Бишкек, “Саясат.kg”. Убактылуу өкмөттүн экс-мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун апрель окуясынын 10 жылдыгына карата окулбай калган доклады.

Кутмандуу кыргыз калкым!

Урматтуу президент!

Туптуура 10 жыл мурда,так ушул 7-апрель күнү бүткүл дүйнө эли: “бали кыргыз”, “жаша кыргыз”- деп  кыргызга суктанган, тамшанган күн болгон.

Ошол ары сыймыктанчу, ары кайгылуу тарыхый күндүн бир гана ээси - өзүңсүң кутмандуу кыргыз элим. Сиздерди ушул бүгүнкү тарыхый күнүбүз менен, ошондо араңарда жүргөн бириңер катары чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгон күрөштө шейит болгондордун жакындарына орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам.

Урматтуу СооронбайШарипович, быйылкы 7-апрель, мурдагы жылдардагыдан башкача, өзгөчө белгилениши керек. Анткени ошол ары кайгылуу, ары тарыхый күнгө бүгүн 10 жыл толуп олтурат. Убактылуу өкмөт тарабынан белгиленген 10 жылдык өткөөл мезгил да аяктоодо.

Бүгүн биз, мурдагыдай 7-апрель элдик ыңкылабынын келип чыгышын, анын себептерин, баатырларын, күнөөлүүлөрүн кайталап айтуунун кереги жок деп эсептейм. Баары такталган, айтылган, жазылган, калганы тарыхчылардын иши.

Биз бүгүн ээлеген кызмат ордубузга, социалдык абалыбызга карабай, айрыкча урматтуу Президент - сиз, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, башка  мамлекеттик чиновниктер, саясатчылар, журналистер, апрель баатырлары, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - баарыбыз бири-бирибиздин көзүбүзгө тике карап, ачуу чындыктан тайбай, көтөрүмдүү, чыдамдуу болуп, “10 жылдык өткөөл мезгилде элдик ынкылап оз максатына жеттиби? Негизги талаптар ишке аштыбы?”- деген суроолорго ачык жооп беришибиз керек! ЭЛГЕ ОТЧЕТ берчү күн келди!

Элибизге миң мертебе таазим, алар ушул суроолорго жоопту 10 жылдан бери күтүп, 10 жыл бийликке толук мүмкүнчүлүк берди. Чыдады. Дагы деле үмүтү үзүлө элек...

1. Менин жеке пикиримде элдик ыңкылап өз максатына толук жете элек. Муну мен 10 жыл бою айтып келдим. Бирок, 10 жылдык өткөөл мезгилде эң башкысы:

- Элдин жеңиши өлкө ичинде эле эмес, эл аралык деңгээлде да саясый жана укуктук жактан де-юре, де-факто биротоло таанылды, бекиди;

- Бүгүн кыргыз эли Борбордук Азияда эле эмес, бүтүндөй постсоветтик аймактагы саясый жактан эң эркин элдин бирине айланды;

- Кыргызстанды монархиялык республикага айлантуу үчүн үй-бүлөлүк “Ак-жол” парламентинин конституциялык реформасы, президенттик кеңешмеси, Максим Бакиеви менен тарых таштандысына ыргытылды;

- Мамлекеттик бийликти башкарышкан Президент менен Жогорку Кенеш өткөөл мезгил ичинде, Конституция менен мыйзамдарда бекитилген тартипте, мөөнөттөрдө эки жолудан алмашылды. Бийликтин тынчтык жолу менен, мезгил-мезгили менен алмашып, жаныланып туруусу айнылгыс жолго түштү...

Жана башка бийликтин милдетине кирген күнүмдүк, утурумдук иштер аткарылууда.

2. Ошону менен бирге 10 жылдык өткөөл мезгилде 7-апрель элдик ынкылабынын төмөнкү негизги максат, талаптары ишке ашкан жок:

- Президенттик мыйзамсыз жеке башкаруу жоюлбады. Болгону, таза үй-бүлөлүк түрүнөн - үй-бүлөлүк парламент, үй-бүлөлүк партия, депутат, үй-бүлөлүк өкмөт түрүнө алмашылды;

- Үй-бүлөлүк башкаруунун, бийликтин системасындагы коррупциянын булагы болгон, үй-бүлөлүк депутаттарды аныктоо, партияны түзүү, аны менен үй-бүлөлүк парламентти, өкмөттү, башка бийлик органдарын жаратуу, шайлоолордо өздөрү түзгөн партиялык тизмени шайлатуу жоюлган жок, кайра өнүктүрүлүп, бекем корголууда;

- Эки элдик ыңкылаптын башкы талабы болгон, эгемендүүлүк доорундагы бардык парламенттердин (азыркыны кошпогондо) атайын комиссия-

комитеттери, нечендеген саясый-коомдук уюмдар, элдик курултайлар, конференциялар, жеке инсандар тарабынан нечен ирет көтөрүлгөн, айтылган: 1-президент тарабынан чет элдиктерге мыйзамсыз сатылып, кийинкилери аны бекемдеп, улантып жүрүшкөн “Кумтор”, “Жерүй” ж.б. кен-байлыктарыбызды мамлекетке кайтаруу, бекем мамлекеттик көзөмөлгө алуу ,элдин кызыкчылыгында иштетүү болгон жок. Кен байлыктарыбыз толугу менен 1992-жылдан бери чет элдиктердин колунда калып, колдон-колго сатылып жүрөт. Элдин (мамлекеттин ) үлүшү же акциясы жок;

3. Өткөөл мезгилде:

- Кыргыз улутун заманбап кайра жаратуучу, жанылоочу улуттук идеология ,алга өнүгүүнүн улуттук жолу аныкталбады. Тескерисинче, нечендеген кылымдар бою улуттун конституциясы катары калыптанган, кыргызды бир бүтүн улут катары бириктирип, сактап келген, анын каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын, тарыхын, тилин, динин (салттуу мусулманчылык) жок кылуу, кыргыздын өзүн бөлүп-жаруучу, басмырлап-кемсинтүүчү, шылдыңдоочу жосун-жоруктар, аракеттер эң жогорку денгээлдеги кызмат адамдары, айрым “киргиз” батышчылар, ашкере исламчылар, секталар, алардын ММКлары, интернет-сайттары аркылуу ачыктан-ачык пропагандыланып келет;

- Кыргызды,арабдаштыруу, либералдаштыруу же улут катары жок кылуу максатында, сырт жактан атайын долбоор түрүндө келген акчаларга иш-чараларды өткөрүү, укуктук реформа жүргүзүү көбөйдү;

- Саясат менен бизнес аралашып, мамлекеттик бийлик коммерсант саясатчылардын колуна биротоло өтүп кетти;

- Өзүңдүн кыргыз экениңди ачык көрсөткөн графа паспорттон алынып салынды;

- Сатыла элек стратегиялык обьектилерди чет элдиктерге ит бекер сатуу уланды;

- Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылышы ж.б.у.с. улуттун намысын кетирген жоруктар так ушул өткөөл мезгилде болуп, ага эң жогорку мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бирдиктуу аракеттенишкени тынчсыздандырбай койбойт;

4. ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?!

1. Мага окшоп өз оюн ачык айтып, сунуш бергендерди үйрөнгон адатыбызча “эл душманы” катары эсептебей, ачык айтылган сын-пикирлерди топтоп, терең анализдеп, 10 жыл ичинде аткарылбаган маселерди (чынында булар 30 жылдык маселелер) аткарууну же аткарбоону бүгүн биз так ушул 7-апрель күнү элге ачык айтышыбыз керек! Айрыкча үй-бүлөлүк башкаруу, шайлоо системасы, кен-байлыктарды кайтаруу, башкаруунун түрү, бийликтин эл алдындагы отчеттуулугу боюнча ж.б.

2. Ал үчүн бүгүн же тез арада башында урматтуу президентибиз турган атайын комиссия түзүүнү кыргыз элине сунуш кылам;

3. Ал комиссия тез аранын ичинде айтылган, мурда айтылып келген бардык ой-пикирлерди, сунуштарды топтоп, анализдеп: элдик ынкылаптын кайсы талабы качан аткарылат, кайсы талаптары, эмне себептен аткарылбайт, элге ачык жарыялашы керек. Элдин чыдамынан пайдаланып упчу эмизгенди, шылтоо таап актанууну токтотуп, активдүү иш-чарага өтүү зарыл!

4. 7-АПРЕЛЬ ЭЛДИК ЫНКЫЛАБДЫН НЕГИЗГИ ТАЛАПТАРЫН АТКАРУУ БОЮНЧА СУНУШТАРЫМ;

1. Үй-бүлөлүк башкарууну сындырып, укуктук башкарууга өтүү жолу катары:

- Башкаруунун түрүн эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгон элдин өзүнө референдумга чыгарып тандатуу;

- Эл тандаган бийликке ылайыкталган жаңы Конституцияны иштеп чыгуу, мамлекеттик бийлик чиновниктериин санын, анын ичинде депутаттардын да санын кескин азайтуу;

- 27 жыл ичинде элибиз өз бийлигин бир да жолу тандаган жок. Ошол эле учурда элдин укуктук жактан сабатсыз экенинен пайдаланып мурдагы бардык президенттер, Убактылуу өкмөт 1993-жылкы Конституцияны өздөрү каалагандай 10 жолу референдум аркылуу оңдоп келишти. Референдум аркылуу бийликте турган президенттерге, Жогорку Кеңешке Конституцияны же кайсы бир мыйзамды толугу менен элге чыгарып узурпациялоону токтотуу учурдун талабы. Бул 1994-жылдан бери Акаевдик лжереформаторлор киргизип кеткен мыйзамсыз жол!

2. Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлатууну жоюу боюнча:

- Бул бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселе. Азыркы шайлоо системасы, мамлекеттин саясый системасындагы коррупциянын үй-бүлөлүк башкаруунун түздөн-түз булагы, саясый коррупциянын “короновирусу” десек да туура болот. Бул шайлоо системасы 2007-ж. күзүндө, ошондогу парламентти таркатуу, анын ордуна үй-бүлөлүк “Ак-Жол” парламентин түзүү максатында бакиевдер тарабынан Референдум аркылуу киргизилген. Убактылуу өкмөттүн күнөөсү менен жоюлбай, ушул күнгө чейин иштеп жатат. Муну жоюу үчүн референдумга чыгарса да болот, чыгарбай эле азыркы Конституциянын 2-б. 4-п. каршы ченем катары Шайлоо Кодексин оңдоп койсо да болот. Конституцияда “...Жогорку Кеңештин депутаттарын... шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде, жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт”- деп бекитилген (2-б. 4-п.). Бул жалпы таанылган эл аралык стандарттагы ченем. “Партиялык тизмени же партиялык тизмедеги гана адамды” шайлоо деген жок.

3. 1992-жылдан бери чет элдиктердин колунда журуп колдон-колго сатылып жүргөн кен байлыктарды кайтаруу боюнча:

- Азыркы күчүндө турган баш мыйзамыбыздын 12-беренесинин 5-пунктунда минтип жазылган: “Жер, анын кен-байлыктары... Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында, Кыргызстандын элинин жашоосу менен иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат”,- деп. Ушул ченемге ылайык кен-байлыктарды кайра кайтарып алуу же жаңы келишим түзүү, элдин үлүшүн аныктоо менен чет элдик инвесторлорго берүү өзүбүздүн эгемендүү укук жана милдет. Бул укугубузду эч ким, эл аралык сот да чектей албайт. Акаев тарабынан кен-байлыктарыбызды чет элдиктерге ээ кылдырганы, эгемендүүлүк бузулуп чыккынчылык катары бааланып, 1992-жылдан бери парламенттик, мамлекеттик, саясый-коомдук денгээлдерде нечен жолу  айтылды. Өткөөл мезгилдеги эки президент: А.Атамбаев “...коррупциялык келишимдер менен иштеп жаткан кен-байлыктарды улутташтыруу керек”- десе, С.Жээнбеков: “...кен-байлыктар мамлекеттин көзөмөлүнөн таптакыр чыгып кетиптир”- деп бул ачуу чындыкты моюнга алышты. “Анда эмне үчүн кен байлыктарыбызды өзүбүз көзөмөлгө алып, элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштетпейбиз? Ким аларды мамлекетке кайтаруу керек?”- деген  суроолор жаралат. Түйүндүн жандырмагы ушул суроолордун жообунда жатат. “Эл аралык соттон утулабыз”, “миллиондогон айып тартабыз”, “озубуз иштете албайбыз”, “мурдагы бийлик биротоло берип салыптыр” ж.б.у.с. актануу суу кечпеген шылтоолор. Кен-байлыктарыбызды мамлекеттин көзөмөлүнө бекем алып, элдин үлүшүн жок дегенде өндүрүлгөн товардын же кендин аныкталган корунан 51 пайыздан кем эмес кылып мыйзам түрүндө аныктап, мамлекеттин колунда кармаганда азыркыдай оор күндөрдө элибиз да, мамлекетибиз да мынчалык финансылык кыйынчылыкка дуушар болмок эмес. Ушундан  бийлик тыянак чыгарып, Жогорку Кеңеш менен өкмөт конституциялык ыйгарым укугун аткарып кен-байлыктарды кайтарууну тезинен чечет ко деп ойлойм. Болбосо мындай ЖК менен өкмөттү күзүндөгү шайлоого бирин да киргизбөөнү сунуштайм.

4. Бийликтин эл алдындагы отчеттулугу боюнча:

- КРнын Конституциясынын 2-беренесинин 1-пунктунда: “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана КРдагы мамлекеттик бийликтин бирден- бир булагы”- деп жазылганы менен 10 жылдык өткөөл мезгилде эч бир бийлик эл алдында отчет берген жок жана эч кандай жоопкерчиликсиз иштеди. Кесепетинде карапайым эл жабыр тартууда.

Биз улутчул-мекенчил күчтөр 2016-жылдан бери: президенттен тартып, айыл өкмөт башчысына чейин ар жылдык аткарган иши боюнча өзүн шайлаган элге элдик курултайларда отчет берип, элдик баа алып  туруусун сунуштап жүрөбүз. Бул болгону толук демократия. Эгерде “элдик курултай” деген сөз жакпаса “элдик форум” дегиле, эй, киргиздер! Бирок “Элдик курултайда ар жыл сайын элге отчет берип калат экенбиз” деп, Конституцияда каралган мыйзамды 10 жыл кабыл албай коюу да кылмыш, урматтуу депутаттар! Бул маселени ошол каралбай жүргөн “Элдик Курултайлар жөнүндөгү” мыйзам менен чечсе болот;

5. Кыргыз Республикасын улуттук нуктагы демократиялык, укуктук мамлекет катары түптөө боюнча;

- Кыргыз улутунун тарыхына, маданиятына, каада-салтына, тилине, динине каршыларга, кыргызды кандай түрдө болбосун шылдыңдап, кемсинтип сүйлөгөндөрдү, бөлүп-жаргандарды өзгөчө ири өлчөмдө айып салуу менен Кыргызстандын жарандыгынан чыгарып, сыртка чыгарып жиберүүгө чейин жазалоону сунуштайм;

- Сырттан келген акчаларга саясый-экономикалык,укуктук реформаларды, маданий иш-чараларды өткөрүп жүрүп ит аягыбызды таппай калдык. Муну токтотуу бышып жетилди деп ойлойм;

- Эгемендүүлүк доорундагы мурдагы бардык президенттер, алардын өкмөт башчылары, бизнес менен саясатты аралаштырганы үчүн азыр бардыгы сыртта качып жүрүшөт же түрмөлөрдө олтурушат. Өздөрү эле эмес, үй-бүлөсүн, жакындарын, элди, мамлекетти, келечекти туңгуюкка, азапка, күнкорлукка салып кетишти. Мындан сабак алып тыянак чыгарууну сунуштайм.

БУЛ МАСЕЛЕЛЕРДИ КАНТИП ЧЕЧЕБИЗ ЖЕ ДАГЫ ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛ КЕРЕКПИ?

Урматтуу мекендештер,

Урматтуу Президент!

Мен эки жолду карап көрүүнү сунуштайм:

БИРИНЧИ ЖОЛ. Бул мыйзамдуу, туура, тез, тынчтык менен ишке ашчу кыска жол.

Урматтуу Соооронбай Шарипович, бул жол сиздин жеке колуңуздагы жол. Сиздин саясый эркиңизге, аракетиңизге жараша ишке ашырылат.

Биздикиндей, де-факто жеке башкаруусу бар өлкөлөрдө ар кандай реформалар “улуу урматтуунун” буйругу менен, анын жетекчилигинде ишке ашырылат. Азыркы Парламент иштөө стили боюнча бакиевдик “Ак-Жол” парламентинен, өкмөтүбүз болсо мурдагы бардык президенттердин үй-бүлөлүк өкмөтүнөн эч айрымасы жок. Бир жагынан мындай парламент, өкмөт менен элдин кызыкчылыгындагы маселелерди да чечүү президенттер үчүн жеңил болот .Эгерде сиз жогорудагы элдик ынкылаптын чечилбей жүргөн талаптарын ЖК менен өкмөткө, бугун,ушул тарыхый күндө ачык түрдө: “Жайкы каникулга чейин чечкиле”- десеңиз алар аны азыркы карантин бүткүчө чечип салышы мүмкүн. Анткени бардык маселелер, башкаруунун түрүнөн башкасы, азыркы Конституцияга ылайык алар чече турган эле маселелер. Эгерде алар сиздин өтүнүчтү аткарбаса түшүнүктүү болот, чындыгында алар кимдин парламенти жана өкмөтү экени.

Ал эми сизде болсо мамлекет башчысы катары ЭКИНЧИ ЖОЛ ачылат. Бул да мыйзамдуу, бирок узак жол. Азыркы парламент менен өкмөт мамлекет башчынын өтүнүчүн аткарбаса, анда алардын бирине да “президенттин партиясы” деген статус бербей, күзүндөгү ЖКга боло турган шайлоого жогорку ынкылаптын максат талаптарын туу туткан жаңы партия менен элге баруу керек.

Жогорудагы элдин талабы менен шайлоого барган партия эгерде президенттин көзү түз болсо, шайлоодо акчасыз эле шайлоочулардын 80-90 пайыз добушун алат. Урматтуу президент, шайлоодо сиз менен жогорку маселелерди ишке ашырууга даяр ,сиз менен үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштө үзөңгүлөш жүрүшкон чыныгы революционерлер, активистер эң башкысы, өз депутатын түз, тике шайлай албай калган, өз кен-байлыктарыбызга өзүбүз ээ болбой ишсиз жүрүкөн ,эки элдик ынкылаптын чыныгы ээси -кыргыз эли сизди колдоп чыгат.

Мына ошол 30 жылдан бери топтолгон проблемаларды чечүүнү чындап туу тутунган жаңы партия, Парламент менен жаңы Кыргызстанды куруп, сиз мурдагы президенттердин катачылыгын кайталабай, алардан башкача тарыхта каласыз!

Эгерде бүгүн биз, азыркы шартка байланыштуу, элге конкреттүү эч нерсе айтпай, тар чөйрөдө, кыска мөөнөттө эскерүүнү белгилеп, музейди ачып, ошол бойдон тарап кетип, азыркы шайлоо системасы менен, азыркы эле айланаңызда жүргөндөр менен күзүндөгү шайлоого кетсек, анда азырынча эч ким каалабаган ҮЧҮНЧҮ ЖОЛ өзүнөн-өзү жараларын ЭСКЕРТЕМ. Бул менин БИРИНЧИ ЭСКЕРТҮҮМ болсун. Ооба, күзүндөгү шайлоодо, 2015-жылкы шайлоодо, Атамбаев шопурлары менен тандаган адамдар депутат болуп, алар тандаган партиялар менен Жогорку Кеңешти түзгөндөй эле, бу сапар сиз жана сиздин жакындарыңыз тандаган адамдар депутат болуп келет. Талаш жок! Андай болсо сизге  ЭКИНЧИ ЭСКЕРТҮҮМ:

2010-ж. апрель революциясынан кийин бакиевдик партиялык тизмени шайлатуу шайлоо системасын бузбай, “Ак-Жол” партиясынын ордунан өз партияларын көрүшкөн айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошондо чоң саясый катачылык кетиришкенин азыр сезишти го деп ойлойм. Азыр алардын партиялары ошондогу “Ак-Жолдун” кейпинде болсо, өздөрүнүн абалы деле Бакиевдердикинен өтө жакшы эмес .Атамбаевдин кетирген эң чоң саясый катасы - кемчилигин бетке айткан революциялык үзөңгүлөштөрүн душман көрүп, айланасына апрель революциясынан кийин элден коркуп, кокту колотто, кой толоолорго чейин бекинип жашап калган мурдагы президенттердин “арзыматтарын” шайлоодо берем деген убада акчаларына карап, аларды кайра ЖКнын спикери, депутаты, өкмөт башчы, министр, губернатор, прокурор, сот кылганында болду. Алар да Атамбаевден амал кеткиче, анын шопур, катчыларына чейин сыйынып жүрүштү. Соксо да, шылдыңдаса да: “Сиздин сокконуңуз бизге дары” дегендери да болду. Атамбаевден амал кетери менен, аны оптом сатышты, азыр сиздин колтугуңузга киришти.

Алар бир ок менен үч коен атышты!

БИРИНЧИСИ: Атамбаевдин тилин таап кой толоо, кокту колоттон чыгып, кайра элге аралашты, чоң-чоң кызматтарды ээлешти;

ЭКИНЧИСИ: Азыр мурда сатып кеткен кожоюндарына, Москвага, Минскиге ат тезегин кургатпай ачык каттап: “Мына Атамбаевден өчүңүздү алып бердик”,- дешип, актанып жүрүшөт.

ҮЧҮНЧҮСҮ: “Сиздин тапшырмаңызды аткардык, Атамбаевдин кол тийбестигин алдык, айыпты олчойтуп илдик”-дешип сиздин ишеничиңизге да киришти.

Ушундан улам сизге ҮЧҮНЧҮ ЭСКЕРТҮҮМ: дагы 2-3 жылдан кийин алар: “...Биз “Кумтөрдү, Жерүйдү ж.б. кен-байлыктарды элге алмакпыз, элдин үлүшүн 80 кылмакпыз, шайлоо системасын оңдомокпуз, коррупцияны жоймокпуз, “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзамды эбак алмакпыз, С.Жээнбеков менен М.Абылгазиев колду, бутту толгоп алдыртпай койгон!”- дебесе болду.

УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ!

Бизсиз, сизсиз, азыркы Жогорку Кеңешсиз, өкмөтсүз деле, эртеби, кечпи кыргыз эли өз бийлигине, өз байлыгына толук ээ болот. Депутаттарды тике, түз тандап шайлайт. Кен-байлыктарды чет-элдик шумпайлардан кайтарып алат. Маселе убакытта эле. Качан? Ошондо Акаев-Бирштейиндин ишин аткарышкан, мурдагы бардык өкмөт башчылар, министрлер, депутаттар, ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин, ошол коррупциялык келишимдерди буздурбай коргоп келген президенттер, өкмөт башчы, депутаттар - баары эл алдында бирдей жооп берер күн да келет. Аларга эскирүү мөөнөтү жок! Өкүндүргөнү - Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү, айрым революционер-депутаттар ошол Акаевдик коррупциялык маселелер, Бакиевдик мыйзамсыз шайлоо системасы, башкаруунун түрү, бийликтин эл адындагы отчеттуулугу, кыргыз улутунун келечеги жөнүндөгү маселелер боюнча үнүн чыгармак тургай, айрымдары ал маселелерге активдүү каршылык көрсөтүп жатканына

түшүнбөйсүң?! Ушундай бийик-бийик кызматтарга, абалга, депутат болгонго 7-апрель жол ачпады беле?!

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиздин алдыңызда кыргыз башы болуп тарыхта кала турган толук мүмкүнчүлүк турат. Пайдаланыныз! Үй-бүлөлүк парламент, өкмөт, партия мурдагы президенттердин бирин да сактап калган эмес! Чыныгы улут лидери бир партияга эмес, жалпы элге таянып иштейт.

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

Мен бул сөздөрдү 7-апрель элдик революциянын 10 жылдык күнүндөгү жыйында айтам деп үмүттөнүп жүрдүм эле. Короновирус деген тумоо, мени Кыргызстанга, сиздерге жеткирбеди. Өзүм жетпесем да үнүм жетсин деп, ушул кайрылуу менен чыгып олтурам. Ар дайым жамандыктын артынан жакшылык келет. Короновирус менен жашоо, турмуш бүтпөйт, муну жалпы элге келген сыноо катары кабыл алам.

Миңдеген жылдар кыргызды буга окшогон тумоолор, зилзала кырсыктар, тарыхый душманы кытай менен калмактар жене алган эмес. Акыркы 170 жылдай мезгилде кыргыз  “киргиздешти”, бирок орусташкан жок! 1916-жылкы тукумкурутта аман калды. Азыр кыргыз эгемендүүлүгүн алган, өз мамлекети бар кутман элге айландык. Бул биздин эң башкы байлык!

Кыргызды жалпы элге тийчү ар кандай зилзала, тумоолордон, сырткы, ички  душмандардан төрт нерсе сактап коргоп келген:

Биринчиси, кыргыздын колдоочусу бар, ал жараткан жалгыз. Бир кудай өзү ар дайым кыргызга жар болуп, ар кандай балээ тумоолордон, душмандардан сактап келген. КУДАЙ ДЕЙЛИ!

Экинчиси, жалпы элге келген ар кандай апааттарда, жамандык жакшылыкта, душмандарга кыргыздар бир муштумдай бириге калып, каршы туруп жең билген. УШУЛ ЫНТЫМАК САЛТЫБЫЗДАН ЖАНБАЙЛЫ!

Үчүнчүсү, түгөнөт десе кайра түтөп, кырылат десе кайра күчөп, ар кандай апааттарда,согуштарда кыргыз духун жоготкон эмес. ДУХУҢДУ ТҮШҮРБӨ КЫРГЫЗЫМ!

Төртүнчүсү, кыргыздар иммунитет, духун тоолордон, тоо койнундагы мөлтүр кашка суулардан алып турган. Тоолор кыргыздын жаны, үйү, коргоочусу болгон. Ошон үчүн кыргыз тоо бүркүтүндөй эркиндикти сүйгөн эл. Жалпы адамзатына түшкөн азыркы короновирус балээге да КЫРГЫЗЫМ ТООДОЙ БОЛУП БИЙИК ТУР!

Эгерде биз азыр интернет-сайттарда чыгып жаткан тири шумдук миш-миштерге, ар нерсеге наалыган, бирөөгө таарынгандай айтылып жаткан нерселерге, пессимисттик ыр күүлөргө көңүл чөктүрбөй, паникага түшпөй, акыл, сабырдуулук менен ойлонуп  иш кылсак, өзүбүздүн бийликтин, медиктерибиздин аныктаган, бекиткен санитардык эрежелерди бекем сактап аткарсак, бейчееки (дайди) нары-бери басканды, сүйлөгөндү азайтып - жалпы аракеттенсек, короновирусу да, анын артынан саясый коррупциясы да биздин АЛА-ТООБУЗДАН өзү эле качып кетет!

ЭЙ КЫРГЫЗ! Көтөр башыңды, духуңду түшүрбө!

Сени 16-апрелден кийин төрт тулук малың менен жайлооң, кетмен шайманың менен эгин талааң, алма багың, эт, сүт, айран-кымызың, жер-жемиш, жашылчаларың менен базарың күтүп турат!

Саламым менен А.Бекназаров.