Бишкек, "Саясат.kg". Болжолубузда Р.Нурматова  жөн эле статисттин, кассирдин ролун аткарган администратор болушу керек.

УКМКнын маалыматтык кызматы массалык башаламандыктарды уюштуруп, анын аркасы менен бийликти күч менен басып алууну максат кылгандардын отуздан ашыгы кармалып, СИЗОго киргизилгенин билдирди. Маалыматтарга ылайык, ал  УКМКнын көптөн бери даярдаган атайын операциясы экен, чекисттер  бир жылдан ашык кутумдардын сары издерине чөп салып, соттун чечими менен сүйлөшкөндөрүн да тыңшап келиптир. Алардын ана башчысы  аты бар, заты жок “Элдик кеңеш” деген  партиянын төрайымы Роза Нурматова деген, мурда Өкмөттүн аппаратынын бир бөлүмүн жетектеген аял экен. Алар бир жылдан бери азыркы бийликке нааразы болгондорду иликтеп, тымызындан сүйлөшүп, аларды өздөрүнө тартып, айрым жерлерде ячейкаларын да түзүп, ыңгайлуу учур келгенде тарапташтарын жапырт көтөрүп, бийликти күч менен басып алууга камданып жүрүшүптүр.

Адегенде эле айта кетчү нерсе, элдин көбүнө белгисиз Роза Нурматова деген аялдын  өз демилгеси, күчү менен андай авантюраны уюштуруп, каржылоосуна ишенүү кыйын. Менин оюмча, анын артында сөзсүз акчалуу, таасирлүү дагы башка бирөөлөр турушат. Болжолубузда Р.Нурматова  жөн эле статисттин, кассирдин ролун аткарган администратор болушу керек. Анын телефондо  тарапташтарына “жакында сырттан көп акча келет, аны активдүүлөргө бөлүштүрөбүз” дегенине караганда, ал авантюраны уюштурууга чет өлкөлөрдүн биринин атайын кызматы аралашуусу да ыктымал. Ал кайсыл өлкө болушу мүмкүн? Маселенин баары ушунда турат. Эгерде ал бизге кастарын тигип калган таасирдүү  өлкөлөрдүн биринен болсо, тилекке каршы, ал ушуну менен эле токтоп калышына ишенүү кыйын. Башка жолдор, башка формалар менен дагы аракеттерди жасашы да ыктымал.

Кыргызстанды көп жылдар бою сазга батырып, кризистен чыгарбай келгендердин бири - коррупция, экинчиси - тартиптин жоктугу, мамлекеттин алсыздыгы болсо, үчүнчүсү - төңкөрүштөр, башаламандыктар болуп келди. 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин экономикабыз 6-7 жылга артка кетип, карызыбыз эки эсеге көбөйдү. Тилекке каршы, Кыргызстанда баш аламандыктарга, төңкөрүштөргө адистешип, ошолордун аркасы менен байыгандардын тобу пайда болду. 2010-жылдын апрелинен кийин мурда тамекиге, түштөнгөнгө акча таппай, ар кимдерди аңдып жүргөндөрдүн заматта миллионерлерге айланышып, кош-коштоп “Лексус” минип калышканын, депутат болуп жүрүп оппозициячылдарды ичтен мыкты билип калган Өмүрбек Абдрахманов көп эле айткан, бирок анын айткандарын убагында бир да орган иликтеп, текшерген эмес. Адатта мамлекеттик чиновниктер күтүүсүз тез байып кетсе, демократиялуу өлкөлөрдө тийиштүү органдар андай     байлыктарды кайдан тапканын териштирип текшеришет. Тилекке каршы, андай адамдар түгүл 2010-жылдын апрель-июнунда банктардагы ячейкалардан, эсептерден, кампалардан  Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү  тоногон акчалардын, алтындардын  даректери алигече аныкталбай, укуктук баа берилбей жатса, андай көрүнүштөр потенциалдуу арам ойлууларды сөзсүз андай кылмыштарга шыктандырат. Бийликти басып алсак, биздин талап-тоногондорубуз деле билинбей, арты жабылып калат деп ойлошот.
Кудай өзүбүзгө кут кылсын, өткөн жылдан Кыргызстан ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү окшойт. Акыркы бир жарым жылда курулгандарды жана курулуп жаткандарды санаса эле Акаев менен Бакиевдин убагындагыларды бириктирип алгандан көптүк кылат. Пландаштырылгандар алардан көп, масштабдуу. Мындай ийгиликтер ичтеги гана эмес, сырттагы арам ойлууларды кыжалат кылып, айрымдары өңкөрүш-төңкөрүштөр аркылуу Кыргызстанды дагы бутка тээп, дагы беш-алты жылга артка тоголотуп салууну пландаштыруусу толук мүмкүн. Бакиевди деле экономикабыз 16,4 пайыздык өсүшкө чыкканда жергиликтүү Абыке-Көбөштөрдүн жардамы менен куралчандар кууп чыгарышканын эстен чыгарбоо зарыл. Эми дагы андай көрүнүштөргө жол берсек, биз Азиядагы экинчи Ооганстанга айланабыз. Сакалчандарыбыз болсо  күндөн күнгө көбөйүп жатат.  Андай болбосу үчүн  УКМК өз ишин дагы активдештирип, катуу превентивдүү чараларды колдонуп туруусу керек. Өрт жалбырттап каптаганда эмес, жаңыдан тутанганда өчүргөн оңой болот.  Кудайга шүгүр, азыркы болгондорду, боло тургандарды сактап, көбөйтүп, элдин турмушун дагы жакыртып, мамлекетибизди кубаттуу  өлкөгө айландыруу  үчүн  мамлекет өз вазийпасын азыркыдай так  аткаруусу зарыл. Эл үчүн биринчи кезекте  тынч, коопсуз  жашоо тиричилик керек!  

Мирлан Дүйшөнбаев