Садыр Жапаровдун рационалдуу сунушун Россиянын экинчи, үчүнчү даражадагы мамчиновниктери, кремлчил дүжүр эксперттери терс кабыл алышып, ар кандай сындарды айтышты.

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук уюмунун келишиминин (ЖККУ) Дүйшөмбүдө өткөн саммитинде мүчө-өлкөлөрдүн бири экинчисине куралдуу агрессия жасаса, ага оперативдүү реакция жасоонун механизмин иштеп чыгууну сунуш кылды. Ал эң туура сунуш эле. Чындыгында ЖККУ өзүнө мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги куралдуу агрессиянын алдын ала албаса, кокус болуп кетсе, тез тынчытып, жөнгө салуу механизми болбосо, анда анын кандай зарылчылыгы бар (?) - деген суроо өзүнөн өзү жаралат.

Кыргызстан коопсуздук жагынан ЖККУга гана эмес, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) да мүчө. Бирок, рационалдуу практикалык өңүттөн алганда Кыргызстан үчүн негизинен экөөсү тең практикалык жактан реалдуу пайдасы жок, абсурддук уюмдардан. Өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр, биз бир жагы - Кытай, экинчи жагынан - Казакстан, үчүнчү жактан Тажикстан, Өзбекстан менен чектешебиз. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок чындыкты айтуу керек, бирок бизге реалдуу коркунуч ушул өлкөлөрдүн бири тарабынан гана жаралышы мүмкүн. Булардан сырттагылар, маселен, Ооганстан же Иран булардан аттап келип, бизге кол сала алышпайт. ШКУга, ЖККУга бул өлкөлөрдүн баары мүчө. Демек, бизге ушул өлкөлөрдүн биринен гана реалдуу коркунуч жаралуусу мүмкүн, анын чындыгын Тажикстандындын ушул жылдын 28-апрелинен 1-майга чейинки  агрессиясы ырастады. Дагы мындай окуялар кайталанбасы үчүн  ЖККУ, ШКУ биринчи кезекте мүчө өлкөлөрдүн бири-бирине агрессия жасосуна жол бербей турган механизмди иштеп чыгып, киргизиши керек эле. Маселен, мүчө өлкөлөрдүн ортосунда жаңжал пайда болсо, мүчө мамлекеттердин жетекчилери дароо телефондон сүйлөшүп, тышкы иштер министрлерден, адистерден турган комиссия түзүп, алар чатакты карап чыкмайынча кагылышууларды милдеттүү түрдө токтотуу жөнүндө норма киргизиши, андан жакшысы, андай комиссия туруктуу иштеши керек. Мына ошондо аталган уюмдардагы Кыргызстандай майда өлкөлөрдүн  кызыкчылыктары корголмок. Тилекке каршы, ШКУда, ЖККУда андай эмес, ал Кытай менен Россиянын геосаясый амбициялары үчүн эле түзүлгөн уюмдар, эгерде ички маселелерди чыр-чатаксыз чечүү механизми болсо гана бизге реалдуу пайдасы тийет. Эгерде андай механизм жок болсо, биз үчүн чыгашасынан башка пайдасы жок,  ритуалдык формалдуу уюмдардан гана болуп калат. Азырынча ошондой гана болууда. Бирок, дүйнөдө державалардын ортосунда чоң кагылышуулар болуп кетсе, бизге аябагандай чоң кесепеттери гана тийет.

Садыр Жапаровдун рационалдуу сунушун Россиянын экинчи, үчүнчү даражадагы мамчиновниктери, кремлчил дүжүр эксперттери терс кабыл алышып, ар кандай сындарды айтышты. Алсак, Мамдуманын комитетинин төрагасынын орун басары Александр Шерин  “...бул уюмдун принциптерине ылайык келбейт, уюм тышкы агрессорлорго каршы багытталган” десе, Россиянын Илимдер Академиясынын ИМЭМО борборунун ага илимий кызматкери Станислав Притчин дегени сунушту “абсурдга” салыштырды. Кытайдан башка чек аралары өзүнөн кыйла алсыз өлкөлөр менен чектешкен Россия үчүн ал абсурд болушу мүмкүн, бирок  башка мүчө өлкөлөрдүн ичинде ал негизги маселе болуп жатканын, Кыргызстан үчүн реалдуу коркунуч мүчө өлкөлөрдөн гана болушу мүмкүн экендигин алар эстерине да алышпады.

Чындыгында Россииянын акыркы убактардагы тышкы саясаты барган сайын түшүнүксүз болуп баратат. Бир тууганы Украина менен перманенттүү согуш абалында, Молдова, Грузия, Азербайжан менен мамилеси эбак бузулган. Грузия менен Россиянын ортосунда дипоматиялык байланыштар да жок. Прибалтика өлкөлөрү туруктуу антироссиялык  позицияда. Мамдумадагы либерал-демократтар фракциясынын башчысы В.Жириновскийдин, РТРдин айрым алып баруучуларынын айынан Казакстан менен мамилеси да солгундап кетти. Мында көңүл бурчу жагдай, Жириновскийди саясый клоунга, шарманкалык шовинистке теңештиришкен менен ал Кремлдегилердин кабак-каштарына карата гана иш кылат, ал эми РТР мамлекеттик телеканал, эгерде жогортон ишарат болбосо, Соловьев башка шериктеш өлкөлөргө, алардын жетекчилерине тийишмек эмес. Экөөсүнүн кошуна өлкөлөрдүн элдерин мазакташкан шовинисттик билдирүүлөрү чоң саясатка айланып кете жаздады. Азбербайжандын айрым экс-мамчиновниктери, коомчулугунун өкүлдөрү алардыкынан калышпаган агрессивдүү билдирүүлөрдү жасашты. Жакында Казакстан Россияга чектеш жерлеринин биринде аскердик машыгуусун өткөрдү. Тажикстандын куралдуу  күчтөрү Баткендин айрым айылдарын басып кирип, мародёрлук кылышканда Россия бир жумага чейин байкоочу болуп туруп алды. Түркия реакция жасаганда гана Россиянын тийиштүү мамчиновниктеринин айрымдары кыймылдашты. Же “стратегиялык өнөктөштүк, шериктештик” жөнүндө көп айтылган менен чыныгы стратегиялык мамилелерди көрө элекпиз.

Жыйынтыктап айтканда, ЖККУ да, ШКУ да дартка чалдыкты. Аларда ички тартипти бекемдеп, ич ара чатактарга, куралдуу кагылышууларга жол бербей турган ички механизмдерди калыптандырып, нормага айландырмайынча ЖККУ да, ШКУ да геосаясый формалдуу уюмдардан болуп кала берет.

 

Мирлан  Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити