Бишкек, “Саясат.kg”. Саясий-аналитикалык ой-толгоо
СССР тарап, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алып, өз тарыхын жаза баштаган күндөн тарта “каралар” кескин түрдө өнүгө баштаган. Албетте, бирөөнүн токочун, байлыгын тартып алуу териңди агызып мээнет кылгандан алда канча жеңил эмеспи.
1990-жылдары уюшкан кылмыштуу топтор жаңыдан жанданып, гүлдөп турган чагы эле. Ошол жылдары көчөгө чыкмак турсун өз үйүңдө уктоо да кооптуу болуп калган. Башканы айтпай эле коёюн кышында норка тумак кийгенден да коркуп калышканы эсимде. Ал боюнча САКИШ менен БОПУШтун да тамашасы бар эмеспи. Чымыр денелүү, ал күчүнө толуп турган спорт менен машыккан жигиттер байлардан баштап, карапайымдарга чейин карактап турушкан. Албетте, амалдуулар алар “крышевать” эткени үчүн байлыгынан бөлүшүп турушкан. Ошентип, жөнөкөй карактоодон башталган нерсе ОПГларга чейин чоңойду.
Уюшкан кылмыш топтору карактоо менен гана чектелбестен, адам уурдоо, баңги заттарды сатуу, курал жарактарды сактоо ж.б. бир топ кылмыш иштери менен алектенип келишти. Керек болсо бийлик бутактарына чейин кийлигишип, өздөрүнүн кишилерин коюп, алар “диктовать” эткен убактар болгон. Канча президент келип, кылмыштуулук менен күрөшүмүш этип, бирок ар кандай бизге белгисиз себептерден улам аягына чыга алган эмес. Канчалаган ишкерлер бизнесин тарттырышты, канчалар алардын курмандыгы болушту, бир Кудай гана билет...
Кулачын жайган УКТ мүчөлөрү азыркы убакка чейин каалагандай тайраңдап келишти. Садыр Жапаров 2021-жылы президенттикке киришип жатканда эле: “УКТ (ОПГ) деген түшүнүк жоюлсун”- деген талапты койгон.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маегинде: “Биздин тушубузда жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Биздин Кыргызстаныбызда эч кандай ОПГ, бандиттер, рэкеттер деген түшүнүк болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жоюлат. Бул президентибиздин биздин алдыбызга койгон тапшырмасы. УКТнын жетекчилери тынч жашабаса мыйзам чегинде жазаланат. Ким-кимди “крышевать” этсе, үстөмдүк кылса, сөзсүз түрдө жазаланат.Камчы Көлбаев дагы мурункудай ишкерлерге басым жасап, мыйзам бузса сөзсүз жазаланат”,- деген эле.
Албетте, канатын жайып алган кылмыш чөйрөсү менен күрөшүү жеңил болгон жок. Ал үчүн укук коргоо органдары күнү-түнү иш алып барышты. Майда бандиттерден тартып үлкөндөрүнө чейин кармалып, жазаларын алышууда.
“Каралар” менен күрөшүүнүн жүрүшүндө былтыр 4-октябрда “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынды.
Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаев жана башкалар криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.
Ушул жактан бир нерсени баса белгилегим келет. Садыр Жапаровдон башка бир да президент кримдүйнөсүн түп тамырынан бери жок кылууга чечкиндүү кадам таштай алган эмес!
Тоси Касымалиева