Бишкек, “Саясат.kg”. “Буга Олимп оюндарынын жыйынтыгы дагы далил”.

Өнүгүүнүн эң биринчи белгиси болуп өлкөнүн: маданияты, спорту, мыйзамдуулугу эсептелет.

1. Акаев деген “тряпка” президент баардык тармакты тегиз талкалады.

Башканы айтпаганда да, өзү дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу болуп туруп, илим-билимди тыга турган жериге тыгып койгону, анын эч бир кечиримсиз күнөөсү болуп эсептелет.

Союздун маалында Кыргызстандан жогорку окууну бүткөн адистер күчтүү деп эсептелген.

Жогорку окуу жайларын сан жеткис кылып көбөйтүп, "жогорку билимдүү" деген сыйлуу сөздүн маанисин жер менен жексен кылды. Ал эми спортчуларыбыз эрте күндө эстен чыгып, үй жайсыз көчөлөрдө калгандары да болду.

2. Мен дайыма жазып келем: “Бакиев жоголуп кетип жаткан мамлекетти кайрадан түптөдү”- деп.

Өндүрүшчүл адам катары өлкөгө инвесторлорду тартып, иш орундары ачылып, сыртка агып жаткан мигранттардын саны тып токтоду. Акаевдин убагында сыртта 350-400 миң мигрант бар деп саналса, Бакиевдин убагында дал ошол бойдон өзгөрбөй калды.

Акаевдин он беш жылында бир кино чыкпаптыр.

Баардык тармак, ошонун ичинде спорт да Бакиевдин башкаруусунда жандана баштаган болчу.

Бирок, трайбалистер иштегенге коюшпады.

3. Катындан чыккан канкор президентти - президент деп эсептеген адамдын өзү акмак. Мыйзамсыз президент болгон бул катынга "экс" деп акча төлөп жүргөндөрү - эки эсе акмакчылык, мыйзамды бузгандык.

4. Атамбаев спорт эмне экенин түшүнбөсө деле керек?

Атамбаевдин алты жылы: мыйзам бузуулар, уурулук, интрига, ушакчылык, афера, криминалдардын үстөмдүгү менен өттү.

Атамбаевдин жөндөмү: бузукулукка, ыплас иштерге, жалаа, дооматтарга аябай ыңгайлашкан экен.

5. Жээнбековдун доору коронавирус, Атамбаевчилердин концерти менен тез эле өтүп кетти.

6. Мына эми, элдик бийликтин ишинин жыйынтыгын күн сайын көрүп турабыз. Кечээги олимпиадада мындан да зор ийгиликтер болот эле.

Башканы айтпаганда да: Акжол, Жоломан, Мунарбек, Айсулуу, Мээрим алтын алып келишмек, эгер эле уюштуруу иштери жакшы болгондо, спортсмендерди эл сыйлаган аттуу-баштуу жакшы инсандар коштоп барганда.

Жашырганда эмне, эгер жакшы адам жаныңда коштоп жүрсө-духуң көтөрүлөт.

Эдилге окшогондор жаныңда болсо: "менин теңим ушул экен да" деп маанайың чөгөт.

Көпчүлүк үчүн деле ошондой болсо керек?

Шамурза Борукулов