Геосаясат

Талибдер Кабулду толук ээлери менен Панджшер провинциясында жашырынып жүргөн Ооганстандын биринчи-вице-президенти Амрулла Салех, мурдагы легендарлуу аскербашы Ахмад Шах Масуддун баласы Ахмад Масуд талибдерге каршы күрөшөрүн, бирок ошол эле убакта талибдер инклюзивдүү Өкмөт түзүп, өздөрүн чакырышса, ага да каршы эместигин билдиришти.

Ооганстанда ар кандай эсептер боюнча 8-10 миллион этникалык тажик жашаса, алардын 80-90 пайызы Панджшер капчыгайында. Тажиктер Ооганстанда пуштундардан кийинки экинчи этникалык чоң топ. Алар 1996-жылы талибдер биринчи жолу Кабулду ээлегенде да каршы чыгышып, беш жыл тынбай күрөшкөн. Анда аларга өзбектердин лидери, ал убактагы генерал, азыркы маршал Абдурашит Дустум да кошулуп, бирок Мазари-Шарифти алдыргандан кийин Өзбекстанга качып кеткен. Маршал Дустум бул ирет да Амрулла Салех менен Ахмад Масудду колдоп, Панджшерге баласынын жетекчилигинде 10 миңге жакын аскер жибергендиги, алар Масуддун аскерлерине кошулуп Чарикар деген районду талибдерден бошотушкандыгы, Ооганстандын башка айрым провинцияларында Салехти, Масудду колдоп, талибдерге каршы күрөшкөндөр чыгып жаткандыгы маалымдалууда.

Кабулдагы талибдер Панджшердегилерге багынып берүү жөнүндө ультиматумдук талап коюп, төрт саат убакыт беришкен. Андан бери үч күн убакыт өттү, бирок  алар Панджшердегилерге каршы активдүү согуш аракеттерин башташа элек. Баштаган күндө деле канчалык күчтүү болушса да алардын тез арада жеңишке жетишүүсү эң эле кыйын. Анткени, Тажикстандагы Каратегин менен Тоолуу Бадакшан облусуна окшогон географиялык өзгөчөлүгү, рельефи татаал аймакта жер үстүндө жүрүүчү оор техникалар түгүл, абадан урулган соккулар деле көп учурда максаттарына жетпейт. Тоо шартында ыңгайлуу позицияларды ээлеп алган он жоокер бир взвод түгүл, ротанын чабуулун деле ийгиликтүү кайтара берери мурдагы Ооган согуштарында ырасталган.

Мындан эки күн мурда Панджшерди көздөй бараткан талибдерди белгисиз самолёттор бомбалап, оор жоготууларга учураткандыгы маалымдалды. Учуучу тарелкалардын деле учуп чыккан  жана кайра коно турган жерлери болот. Анан кантип учактар белгисиз болуп калсын? Белгисиз делгендер Ооган Өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнүн  августтун ортосунда Термезге келип конгон учактары же башка державалардын самолёттору болушу ыктымал. Ооган өкмөтүнүн Термездеги 20дан ашык учактары өздөрүнүн кайдан экендиктерин жашырышмак эмес, анда алар кайдан келишкен?

Амрулла Салех азыр Ооганстандагы бирден-бир толук легитимдүү бийлик. Талибдер Кабулду ээлешкен менен лидерлери кайда экени белгисиз, алардын бири да эл алдына чыгып, дүйнөлүк коомчулукка көрүнүп, өз программалары менен тааныштырыша элек. Ооганстандын талибдердин жетекчилигинде ички маселелеринен башка менен иши жок, Сауд Аравиясынддай тынч өлкөгө айланышы да мүмкүн, 1996-2001-жылдардагыдай фундаменталист экстремисттердин, эл аралык террористтердин уюгуна айланып кетиши да ыктымал. Дүйнөлүк коомчулук, негизги державалар ушуну түшүнө албай, талибдердин ар кыймылына шектене көз салып, каягын колдошорун билбей турушат. Талибдерди колдойлу дешсе, алардын репутациялары жаман, ал демократиялуу өлкөлөрдүн көбүндө террористтик уюм катары жарыяланган. Амрулла Салех менен Ахмад Масудду колдойлу дешсе, алардын жеңишке жетишерине ишенишпейт. Мына ушундай шартта панджшердегилерге биротоло артыкчылык берип, аларды абадан колдой баштаган держава да болушу, ал убагы келгиче өзүн ачыкка чыгарбай турганды оң көрүшү да мүмкүн. Белгисиз учактардын сырын ушуну менен гана түшүндүрүүгө болот. Демек, кайсыл бир маалымат каражаты билдиргендей, Ооганстандагы чоң оюн бүткөн жок, биринчи бөлүгү аяктаган менен анын экинчи сериясы эми башталганы жатат. Анын эмне менен жыйынтыкталарын эч ким билбейт.

Тынчтыкбек  Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити