×

Внимание

Could not instantiate mail function.

Бишкек, “Саясат.kg”. Төбөсү көрүнгөн “АШАчыл”, анын бийлигинин тушунда “кутуруп” жыргаган Рита Борбукеева, билбесең, билип алгын...

Биринчиден, Атамбаев 2012-жылы  Кытайдан 2 пайыздык үстөгү 500 миллион доллар кредит алып, эч кандай смета, долбоорсуз Датка-Кемин ЛЭПин өз баасынан 50 пайызга кымбатка куруп, сени губернатордун орун басары кылып кубандырса, мени Кыргызстанга кошо карызга батырды. Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык долбоор ошондон башталды.

Экинчиден, сен жана мен үчүн 2013-17-жылдарда Улуттук өнүктүрүү Стратегиясы дегенди кабыл алса, сен үчүн эмне кылгандыгын билбейбиз, мен жана Кыргызстан үчүн анда көрсөтүлгөндөрдүн 30 пайызы гана аткарылды. Калгандары ниет, тилек бойдон кагазда гана калды. Баарын айтканга убакыт жок, анда  Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди, ири ишканаларды куруу көрсөтүлсө, алар каякта?

Үчүнчүдөн, сен жана мен үчүн “Кыргызгазды” “Газпромго” өткөрүп берди эле, ал ар 1000 кубометр газын  Германияга 150 доллардан сатса, сага жана мага 232 доллардан сатып жатат. Дүйнөдө нефти продуктулары 3 эсе арзандады эле “Газпромдун” күйүүчү майлары сен жана мен үчүн 4-5 сомго гана арзандады.

Төртүнчүдөн, сен жана мен үчүн Кытайдан 700 миллион доллар 2 пайыздык үстөгү менен кредит алынып, альтернативдүү Түндүк-түштүк жолу курулууда. Андан көрө Төө-Ашууга дагы  бир туннель, Токтогул суу сактагычына паром, Көк-Белден Маданиятка чейин түз жол курулуп, бар жолдор кеңейтилсе, Бишкек-Оштун аралыгы 200 чакырымга кыскармак, алар сен жана мен үчүн 200 миллион долларга жетпеген каражатка эле бүткөрүлмөк. АШАнын авантюристтик криминалдык долбоорлорунун айынан Кытайдын кредитин сен менен мен гана эмес, сен менен биздин балдарыбыз да төлөшөт.

Бешинчиден, сен убагында социалдык жакты башкарганың менен ал тармакты деле билбейт окшойсуң, азыр Кыргызстанда 100гө жакын авариялык мектеп бар. Ишенбесең статмаалыматтарды, ал аздык кылса Жумгал менен Ат-Башыдагы мектептерди эле кара. АШАнын тушунда Нарында контейнерлерден курулган мектеп ачылганы эсиңден чыгып кеттиби?

Алтынчыдан, сен жана мен үчүн Россия жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашык (2,5 миллиард долларлык эмес, ал сенин түшүңө кирсе керек) аскердик техникаларын берсе, алардын көбүн АША Африкадагы өлкөлөргө сатып жиберген. Башкасын айтпайлы, Россия берген аскердик тик учактар кайда? Аларды Африкадагы өлкөлөрдөн кара!

Жетинчиден, АША сен жана мен үчүн Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын 386 миллион долларга оңдотту. Анча акчага Армения менен Тажикстан жапжаңы ЖЭБдерди курду. Эми сен жана мен эмес, балдарыбыз да 500 миллион долларды 2 пайыздык үстөгү менен Кытайга төлөшөт.

Сегизинчиси, сен АШАнын убагында Ысык-Көлдө губернатордун орун басары болуп  турганыңда Чолпон-Ата ат майданын курууда 40 миллион сомдон ашык каражат уурдалганы эсиңден чыгып кеттиби?

Тогузунчу,, АШАны ЖККУга кирген өлкөлөрдүн бир лидери “собака” десе, экинчиси “бандит” деп кыйкырганы, анын олдоксон сөздөрүнөн улам Кыргызстан 2 ай блокадада калгандыгы, Түркия, Казакстан, Тажикстан менен мамиле бузулгандыгы, Өзбекстанга 4 пансионатты, бир катар жерлерди берип жибергендиги сенин эсиңден эле чыгып кетпесе, биз аларды унута элекпиз.

Онунчу - АША балдарына, кайнилерине, балашкалары менен кызашкаларына майлуу-сүттүү жерлердин баарын бөлүп бергени, шопуру, кампачы, таразачысы, жан сакчысы, эки адамдын башын кошуп сүйлөшө албаган сүйүктүү “кызашкалары” премьер, мэр, баш прокурор, вице-премьер, министр болгондору эсиңден чыгып кеттиби? Эки баласы ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергияларын керектөөчүлөргө 3-4 эсе кымбатка сатып байышкандарын да эстегиң келбейби?

АША бизге жана Кыргызстанга миң жылда бир келгис кыянаттыктарды жасады. Аны АШАнын колунан жем жегендер канчалык актайбыз дешкендер кыргыз элинин каргышына туш болушса, тарыхка  кара ниеттер катары кирип калышат. Карганы кир жуугуч машинеге салып жуусаң  деле агарбагандай эле, адам аткыч АШАнын кыянаттыктарын, кара тактарын тактарын эч ким жууп кетире албайт.

Автандил Белеков

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить