Көз карандысыздык күнүнүн 30 жылдыгын утурлай

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров КР Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин жыйынында өлкө алдындагы сыноолорго токтолуп жатып: “Туруктуу экономика, бизнес түзүмдөрдүн ачык айкын иштеши, ишкерчиликти өнүктүрүү биздин өлкөнү жаркын келечекке жеткире турган ачкыч болуп саналат. Мындан ары ишкерлерге карата жасалуучу укукка жатпаган аракеттерге катуу бөгөт коебуз. Эң башкысы – биз ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого болгон аракетибизди жумшайбыз. Мен ар бир инвесторду коргойм жана колдоого алам!”,- деп айткан эле.

Жашырганда эмне, соңку жылдарда өлкөдө орун алып жаткан коомдук-саясий башаламандыктар инвесторлорду чочутуп, көбү эми ишке аша баштаган долбоорун да жыйыштырып чыгып кеткен учурлар жүз алууда. Муну 2020-жылдын октябрында өткөн окуялар дагы бир жолу далилдеди. Бир канча тоо-кен ишканалары тыптыйпыл талкаланып, таланып-тонолду, иши токтоду.

Олуттуу сыноолорго туруштук берүү оңой иш эмес

Боордош Казакстан Республикасынан келип Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Бозумчак жез-алтын кенин иштетип жаткан инвестор “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы Кыргызстандын 30 жылдык эгемен жаңы тарыхында өлкө түштүгүндө тээ 2007-жылдан бери туруктуу иштеп, улуттук экономиканы чыңдоого бараандуу салымын кошуп келаткан ишкана. Ал ак ниеттүүлүк менен иштеп, мамлекет, жергиликтүү коомчулук алдындагы милдеттерин кыйшаюсуз так аткарып келе жатат.    

Бул жылдар аралыгында компания Кыргызстандын казынасына миллиондогон доллар каражаттарды түшүрдү, жүздөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырды жана ашырып келе жатат. Бул компаниянын ишин үлгүлүү инвестордун портрети десек аша чаппайбыз.  

Жогорудагы айтылган олуттуу сыноодон “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы татыктуу өтө алды. Компаниянын “Бозумчак” кениндеги мүлкү ишкана жетекчилигинин, жергиликтүү бийликтердин жана компаниянын ролу жана маанисин туура түшүнгөн жергиликтүү тургундардын күч аракети менен талоонго да, талканууга да учураган жок. Ошол калабалуу күндөрдө кенге ошондо КРнын Президентин милдетин аткаруучу катары иштеп жаткан учурдагы Президент С.Жапаров да атайын келип, жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүп, анда компаниянын ишине тоскоолдук жаратпоону суранып кеткен эле. Бирок, “элдин кызыкчылыгын коргойбуз”- деген айрым бир ууч топтордун мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам “Бозумчак” тоо-кен байытуу комбинаты да ишин 3 ай бою убактылуу токтотууга аргасыз болду. Себеби компания анда иштеген кызматкерлердин коопсуздугун биринчи орунга койгондуктан, ушундай чарага барууга мажбур болду. Бирок компаниянын башкы кеңсеси бир күн да ишин токтоткон жок, жетекчилик комбинатты тез арада кайрадан ишке киргизүүнүн жолдорун тынбай издеп жатты.

Мындай кырдаалдан айланып келип эле биринчи кезекте карапайым калк жабыр тартты, анткени кенде туруктуу иштеп, жакшы айлык алып жатышкан ондогон, жүздөгөн жергиликтүү тургундар жумушунан ажырап, иштетип жаткан банктык насыяларын убагында төлөй албай, алардын үстөк пайыздары өсүп, карызга батуу коркунучуна кептелишти.

Компаниянын ишин токтотуунун кесепеттери кандай болоорун түшүнгөн эл, ак ниет активисттер кыргыз Өкмөтүнө, компаниянын жетекчилигине тынымсыз кайрылууларды жөнөтүп, тез арада комбинатты ишке киргизип берүүнү суранып жатышты. Алардын бактысына туптуура 3 айдан кийин жаңы жыл астынан комбинат кайрадан ишке кирди. Бул окуя жергиликтүү тургундарга жаңы жылдык мыкты белек болуп калды. Адамдардын сүйүнүчүндө чек жок эле.

Белгилеп кетүү керек, 2020-жылдын октябрындагы окуялар жергиликтүү калк үчүн да, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдары үчүн да, компания үчүн да чоң сабак болуп калды жана эң башкысы - ак ниет инвесторго карата элдин көз карашын кыйла өзгөрттү.  

Мындай шарттарда Кыргызстан үчүн башкы маселе - ар кандай олку-солкулуктарга карабастан салган каражатынан коркпой ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан инвесторлорго мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул жааттан алганда, президент Садыр Жапаровдун инвесторлорду коргоо боюнча бардык жоопкерчиликти жеке өзүнө алып жатканы кубандырат. Анткени, кен өндүрүүдө экологиялык жактан таптакыр зыянсыз технологияны колдонуу менен компания жергиликтүү калк арасындагы күмөн саноолорго чекит коё алды. Биздин өлкө үчүн бул өтө маанилүү нерсе, себеп дегенде учурда улутташтырылып жаткан “Кумтөр” кениндеги экологиянын жалпы абалы чындыгында кандай экенин эми гана көрүп жатабыз. Мөңгүлөр талкаланып, айлана-чөйрөгө эбегейсиз ири зыян келтирилгенин Мамлекеттик комиссия толугу менен изилдеп чыгып кашкайган далилдер менен тастыктады. Мындан улам коомчулук жалпы эл Жараткан энчилеген табиятыбызга өтө кылдат, сак мамиле жасоону биринчи орунга коюуда.

Бул жааттан алып караганда, “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын так сактап, аны менен кошо кен казылып жаткан аймакты рекультивациялоо саясатын да ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат. Жашылдандыруу иштери комбинаттын аймагында жыл бою тынымсыз жүргүзүлүүдө. Буга чейин тийиштүү кызматтардын текшерүүлөрүнөн туруктуу өтүп келаткан компаниянын дарегине бул боюнча бир да олуттуу доомат айтыла элек.

Сыноо демекчи, компания октябрь окуяларынан мурда дагы бир олуттуу сыноо - өлкө боюнча кулачын жайган коронавирус пандемиясы учурунда да четте калбай, жергиликтүү калкка, областтын элине алгачкылардан болуп жардам колун сунду. Өлкө боюнча чукул кырдаал киргизилгенде башка компаниялар аргасыздан ишин токтотуп, кызматкерлерин кыскартууга, убактылуу эс алууга жөнөткөн шарттарда компания өндүрүштү бир күн да токтотпой, комбинат кадимкидей иштеп, жумушчулар айлык акыларын үзгүлтүксүз алып турушту. Бүгүнкү күнгө чейин “Бозумчак” ТБКда иштегендердин арасынан коронавирус илдетине чалдыккан же жугузган учурлар каттала элек.

Ошондой эле компания ушул жылдын апрель-май айларында Баткен элинин башына түшкөн каргашалуу кырсыктан - чек арадагы кагылышуудан жабыр тарткан тургундарга да жардам колун сунду. Бул иштер компаниянын бизнестин социалдык жоопкерчилигин терең түшүнгөндүгүн айгинелеп турат.    

Компаниянын заманбап тоо-кен комбинатын ишке киргизүүсү - өлкөнүн эгемен тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды

Кыргызстандын жаңы эгемен тарыхында “Бозумчак” тоо-кен байытуу комбинаты сыяктуу жогорку деңгээлдеги, бардык эл аралык стандарттарга жооп берген тоо-кен ишканасы курула элек болчу. Мындай ишкананы “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы идиректүү жетекчи, жогорку деңгээлдеги менеджер И.В.Тулекеевдин жетекчилиги астында куруп бүтүп, 2015-жылдын 1-августунда ишке киргизди. Бул республиканын тоо-кен тармагындагы жана өлкө турмушундагы эң көрүнүктүү окуялардын бири болуп калды. Анткени бул компания тарабынан Кыргызстан эгемендик алгандан бери өткөн жыйырма беш жыл ичинде ишке киргизилген алгачкы ири өндүрүш болду. Бүгүнкү күндө “Бозумчак” долбоору өлкө экономикасын өнүктүрүүгө реалдуу салымын кошууда.   Компания  мамлекет жана эл алдындагы социалдык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып келе жатат, бүгүнкү күнгө ондогон, жүздөгөн социалдык долбоорлор ишке ашты, ишкана социалдык багыттагы ишмердүүлүгүн мындан ары да жигердүү улантууда. Эң соңку технологиялар менен жабдылган “Бозумчак” тоо-кен байытуу комбинатында жалпысынан минден ашык адам эмгектенет, алардын 97 пайызы Кыргызстандын жарандары. Мунун ичинде кенге жакын жайгашкан айылдардан барып иштегендердин үлүшү 40 пайыздан ашыкты түзөт. Баса, айта кетели, комбинатка жумушка кабыл алууда башкы директор И.В.Тулекеевдин атайын буйругу менен жергиликтүү тургундарга артыкчылык берилген. Мындан тышкары, компания эки айылдын жону жука үй-бүлөлөрүнөн чыккан жөндөмдүү балдарды Бишкектин техникалык жогорку окуу жайларында өз эсебинен окутууда, алардын алды азыр кенге кайра келип иштеп жатышат. Мындан көрүнүп тургандай, компания жергиликтүү калк үчүн эки ири социалдык маселени - жумуш менен камсыздоо жана кадр өстүрүү маселесин да ийгиликтүү чечүүдө.

Бир кезде келечек тагдыры арсар калган Көк-Таш айыл аймагы бүгүн Кыргызстандагы эң бай аймактардын бири

Аймагында “Бозумчак” кени жайгашкан Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл аймагынын турмуш жашоосу компания келгенге чейин кыйла оор эле. Кыргызстандын эң алыскы аймактарынын катарына киргендиктен, ал таптакыр көңүл сыртында калган болчу. Анысы аз келгенсип, чек арага чектеш айыл эли электр энергиясын Өзбекстандан алгандыктан, 21-кылымда жашап туруп кадимки эле жарыктын азабын абдан тартып келишти. Кошуналар электр энергиясын кааласа 1-2 саат гана берип, каалабаса айыл эли айлап жарыксыз отурганы көндүм көрүнүш эле. Бул көйгөй да чечилди. “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясынын жетекчилери элдин абалын туура түшүнүү менен аймактын айылдарын тоо-кен байытуу комбинатынын көмөкчү электр чордонуна кошкон. Учурда айыл аймагында жарык күнү-түнү жаркырап күйүп турат.   

Дагы башка көйгөй - Көк-Таш айыл аймагын райондун борбору менен бириктире турган автожолдун жоктугунан көкташтыктар райондун борбору Ала-Букага Өзбекстандын Наманган облусунун Чуст шаары аркылуу катташчу. Айылдыктардын суроо-талабын жакшы түшүнгөн компания кыска убакыт ичинде жалпы узундугу 24,5 чакырымдык автомобиль жолун куруп берип, катнаш көйгөйүн да толугу менен чечип берди.

Бүгүнкү күндө компания келгенге чейинки жылдык бюджети 1 миллионго жетип жетпеген Көк-Таш учурда 80 миллион сомго жакын бюджети бар Кыргызстандын эң бай айыл өкмөтүнө айланды. Башка айыл аймактары каражатты кантип, кайдан табуу керек деген маселе менен баш оорутса, Көк-Таш айыл аймагы болсо каражатты кайда жумшоо керек деген маселе менен гана алектенип калды. Канткен күндө да түшүп жаткан каражаттар Көк-Таш элинин керегине жарап, карапайым адамдардын турмуш жашоосунун жакшырышына кызмат кылса экен...

Бул ийгиликтерге жетишүү оңой болгон жок. Анын сыры - компанияны мыкты заманбап менеджер, көп улуттуу жогорку деңгээлдеги профессионалдардын командасын топтой билген Ильяс Валерьевич Тулекеевдей инсан жетектеп турганында. Айткан убадасына дайыма бекем турган, көздөгөн максатынан тайбаган, жергиликтүү элдин көйгөйүн жакшы билген, карапайым адамдарга дайыма ачык, ошонусу менен элдин ишенимине жана урматына татыган бул Инсан учурда кенге танапташ Көк-Таш менен Көк-Серектин, Ала-Буканын кадырлуу уулу болуп калды десек аша чаппайбыз.

Жыйынтыктап айтаарыбыз - жакынкы күндөрдө белгилене турган жалпы улуттук майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык торколуу маарекесин “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы мыкты жетишкендиктер, жарык жүз менен тосуп алууда.

Бахтияр Шаматов

Булак: “Майдан.kg” гезити