Бишкек, “Саясат.kg”. “Алма сабагынан алыс түшчү” беле...

“Айгыры ала болсо, кулуну кула болот” дегенди акылман элибиз жөн жерден чыгарбагандыгына Атамбаевдин  кичи баласы Сейит Атамбаевдин акыркы күндөрдө айткандарына, билдирүүлөрүнө  күбө болгондон кийин дагы бир жолу ынандык.

АША жазуучу-акындарга бөлүнгөн 60 миллион доллардан ашык каражатка (ал убакта 1 доллар 60 тыйын болсо, Москвадан 1990-жылы Кыргызстандын жазуучу акындарына көп батирлүү үй куруу үчүн 60 миллион рубль бөлүнгөн)  килейген 5 ири ишкананы сатып алып, анан алардын станокторун, жабдууларын, автоунааларын сатып байыгандыгын элдин баары билсе да, камалгыча “Кыргызстанда китептерди чыгарып, Түркияда бизнес ачып байыгам” деп  калпты ышкыртып жүргөн. Андай апыртмалыгы жагынан Сейит мырза атасынан да өтүп кетиптир. Ал бир жума мурда “биздин үй бүлө мүчөлөрүбүз кирешелеринин 90 пайызын кайрымдуулук иштерине жумшап келген” деп элди алдаса, андан кийин “бийлик карабай койгон экен Аламүдүн районунунун аймагындагы посттордо турган 200дөн ашык милиция кызматкерлерин тамак-аштар жана суусундуктар менен камсыз кылдык” деген билдирүү таркатты эле, ошол замат Чүй облустук ички иштер башкармалыгы мурдагы президенттин баласынын айткандары чындыкка дал келбей тургандыгы, посттордо турган милийсалар мамлекеттин эсебинен жеке коргонуучу каражаттар жана тамак аштар менен толук камсыз кылынып келаткандыгын  маалымдады.

Сейит мырза өткөн жылы 8-августта атасы кармалгандан кийин “Апрель” телеканалынын жана аты окшош сайттын журналисттерин ээрчитип алып АШАнын Кой-Таштагы хан сарайына барганда, мультиктердин музейинде жүргөндөн бетер улам ырсалактап күлө бергенин көргөнүбүздө эле жипкиринген болчук. Ал жерде октор атылып, кан төгүлүп, атасы аябагандай оор беренелер менен айыпталып жатса, нормалдуу бала да ырсалактап күлчү беле? Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Сейит мырзанын  жеке коргонуучу каражаттарды жана ысык тамакты өз ыктыярлары менен чыккан элдин кошуундун мүчөлөрүнө жана жергиликтүү тургундарга таркаткандыгы чын экен. Бирок, анда эмнеге милиционерлерге бердик деген жалган айтат?

Мында ыгы келгенде окурмандардын көңүлдөрүн дагы бир суроого бөлбөсөк болбойт, АШАнын эки улуу баласы он жылдан ашык убакыттан бери ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергияларын керектөөчүлөргө жеткирүүгө ортомчулук кылышып, жыл сайын ар бири 6-7 миллион доллардан кем эмес таза киреше таап келатышкандыгы айтылып келет. Алар андай жөн жерден табышкан кирешелеринин канчасын кайрымдуулук иштерине бөлүштү экен?