Старт берилди!

Парламенттик шайлоого старт берилди. Президент  Садыр Жапаров 28-августта ушул жылдын 28-ноябрында  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Парламенттик шайлоого 75 партия катыша тургандыгын билдиришти. Ачык эле айталы,  бул улуттук саясатыбыздын балалык дартынын бир көрүнүшү. Анткени, адамзат  жаралгандан бери  негизги төрт  эле идеология коомдук аң сезимге сиңген, калгандары сөздүн жакшы маанисиндеги  алардын эпигондору. Саясый партиялардын негизги вазийпалары - мына ошол негизги идеологиялардын бирин же эпигонун ишке ашыруу болуп саналат. Ал эми бизде өздөрүн саясый партия деп эсептегендер 220га жакын. Бул чындыгында казус. Алардын тизмеси шайлоолордун алдында эле маалымдалып, көзгө түшпөсө, калган убактарда басымдуу  көпчүлүгүн  эч ким билбейт, чындыгында  эл  билгенге кызыкпайт деле. Анткени, Уставы менен мөөрүнөн башка эч нерсеси жок партия атпайлар кимди кызыктырмак эле.

Потенциалдуу фавориттер, аутсайдерлер кимдер?

Бул ирет парламенттик шайлоо катышканы жаткандардын арасында мурдатан  бир нече ирет шайлоолорго катышып, аздыр-көптүр тажрыйбага, имиджге ээ болуп, белгилүү деңгээлде туруктуу электораттары барлардын катарына “Ата-Журт”, “Ар-Намыс”, “Ата-Мекен”, “Эмгек Кыргызстан”,  “Кыргызстан”, Социал демократтар партияларын кошууга болот. Өткөн жылдын 4-октябрында өтө активдүү  болуп, добуштарды массалык түрдө сатып алган партиялар тизмеде жоктугуна караганда алардын күркүлдөрү потенциалдуу  фавориттердин тизмелерине киришкен окшойт.

Партиялардын максаттары, идея, идеологиялары гана эмес, аталыштары да элге түшүнүктүү, жакын болгону оң. Антпесе саясый аренага чыгуунун кажети деле  жок. Бул жолку тизмеде жүргөн  партиялардын “Легалайз”, “Ашар-Алтан”, “Эне жүрөгү-Мекен”, “Актив”, “Аалам”, “Аруузат-Эл куту” деген аттары чындыгында бизди таң калтырды. Бириники ишкана, уюмдардын аббревиатураларына окшошуп кетсе, экинчилериники көркөм чыгармалардын аталыштарын эске салып турат. Экзотикалык партиялардын жарытылуу добушка ээ болуусу кыйын. Бюллетендер даярдалгыча  азыр  тизмеде жүргөндөрдүн үчтөн экиси  калса деле чоң иш. Басымдуу көпчүлүгү күрөөгө акча коюп, үгүтчүлөрдүн жалдап, жер-жерлерде офистерин ачып, добуш топтоого жеткенде эле шайлоого катышкандан баш тартышат же башка акчалуу партиялардын этектерине жабышышат. Биздин оюбузча, негизги күрөш жогорудагы биринчи топко киргендердин, анан дагы  өткөн жылдын  октябрында ызалуу күркүлдөр бириге калган 2-3 топтун же блоктун арасында гана жүрөт. Ал эми калгандарын маскараддык шоунун катышуучулары деп гана койсо болот. Бирок, канча партия шайлоого катышпасын мыйзамдуулук бекем сакталып, өнөктүктүн бардык процедуралары, этаптары ачык, так, калыс жүргүзүлүүсү зарыл.      

Баш мыйзамдагы укук-ченемдик казус неге жоюлбады?

Парламенттик кезектеги шайлоонун бир жылга кечиктирилгендигинин себеби, 11-апрелде жалпы элдик добуш берүүдө өлкөбүздүн президенттик башкаруу формасы аныкталды. Андан берки убакта шайлоого байланышкан укук-ченемдик  актылардын бардыгы Баш мыйзамга ылайык келтирилди. Мына ушундан улам 6-чакырылыштагы парламент 5 жыл эмес, 6 жылдан ашык иштеди.

Мындай адаттан тышкаркы көрүнүш адистердин, эксперттердин талаш-тартыштарын жаратып, эл арасында да кайчы пикирлерди  пайда кылууда. Мурдагы Баш мыйзамдын  70-беренесинин 2-пунктунда “Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат” деп  жазылган. Ал эми 71-берененин 3-пунктунда “Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат” делинет. Эгерде  парламентти  шайлоодо   өткөн жылдын октябрындагыдай паттык кырдаал жаралса, бул беренелердин кайсынысы артыкчылыктуу  укукта болушу керек эле?

Менимче, 70-берененин 2-пункту  шайлоочулардын эрктеринен жаралган  укук-ченемдик  категория, ал эми 71-берененин 3-пункту андан келип чыккан процедуралык  норма болгондуктан 70-берененин 2-пункту  императивдүү  күчкө, укукка ээ болушу керек эле. Же Баш мыйзамдагы “...5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат” деген норма бекем сакталууга тийиш болчу.Тилекке каршы, ал талап сакталбады, жаңы Баш мыйзамда  да  ошол бойдон калды. Алсак, жаңы Баш мыйзамдын 76-беренесинин 2 пунктунда “Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат” деп жазылса, 77-берененин 3-пунктунда “Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат” делинет. Бул ички карама-каршылык  “Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамында кандай чечмеленген? Тилекке каршы, конституциялык мыйзамда кандай чечмеленбесин ал Баш мыйзамдагы нормадан өйдө эмес. Демек, Баш мыйзамдагы мындай “бомба” жоюлбастан калды. Же өткөн жылдагыдан бери келаткан прецедент  28-ноябрдан кийин да кайталанышы  ыктымал. Бул практикалык жактан татаал болсо да теориялык жактан ага мүмкүндүк  бар. Кокус,  28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары  да жокко чыгарылса, анда азыркы парламент  7 жыл иштейби? Бул потенциалдуу  укуктук казус. Аны жок кылыш керек эле, бирок  ал жоюлбады.

Аралаш системанын артыкчылыгы эмнеде?

7-чакырылыштагы  Жогорку  Кеңеш 90 депутаттан турат. Алардын  54ү пропорционалдык системада партиялык  тизмелер аркылуу шайланса, 36 депутат бир мандаттуу  шайлоо  округдарында мажоритардык система боюнча шайланат. Мындай аралаш шайлоо ыкмасы 1995-жылы киргизилген, ал системада эки шайлоо өткөрүлдү. Бирок, ачыгын айтуу керек, ал күткөндөй  натыйжа бербеди. Бирок, мандаттардын бардыгын пропорционалдык системада же парттизмелер аркылуу бөлүштүргөнгө салыштырганда жакшы экендиги шек туудурбайт. Эгерде баары бир партиялык система өнүкпөгөндөн кийин пропорционалдуу  системаны биротоло жоюп, бардык мандаттар мажоритардык система аркылуу бөлүштүрүлсө, жакшы болмок. Бирок, андай болбоду. Аралаш системанын артыкчылыктуу  жактары эмнеде?

Бул системада депутаттыкка талапкерлердин бардыгы жер-жерлерден көрсөтүлөт, саясый партиялар аркылуу көрсөтүлсө деле аймактык жергиликтүү факторлор негизги ролду ойнойт. Азыркы шарттагы мажоритардык системада  бир аймактан чыккандын экинчи аймактан талапкерлигин коюп, жарытылуу добуш алуусу практикалык жактан мүмкүн эмес. Демек, 4-5-чакырылыштарда айрым райондордон парламентте бир да өкүл болбой, башка кээ бир райондордон 10-15 депутат шайланып жүрсө, мажоритардык системада андай болбойт, ар аймак өзүнөн өкүл чыгарат. Бул парламенттин эл, аймактар менен болгон байланышын жакшыртат.

Парттизме аркылуу акчасы болсо, адам түгүл  уйду, койду деле өткөрүп жиберүүгө мүмкүн болсо, мажоритардык системада канча акча чачса деле андайлардын үстөмдүккө жетишүүсү кыйын. Эл харизмалууларды, тилдеринен чаң чыккандарды тандайт. Антип шайлангандар өз округдарында жашагандардан башка эч кимге көз каранды болбойт. Демек, парламенттин сапаттык курамы кескин жакшырат.

Квоталар  жѳнүндѳ

Азыркы норма боюнча  парттизмелер аркылуу талапкерликке киргизилгендердин  30 пайызы аялдар, 15 пайызы  кыргыздардан башка этностордун өкүлдөрү, 15 пайыздан кем  эмеси жаштар болуусу зарыл.Ар парттизменин башталышында 2ден кем  эмес мүмкүнчүлүгү  чектегендер болушу керек. Шайлоого катыша турган партиялардын лидерлери акча тапкандан да мына ушул квоталарды  мыйзамдык  талаптарга ылайык келтире албай кыйналышары турган иш.

Менимче, бара-бара квота деген түшүнүктөр жоюлуусу зарыл. Анткени, саясый партиялар, парламент кайрымдуулук  фонду  эмес. Ким депутат болгусу келсе, бир партияга кирип же өз алдынча талапкерлигин коюп, саясый күрөшкө чыгуусу зарыл. Шайлоочулардын 52 пайызы аялдар. Эмне үчүн кыз-келиндер өздөрүнүн уюмдары, НПОлору аркылуу шайлоочу аялдар менен иштешип, жактоочуларын көбөйтүшпөстөн  квоталарды аңдып партияларга ашыкча баланс  болуп отурушат?  Гендердик тилектештик жок жерде, гендердик теңчилик жөнүндө сөз кылуунун деле кажети жок. Аны аялдардын басымдуу көпчүлүгү каалабай жатышат. Тилекке каршы, гендердик теңдик жөнүндө канчалык сайраганыбыз менен шайлоочу аялдардын басымдуу көпчүлүгү талапкер аялдарга добуш бербей, аларды депутат катары көргүлөрү келбей жатышса, мамлекетте, элде  эмне күнөө?  Ага эмне үчүн  мамлекет  кийлигишүүсү керек? Тилдери сайраган кыз-келиндер, жер жайнаган НПОшниктер (көбүнүн активисттери  аялдар) ОБОНчу болуп жүрө беришпестен  өздөрү  андай абалды оңдоого аракеттенишпейби?

Ачыктык, тазалык, калыстык

Азыр айрым саясатчылар  төртүнчү революциянын карааны көрүнө баштагандыгын айтышууда. Революция деген элди опузалап, коркутуп туруучу бокочо болуп калды. Өңкөрүш-төңкөрүштөрдөн басып алгычтардан, банктардын  ячейкаларын, сейфтерди  тоноочулардан   башка эч ким жарыбады, кудай анын бетин ары кылсын, ополоң-тополоңдор чыккан сайын экономикабыз 4-5  жылга артка кетүүдө. Эл гана революционерлердин азаптарын тартууда. Мындай учурда  кутумдардын колдоруна карт-бланштарды берип, элди дагы козутпастан парламенттик шайлоо мүмкүн болушунча ачык, таза, калыс өткөрүлүүсү зарыл. Парламенттик шайлоо деп  дүрбөгөнүбүз менен 11-апрелден кийин парламент бычылган текедей эле болуп калган. Реалдуу алганда анын колунан мыйзамдарды жазгандан,  жарамазанчылыктан башка жарытылуу эч нерсе деле келбейт. Парламенттин 60-70 пайызын оппозициядагылар ээлеп алышса деле, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот. Алар айта тургандарын айта, жаза беришсин, алардын эч кимге деле ысык-сууктары тийбейт. Демек, түз жерден - аңды жаратып, жөн жерден - ашыкча баш оорууларды чыгаруунун азыркы бийликтегилерге кажети жок.  Талаш маселелер келип чыкса, алар мыйзамдык негиздерде гана чечилүүсү керек. Эгерде шайлоонун шылтоосу  менен дагы ополоң-тополоңдорду уюштургулары келгендер болсо, аларга карата мыйзам чектеринде катаал чаралар көрүлүүсү  зарыл. Мамлекеттин эң башкы милдети - элдин тынчтыгын, коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Бардык иштер ушул өңүттө гана жүргүзүлгөнү туура болот.

 

Мирлан Дүйшѳнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити