Бишкек, “Саясат.kg”. Cаясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов менен маек.

- Айданбек мырза, Беларусь президентти Лукашенко арзан газды “дагы арзандат”- деп Россиядан талап кылып жатат. Неге биз арзандат дегенге батына албайбыз?

- Бул суроону мен да берип жатам. Жооп да бар. Лукашенко президент мезгизилинде Беларусту ар тарабынан жетиштүү, чыныгы көз карандысыз, экономикасы диверсификациялаган, өнүккөн мамлекетке айлантты. Өлкөнүн кызыкчылыгын абдан катуу коргогон мыкты президент болду. Экономикасы мыкты абалда турган, эч кимден көз каранды эмес, мүнөзү да күчтүү Лукашенко Путин, Европа лидерлери жана башка лидерлер менен тең ата сүйлөшөт. Лукашенко ошондуктан газ, мунай боюнча Россия менен тынымсыз “салгылашып”, соодалашып келатат. Маселени Беларустун пайдасына чечүүдө. Бүгүнкү күндө ал 1 миң кубометр орус газын 127 доллардан алып жатат, бирок аны 40-45 долларга түшүрүү талабын Москваганын дарегине кайра-кайра кайталоодо. Россия менен мунай согушунда да Беларусь соңунда жеңүүчү болуп чыкты. Биз эмне үчүн арзандат деп батына албайбыз? Ага эрк жана мүнөз жетишпейт. Бирок бул нерсе орус президенти, өкмөтүнө ачык айтылыш керек. Россия дүйнөдөгү эң бай мамлекет Германияга 1 миң кубометр газды 80 доллардан сатып жаткан мезгилде, эң жарды мамлекеттер катарына кирген, стратегиялык өнөктөшү Кыргызстанга 260-270 доллардан сатып жатат. Бул эмне деген соода? Терисин сыйрып алуу эмеспи? Мына ушул нерселер айтылыш керек.

- Газдын баасынын жогорулашы “Кыргызгазды” карызы менен бир долларга сатып жибердик деп сатканыбызга кубанганыбыздын кесепетиби?

  -“Кыргызгазды” бүтүндөй инфраструктурасы менен 1 долларга сатуу өтө уят, кыргыз мамлекетинин энергетикалык коопсуздугуна абдан катуу сокку урган чечим болгон. Тилекке каршы, анын терс таасири келечекте дагы тийе берет. Анткени биз өзүбүз газ саясатына таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн такыр ажырап калдык. “Кыргызгазды” башкара албай калдык, иштете албай калдык”- деген чоркоктук, алсыздык, алысты көрө албаган сокур саясат менен стратегиялык тармакты башка мамлекеттин колуна салып бердик. Эми алар каалаганын кылып жатат. Өзбекстандан газды арзан алып, бизге эселеп кымбат баада таңуулоодо. Кошуна мамлекет Өзбекстан менен утурумдук айрым келишпестик айынан “Кыргызгазды” 1 долларга белектеп жиберди. Мезгили менен Өзбекстан менен мамиле жакшырды. Бирок биз Өзбекстан менен сүйлөшүп, арзан газ алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калдык.

- Атамбаев кетирген катачылыкты азыркы бийлик ондоп кеткенге мүмкүнчүлүк барбы?

- Ага азыркы бийликтин эрки да, чамасы да келбейт. Оюна да келбесе керек.

- “Газпром” Кыргызстанга эмне кылып берди?

- “Газпром” Кыргызстанды өтө кымбат баада туруктуу түрдө газ менен камсыздап жатат. Айрым спорттук сарайларды курду. Дагы өлкөнү газдаштыруу жагынан айрым иштерди аткарып жатат. Бирок булардын баары биздин өзүбүздүн эсебибизден жасалууда. Кирешенин кайсы бир бөлүгүнө жеңил конструкциядагы спорт сарайларды салып берди. Газды кымбат сатуусунан биз көп жоготууларга учурап жатабыз. Анын зыяндарын карап көрүңүз: биринчиси, газ абдан кымбат болгондуктан калк үйлөрүн жылытууда газ жагуудан качышат. Кышы бою көмүр жагышат. Көмүрдүн ышы кыш бою Бишкекти каптап, Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү эң абасы булганган шаарга айланды. Бузулган аба адамдын ден-соолугуна кандай терс таасир тийгизери баарыбызга белгилүү.

Экинчиси, газ долларга бааланат, долларга сатып алынат. Ошондуктан Кыргызстандан доллардын сыртка чыгарылып кетишинин негизги булактарынын бири. Кыргызстанда газды сомго сатып, сомду долларга айлантып алып кетишет. Бул долларга талапты өстүрүп, ал базарда доллар тартыштыгына, анын баасынын өсүшүнө алып келүүдө. Доллар кымбаттаса импорт товарларга баа өсөт. Мына Казакстандан келип жаткан ундун кымбатташы анын далили. Мындай нерселер калктын жакырланышына алып келет.

Үчүнчүсү, газга баа канча жогору болсо аны пайдаланган ишканалар өндүргөн товар же продукциянын баасы ошончо кымбат болот. Бул аксиома.

Арина Рысбаева