Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Коомдук Биринчи каналдын “Биринчи радиосуна” маек берип, өлкөдөгү кырдаал, алдыдагы шайлоо, кырдаалдан пайдалангысы келип жаткан саясатчылар  тууралуу айтты.

Эң жөнөкөй талаптардын аткарылбаганы – вирустун жайылуусун шарттады

Каалайбызбы, жокпу, бирок бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. “Биринчи радиого” берген маегинде президент ушул туурасында баса белгилеп айтты. Учурда кырдаалдын оор экенин айткан өлкө башчысы вирустун жайылуусун  алдын алуу, аны токтотуу максатында мартта карантиндик режим киргизилгенин, аны менен элди санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого үйрөтүү болгонун белгиледи.

Ачыгын айталы, Кыргызстанда карантиндик режим убагында киргизилип, ыкчам чаралар көрүлүп, алар вирустун жайылуусун токтоткондугу факт. Ошол кезде биздеги абал кошуна өлкөлөргө салыштырганда  кескин жакшы болчу.  Ооруну жуктургандардын саны кыйла аз болуп, көз жумгандар дээрлик жокко эсе болгондугун тана албайбыз. Буга карантиндик режимдин, анын алкагында жарандардын эркиндигине чектөөлөр киргизилип, эл көп топтошкон соода, тейлөө жайларынын, коомдук транспорттордун иштери токтотулуп, адамдардын байланыштарына чектөөлөр болгондуктары менен жетишүүгө мүмкүн болгон. Коменданттык саат киргизилип, ал авто унаалардын жүрүүлөрүн чектеди. Аймактар аралык каттамдар токтотулуп, чек аралар жабылган эле. Булардын баары вирустун жайылуусун токтотууга шарт түздү.

Бирок мындай абал карантиндик режим токтотулгандан кийин жаман жагына өзгөрүп кетти. Изоляциялык абалда жашап калган эл карантиндик режим алынары менен санитардык-гигиеналык нормаларды,  сактануу талаптарын аткарууга маани бербей калышты. Натыйжада илдеттин жайылуусу күч алып, аны жуктургандардын саны тездик менен өсүп кетип, бүгүнкүдөй абалга туш болуп олтурабыз. Атүгүл кээ бирлер (алардын ичинде аттуу баштуулар, саясатчылар да бар) тойканаларда эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүшүп, алардын баары илдеттин жайылуусун шарттады.

Президент ошондой эле сөзүндө 5 принциптин аткарылбаганына токтолду. Ал кандай принциптер эле? Колду дайыма самындап жуу, беткап тагынып жүрүү, социалдык дистанцияны сактоо, ооруп калсаң врачка кайрылып, анын айткандарын, кеңешин угуу, өзүңдү, жакындарыңды этият кылуу. Аткарууга эң жөнөкөй, ар бир жарандын колунан келчү принциптер. Бирок тилекке каршы, аталган принциптер көпчүлүк жарандар тарабынан жетишерлик аткарылган жок. Ооруга анчейин маани бербей, үйлөрүндө өз алдыларынча  дарыланышып, оору өтүп кеткенден кийин ак халатчандардын жардамына кайрылып, бирок кеч болуп калгандыктан бул дүйнө менен кош  айтышкандар көп болду. Алардын арасында жалпы журтка белгилүү инсандар да бар. Кыргызга белгилүү алым Чубак ажы Жалилов да үйүндө дарыланып,  ооруканага кеч кайрылганын билдик.

Мындан сырткары, өлкө башчысы айрым саясатчылардын «вирус жок, ишенбегиле» деген билдирүүлөрү боюнча айтты. Президент туура белгилеп өткөндөй,  жогорудагыдай чакырыктар элдин бир бөлүгүндө көңүлкоштукту, ишенбөөчүлүктү жаратып, бул жагдай вирустун таркашына гана өбөлгө түздү. Ошол эле саясатчылар тескерисинче элди вирустан сактанууга, өздөрүнө, жакындарына сак болууга чакырганда, эл үчүн чындап пайдалуу иш кылышпайт беле. Минтип алар элге кызмат кылышкан жок, кыянаттык кылышып, илдеттин жайылуусуна «салымдарын» кошушканын баса белгилеп кетели.  

Илдет менен күрөшүүдө мүмкүнчүлүктөр чектелүү

Президент С.Жээнбеков маектин жүрүшүндө «Бул илдет менен күрөшүүдө биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү башка өлкөлөргө салыштырганда  чектелүү», - деп айтты. Бул чындыкты да моюндоого аргасызбыз. Болбосо, карантиндик режимдин мөөнөтүн кыйла узартып, эл мамлекеттин эсебинен багылып, ар бир жаранды, үй-бүлөлөрдү изоляциялап, вирусту  жайылтпай коюуга мүмкүн болмок. Муну ар бир жаран түшүнүшүбүз керек. Ансыз да өп чап жетип аткан бюджетибиз үчүн вирустун капилеттен каптап кирүүсү айлабызды алты кылып, аргабызды кетирип койду.

Бирок бюджетибиз курук, акчабыз жок деп отуруп калган жокпуз. Президент дароо эл аралык финансы институттарына, донор өлкөлөргө кайрылып, илдетке каршы күрөшүүгө жардам берүүнү өтүнүп, натыйжада миллиондогон долларлык жардамдар келди. Анын ичинде медициналык жабдуулар,  жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер ж.б. бар. Бул оор күндөрү бизге Кытай, Түркия, Катар, Кувейт ж.б. мамлекеттери жардамдарын жѳнѳттү. Кытай менен Россиядан  дарыгерлер келип, илдет менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. 22-июлда Россия ѳкмѳтү  100 дарыгерди медициналык жабдуулар, дары-дармектер менен кошо жѳнѳттү. Эми бул дарыгерлер Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларда иштешип, кыргыз дарыгерлерине жардам кѳрсѳтүшѳт.  Ушуга окшогон жардамдар биздин чектелүү мүмкүнчүлүгүбүздү билдирбей, абалыбызды бир кыйла  жеңилдетти.

Келген акчаларды  уурдоого жол берилбейт

Коронавирус өлкөбүзгө келип, аны менен күрөшүүгө сырттан жардамдар келе баштагандан бери эл арасында ал акчалардын чиновниктер тарабынан уурдалып жаткандыгы айтылып, жазылып келет. Бул маселени да өлкө башчысы жоопсуз калтырбады.

“Мен буга чейин да айткам, азыр да айтам. Биз андайга жол бербейбиз. Бул маселе менин жана премьер-министрдин жеке көзөмөлүндө турат”,- деди президент. Ошондой  эле өкмөт келген жардамдардын максаттуу жумшалуусунда чиновниктер  элдин, мыйзамдын жана Жараткандын алдында жооп берерин  айтты.

Ушул жерден белгилей кетсек, коомчулукта,  эл ичинде  жардам катары бериле турган акчалардын баары бюджетибизге келип түштү деп ойлошот. Бирок убада кылынган акчалар этап этабы менен бөлүнүп берилүүдѳ.  Айтылган акчалардын баары келе элек. Жардам катары келген каражаттардын чиновниктер тарабынан кымырылышы мүмкүн эмес. Анткени, каражат  финансы  министрлигинин казынасына түшүрүлүп, анын сарпталуусу сомуна чейин тийешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө болорун унутпайлы.

Долбоорлор, башталган иштер токтобойт

Мамлекеттин жашоосу ар дайым улана  берет. Согуш маалында да мамлекеттик машина иштеп, белгиленген иштер, пландар, долбоорлор жүзөгө ашырылып келген. Пандемия убагында да Кыргызстандагы экономикалык, социалдык иш пландар аткарыла бериши керек. Бул тууралуу Президент да айтты.

Маяна, пенсия, жөлөкпулдар берилип, элдин аярлуу катмарына мамлекет тараптан колдоо көрсөтүү да улана бермекчи.  Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү саясаты да токтобойт. Элдин жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлордун баары пандемия убагында да ишке ашырыла берет.

Кыргыз эли мындан оор күндөрдү жеңген

Президент элибиз оор күндөрдү биримдик, ынтымак менен жеңип келгенин баса белгилеп, бул ирет да ошондой болорун айтты. «Тарыхыбызды карасак, биз мындан да оор сыноолорду татыктуу жеңип келгенибизди көрөбүз, бул ирет да жеңебиз», - деди. Ооруну  жеңүүнүн бир гана жолу бар – ал улуттук биримдик, зор жоопкерчилик жана терең ишеним. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук болсун.

Өлкө башчынын айтканына толугу менен кошулууга болот. Кыргызстандын көп улуттуу эли илдетти биримдик, ынтымак  ырашкерлик менен гана жеңе аларына көзүбүз жетти. Ар бир жаран бири бирин колдоп, сабыр кылып, биргеликте чараларды көрүп, жоопкерчиликти сезүү менен оорудан сактануунун талаптарын так аткарышса, илдет артка кайтпай койбойт.

Саламаттыкты сактоо системасы  кардиналдуу реформага муктаж!

Өлкөбүздө түзүлгөн кырдаал мамлекеттик системадагы бир катар көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Андан сөзсүз жыйынтык чыгаруу зарыл. Айрыкча саламаттыкты сактоо системасы кардиналдуу түрдө модернизацияга муктаж экенин көрдүк. Бул тармакта көйгөйлөрдүн көп экендиги, ооруканалар, дарыгерлер, медициналык жабдуулар жетишпей турганы мурдатан эле белгилүү болчу. Бирок ковид ал көйгөйлөрдү тезинен оңдоп, кемчиликтерди жоюп, системаны жакшыртуу зарылдыгын айгинеледи.

Дарыгерлердин аздыгы, медициналык кадрлардын таңсыктыгы, ооруканалардын жетишсиздиги, зарыл болгон медициналык жабдуулардын жоктугу, ооруканаларда эң жөнөкөй шарттардын түзүлбөгөндүгү сыяктуу көйгөйлөрдүн баары саламаттыкты сактоо системасын жакшыртып,  кескин реформалык чараларды көрүүгө себепчи болушу керек.

Шайлоо өз  маалында өтүшү зарыл

Өлкө башчысына шайлоого байланышкан да суроо берилип, ага төмөнкүдөй жооп берди. «Бизде азыр  кандай абал болбосун, ошол эле кезде эртеңки күндү да унутпоого тийишпиз. Бизде укуктук мамлекет, а биз аң сезимдүү жарандары болуп эсептелебиз. Күзүндөгү парламенттик шайлоо Конституцияда белгиленген мөөнөтүндө өтөт».

Шайлоо темасын улай президент партия башчыларына, саясатчыларга кайрылып, күздөгү шайлоону саясатташтырбоого, мандат үчүн күрөштү мыйзам алкагында жүгүзүүгө чакырды. Мамлекеттин эртеңи, тагдыры менен ойноого эч кимдин акысы жок.

Эмне үчүн шайлоо 4-октябда  өтүшү керек? Биринчиден, бул Конституция боюнча белгиленген мөөнөт. Конституциянын нормасын буза албайбыз. Экинчиден, шайлоону өткөрбөй коюуга, же жылдырууга болбойт. Пандемия шайлоону өткөрбөй коюуга негиз боло албайт. Илдетке байлап шайлоону өткөрбөй койсок, анда Конституция бузулат. Үчүнчүдөн, Жогорку кеңештин жаңы чакырылышы келип, өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү, программасы бекитилиши зарыл.

Шайлоодо жарандардын коопсуздугу башкы маселе болот

Эгерде күзгө чейин пандемиялык абал оң жагына жакшырбаса, шайлоодо биринчи орунга жарандардын саламаттыгы, коопсуздугу чыгары талашсыз. Башкысы, добуш берүү процедуралары жарандардын саламаттыгына зыянын тийгизбеши кажет.

Мындан сырткары, партиялардын үгүт иштерин жүргүзүүдө буга чейинкидей элдин массалык түрдө топтолушуна, алардын байланыштарына  жол берилбеши керек.  Демек, партиялар өздөрүнүн программа, платформаларын, курамындагы талапкерлери жѳнүндѳ маалыматтарды  теле, гезит, радио, интернет ММКлары аркылуу элге  жеткирип, онлайн режиминдеги жолугушууларды жүргүзүүгѳ тийиш. Ансыз пандемиялык кырдаал  ансыз да кыйнап турган убакта шайлоо өнөктүгү абалды андан бетер курчутуп, артык кылабыз деп тыртык кылдык дегендей болбойлу…

Азыр сындоонун эмес, жардам берүүнүн мезгили

Президент ушинтип айтты. Чындап эле бүгүнкү күн ар бирибизден колубуздан келишинче жардам колун сунууну талап кылууда. Сындоо эң оңой, сындоого ар дайым жетишебиз. Бирок бүгүн мамлекетибиз, элибиз жардамга муктаж болуп турат. Ошондуктан пандемияны шылтоо кылышып, бүгүн президентти, өкмөт башчыны сындап аткандар эстерине келиши керек. Жок дегенде элди биримдикке чакырып, туура жолго үндөп, санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу зарылдыктарын айтышса да чоң жардам кылышкан болот. Бирок тилекке каршы, шайлоону биринчи орунга койгон айрым саясий күчтөр, саясатчылар пандемияны шайлоо үчүн «эрмектегенге» өтүп алышты. Ал гана эмес, саясий абалды курчутуп, чыңалтып, өздөрүнө саясий дивиденд алууга жан үрөшүүдө.

«Ошол үчүн мен шайлоону ѳткѳрүү зарылдыгын айтып атам. Шайлоо жолу менен бийликке келишсин. Кимдер шайланат, аны эл чечет. Эл кимди тандаса, алар парламентке келип Ѳкмѳттү түзѳт. Бул парламенттин укугу», - деп ѳлкѳ башчысы эң туура айтты. Чын эле, эмне үчүн бүгүн ар кандай популисттик кадамдарды жасашып, кырдаалдан пайдаланып ѳз максаттарына жетүүнү кѳздѳгѳндѳр шайлоого даярданышып, элдин добушун алуунун камын кѳрүшпѳйт. Анын ордуна мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген чакырык, чагымчылдыктар менен алектенишет.

Бирок андайлар канчалык аракет кылышпасын,  коомдун басымдуу бѳлүгүн мыйзамдуулукту жакташып, ѳлкѳдѳ тынчтык, биримдик болушун каалагандар, сергек ойлуу жарандар  түзѳт. Демек, бүгүнкү абалдан пайдаланып, дестабилдүүлүккѳ, саясий туруксуздукка жетишебиз дегендердин тилектери ишке ашпайт.