркы күндөрүндө 500 миллион доллардын тегерегинде болсо, ал 3 эсе өскөн (2 миллиард долларга жеткен). Эң негизгиси, март революциясы ишке ашканда, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 2,5 миллиард АКШ долларына жакын болуп турган. Бирок, Бакиевдин башкаруусу аяктаган 2010-жылдын 1-январына карата мамлекеттик карыз 2 миллиард долларга жакын ылдый түшкөн, башкача айтканда, 500 миллион АКШ долларына азайган.

2010-жылдын 1-кварталын Кыргызстан экономикалык жактан 16,4 пайыздык өсүш менен жыйынтыктаган. Бир сөз менен айтканда, өлкөбүз экономикалык, социалдык жактан өнүгүп өсүүнүн даңгыр жолуна ишенимдүү чыккан эле.

Эгерде ошондогу темптер сакталып, көбөйтүлсө (ага баардык мүмкүнчүлүктөр болгон)  Камбар-Атадагы эки ГЭС тең курулуп бүткөрүлүп, Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтердин да жарымын өз күчүбүз менен куруп салмакпыз. Дагы ондогон өнөр жай обьектилери, жүздөгөн мектептер, маданий социалдык обьектилер ж.б. пайдаланууга берилмек. Кытайлардын кайыр-садакаларын аңдыбастан жолдорубузду, көчөлөрүбүздү да өзүбүз куруп, өзүбүз реабилитациялай баштамакпыз. Айлык акылар, пенсиялар, жөлөк пулдар азыркыдан эң аз дегенде 3-4 эсе жогору болмок. Бирок, каргыш тийгир хунтачылар андай өнүгүүнү, жашоону, келечекти бизге ыраа көргүлөрү келбеди. Бир чет өлкөнүн атайын кызматынын шыкагы, акчасы, курал-жарактары, арак-шараптарга кошулган козуткучтары, таамай аткычтары менен  мыйзамдуу бийликти кулатып, Кыргызстанды он жылга артка ыргытып ташташты. Ага 2010-жылдын июнундагы Кыргызстандын түштүгүндөгү хунтачылардын колдоолору, шыкактары менен  уюштурулган кандуу кагылышуулар кошумча болуп, өлкөбүз дагы бир нече жылга артка кетип, перманенттүү кризистин сазына батып отуруп калдык. Ал эми  айрым банктарды биротоло жаптырып, көпчүлүк банктардагы уячалардагы накталай акчаларды,  алтын ж.б. кымбат баалуу материалдарды шыпырып алгандар заматта долларлык миллионерлерден болуп чыга келишти. Алардын айрымдары азыр деле мамлекеттик чоң-чоң кызматтарда док урунуп жүрүшөт.

Мында айтылгандарды жыйынтыктап, 7-апрель майрам күндөрүнүн катарынан чыгарылып, ал күн Улуттук трагедия күнү деп жарыялансын деген сунуш киргизебиз. Саясый, экономикалык жана социалдык өңүттөрдөн  алганда, ал чындыгында эле Улуттук трагедия күнү болгон.

Адамдык материалдардын эң ыпластары

Адегенде Аскар Акаевдин кеңешчиси, “акылдуу жөөт” аталып жүргөн  Л.И.Левитин кийинчерээк Кыргызстандан биротоло көңүлү кайт болуп, Өзбекстандагы экономикалык саясаттын, анын лидери Ислам Каримовдун апологетине (мактап, даңктоочусу) айланган. Ал Өзбекстандагы саясый, экономикалык реформалар жөнүндө бир нече китеп жазган. Ал бир китебинде (Левитин Л.И., Узбекистан на историческом повороте. Критические заметки сторонника Президента Ислама Каримова.,  М. 2001. “Вагриус”): “демократия деген Борбордук Азияда жекече ич күптүлөрдү чыгаруунун эң  оңой жолуна айланды. Илимде, маданиятта, башкарууда өздөрүн жакшы жактарынан көрсөтө албай ич күптүлөрү  ашкандар заматта саясатчы демократ болуп чыга келишип, коомго өздөрүнүн демагогияларын таңуулаганга өтүштү”,- дейт. “Мне пришлось знакомиться с опубликованными на Западе материалами о Мухаммеде Салихе,- деп жазган ал өз китебинде. - Словом, я составил о нем определенное мнение. Он типичный представитель возникшего в годы перестройки социального явления, которое можно назвать “Хождение во власть через оппозицию к власти”. Тогда это было и выгодно, и безопасно. Любой научный сотрудник или вузовский преподаватель, не имеющий достаточных качеств, чтобы стать видным ученым, любой исчерпавший себя или несостоявшийся писатель, режиссер или артист в одночасье  превращался в политического деятеля” ( стр.169). Чындыгында алардын позициялары автократтардыкынан да катаал, башкалардын ойлорун, пикирлерин уккулары, тааныгылары да келишпей турганын көрдүк. Коом мындай адамдардын барымталарында калса, оңолбойт. Ачыгын айтсак, жаңы тарыхыбыздан бери Л.И.Левитин айткандай адамдардын барымтасында калгандан улам оңолбодук. Ал комплекске төңкөрүшчүлөр бизди биротоло айдап киргизип салышкан.

Коом кескин өзгөргөндө, анын сел, өрт, бороон-ташкын сыяктуу апааттардан айырмасы аз болот. Тилекке каршы, селде, ташкында акыр-чикирлер биринчи калкып чыккандай, өңкөрүш-төңкөрүштөрдүн алдына адамдык материалдардын эң  коркунучтуулары сүрүлүп чыгат экен. Аны  Кыргызстандын жаңы тарыхы толугу менен ырастады. Ишенбесеңиздер  “демократиянын” толкуну менен саясатка келгендерди жакыныраактан карап көрүңүздөр. Бири да өз кесибинде чоң нерсеге  жетишкен эмес, ич күптүлөрү арткандар, айрымдары адам корккудай инсандар. Алардын бир тобу же Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Болот  Шерниязов, Эмилбек Каптагаев ж.б. саясатчылар 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга кылымда бир келчү кыянаттык жасашып, уялбай этпей же коркпой эле арабызда жүрүшөт

Мындай адамдардан арылмайынча Кыргызстан оңолбойт, алардын көпчүлүгү дагы жаңы төңкөрүштөрдү, бекер келе турган акчаларды эңсешип, көздөрү кызарып жүрүшөт.

Март революциясынын сабактары

Экономикалык жана каржылык жактан алганда  Курманбек Бакиевдин Кыргызстандын  жаңы тарыхындагы эң ийгиликтүү  мыкты менеджер болгону талашсыз. Ал 5 жыл гана бийликте турду, бирок  анын убагында Кыргызстандын  бюджети үч жолу профицит менен чыкты. Эгерде Аскар Акаев бийликте турганда бюджеттин таңсыктыгы орто эсеп менен 11-12 миллиард сомду, Роза Отунбаеванын убагында 24-25 миллиард сомду, Атамбаевдин убагында кээде 50-60 миллиард сомду, Жээнбековдун убагында 20-25 миллиард сомду түзсө, Курманбек  Бакиев мамлекет башчысы болуп  турганда  таңсыктык минималдуу суммадан же 1-1,2 миллиард сомдон ашкан эмес.

Бакиевди демонизация кылуу аракети бирок токтогон жок. Өздөрүчү? Мисалы, алар Максим Бакиевге “таандык” деп айтылган “Ысык-Көл инвест банкты” жаап, андагы акчалардын көбүн талап кетишкен. Роза Отунбаеванын ал банктан  200 миң долларлык карызы да ошону менен жабылган. Үрүп сүйлөгөндөн башкага жарабаган апчекебиз кредитти аларын алып, кайра бербей койгон.

2005-жылдагы март ыңкылабы элдик жеңиш болгону ырас. Андагы ой-максаттар акырындап ишке аша баштаганда, орто жолдон 2010-жылы капсалаңдуу окуялар жүз берип кетти. Март окуясындагы эл талабын бетке жамынышканы менен, кийинки бийликке келген Убактылуу өкмөттүн, алар сүйрөп ажолук тактыга олтургузган Атамбаевдин тушунда да бирок, элдин чыныгы талаптары унутта калды да, баары жапатырмак өлкөнү талап-тоноп жүрүп олтурушту.

Ошондуктан  мындан ары демократиянын  атын жамынган кыянатчылдардан өтө, өтө... өтө этият болуу керек. Бул негизги сабак.

Ошол эле учурда, бул тилеги бузук саясатчылар азыр да тынч жатпай, өйдө-төмөн сүйлөп, эксперт болуп атышканын унутпайлы. Алар кайрадан бийликке келүүгө көздөрү төрт. Азыркы бийлик элге жакын болуп, чындап иштеп жатат. Ошондуктан, элдик бийликти колдош керек, бузукуларга алдана турган учур өтүп кетти...          

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити