Бишкек, "Саясат. kg". Россия Украинанын чек арасына жакын аймактарына 120 миңге жакын аскерин, миңдеген техникаларын жайгаштырса, Украина 125 миңдей аскерин, Россияныкынан калышпаган техникаларын каршы койду.

Азыр дүйнөдөгү аң сезимдүү адамдардын басымдуу көпчүлүгүнүн көңүлдөрү Россия менен Украинанын ортосундагы аскердик тирешүүгө бурулуп турган кез. Кайталайбыз, саясый эмес аскердик, эки этникалык теги бир өлкөнүн ортосундагы отуз жылдан ашык убакытка созулган саясый тирешүүлөр 2014-жылдан локалдык аскердик кагылышууларга өтсө, быйыл кеңири масштабдагы аскердик тирешүүгө  айланып кетти. Россия Украинанын чек арасына жакын аймактарына 120 миңге жакын аскерин, миңдеген техникаларын жайгаштырса, Украина 125 миңдей аскерин, Россияныкынан калышпаган техникаларын каршы койду. Серепчилердин айтымдарында, Украинага күн сайын АКШдан, Батыш өлкөлөрүнөн аскердик заманбап курал-жарактарды ташыган самолеттор келип конууда. Же атом бомбасы эле болбосо, калган жагынан Украинанын жарак- жабдыктары Россиияныкынан калышпайт. Айрым саясатчы, серепчилер боолгошкондой, Россия январдын ичинде же февралдын башталышында Украинага каршы кеңири масштабдагы аскердик операциясын баштайбы же бул Украинаны, батыштагыларды опузалап, НАТОнун жетекчилеринен альянсты мындан ары Чыгыш жакка кеңейтпөө  жөнүндө милдеттенме алуунун эле бир  аргасыбы?

Союз таркагандан кийин Россия дүйнөлүк геосаясый таасиринин дээрлик баардыгынан ажырады. Анысы аз келгенсип КМШга кирген республикалардын көбү менен жаңжалдашты, Грузиянын, Молдованын аймактарына аскерлерин киргизди. Кремлдин рупорлору делген саясатчылар, журналисттер Казакстанга, Кыргызстанга, Өзбекстанга да асылышууда. Эгерде жети жылдан бери Украина синдромунун комплексинде калбаса, Россиянын Казакстанга карата мамилеси кандай болот эле, аны бир кудайдын өзү билет. Ал жөнүндө ар ким акыбалынын жетишинче божомолдорду, түкшүмөлдөрдү айта берсе болот, бирок ал өзүнчө тема, бизди бул жерде эмне үчүн кремль Украинага мынчалык эрегишип алды? Эгерде эки өлкө аскердик жактан чоң масштабда кагылышып кетсе, бизге анын кандай түз жана кыйыр кесепеттери тийиши мүмкүн? – деген маселелер гана кызыктырат.

Кремлдин Украинага эрегишүүсү отуз жылдан ашык мурда эле башталган. Россиянын азыркы жетекчилери, саясатчылары мас Ельциндин башын айландырып, Беловеж токоюнда Союзду таркатуу жөнүндө документке кол койдурган жана КМШ боюнча интеграциялык  сунуштардын көбүн четке каккан Украинанын ошол убактагы Президенти  Кравчук деп эсептешет. Кучманын убагында эки өлкөнүн ортосундагы мамиле оңолгон, бирок андан кийинки президент В.Ющенко Кравчуктун жолуна түшкөн. Кийинки президент Виктор Янукович пророссиялык болду. 2014-жылдын февралында  Майдандагы революция ишке ашкандан бери Украинаны антироссиялык маанайдагы  президенттер башкарып келишүүдө. Россиянын кийлигишүусү менен Украина үч облусунан ажырады. Ага жооп катары Украинанын жетекчилери антироссиялык иш аракеттерди, пропаганданы гана күчөтүшүүдө. Украинада Россиядан чыккан китептерди, гезиттерди киргизүүгө тыюу салынган. Десоветизация деген кампания аркылуу орусча  жер, мекеме, уюм аталыштарынын баардыгы жоюлду, советтик бийликке тийиштүү эстеликтердин баардыгы алынды. Мурда эки өлкөнүн аскердик өнөр  жай комплекси тыгыз кызматташып, Россиянын курал-жарактарды чыгаруучу заводдоруна керектүү тетиктердин 40 пайызга жакыны Украинадагы заводдордон алынып турса, андай байланыш үзүлдү. Россия үчүн эң оору, Украинанын жетекчилиги Россияга самолёттордун, вертолёттордун моторлорун экспорттоого тыюу салып койгондуктан Россия мурдагы убактардагыдай сапаттуу  учактарды чыгара албай калды. Өздөрү курган заводдор чыгарган моторлордун сапаттары начар болгондуктан авиакырсыктар кескин көбөйдү. Алсак, ушул жылдын 11 айынын ичинде Россиянын заводдору  чыгарган 32 самолет, вертолёт кыйроого учурады.

Мурда тарыхтан “Киевская Русь, Россиянын тарыхы Киевден башталган” деп окуп келсек, ага россиялыктар да көнүп калышса, Украинанын жетекчилиги атайын мыйзам менен Киевдин орустарга эч кандай тиешеси жок, орустар тарыхый жактан түпкүлүктүү жергиликтүү калк эмес” деген атайын мыйзам кабыл алышканда, кремлдегилер ыйлап жибере жаздашты. Мына ушул айтылгандардын баарынын кысасын чыгаруу үчүн Россия  Украинаны аскердик жактан “окутуп” коюуну  чечти эле, АКШ, НАТО Украинага болушуп, эгерде Россия Украинаны басып кирсе, ага каршы “тозоктукундай (адские) саянкцияларды киргизишерин билдиришүүдө. Алар: Россиянын нефти, газына эмбарго жарыялоо, дүйнөлүк бирдиктүү төлөм системасы СВИФтен үзүп салуу, Россиянын банктарына доллар, евро менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу, чет элдик банктардагы валюталык резервдерин камакка алуу (заморожение) ж.б.

Батыштагылар  Россияга каршы андай санкцияларды киргизсе, рубль кыйрайт, гипер инфляция башталат. Ал биринчи кезекте мигранттарыбызга урат, анын кесепеттери келип сомдун курсуна бычактай тийгени турат. 2014-жылы АКШ киргизген санкциялардан улам Россияда рубль эки эсе күчүн жоготкондо сомдун долларга карата курсу 49 сомдон 77 сомго чыккан. Ал нефти өнөр жайына каршы эскертүүчү эле санкция болчу. Бул жолу тозоктукундай санкцияларды киргизишсе, рубль канчага куларын элестетүү да кыйын. Анда биздин сомдун тагдыры кандай болот? Муну ойлогондо заманаң куурула түшөт. Кудай эки өлкөнүн жетекчилерине акыл эс, ыйман берип, ич ара жаңжалдарын тынчтык жол менен эле чечип алышса, эки өгүз жөөлөшсө, ортосунда чымын өлөт болбосок экен деп кудайдан тилегенден башка аргабыз жок.

Тынчтыкбек Бешкемпиров